Аймак

ОШ ШААРЫНЫН ТАРЫХЫ ТЕРЕҢДЕ

ОШ  ШААРЫНЫН ТАРЫХЫ ТЕРЕҢДЕ

 49,422 Бардыгы /

Тарых илимдеринин доктору, профессор Байболот Абытов үч миң жылдык тарыхы бар байыркы Ош шаарынын акыркы миң жылдык тарыхын ар тараптан иликтөөгө алган белгилүү окумуштуу. 1962-ж. Ош областынын Кара-Кулжа районунун Чалма айылында туулган. Тарых илимдеринин доктору, профессор. Жалаң Ош шаары, Оштун чыгаан инсандары жөнүндө 100 ашык илимий эмгектери бар.

Ош – Борбордук Азия чөлкөмүндөгү эң байыркы шаарлардын бири. Өзүнүн тарыхый географиялык жактан маанилүү жерде жайгашкандыгына байланыштуу байыртадан эле континенттер аралык байыркы Улуу жибек жолунун чордонунан орун алган. Мындай мүмкүнчүлүк Ош шаарын байыркы дүйнөдөгү ири соода, социалдык-экономикалык, материалдык жана маданий борборго айланткан. Байыркы Ош шаары ар түрдүү маданияттарды, цивилизациянын үлгүлөрүн камтыган Улуу жибек жолунун боюнда жайгашып, көптөгөн мыкты үлгүлөрдү өзүнө сиңирип жана башка чөлкөмдөргө таркаткан.
Байыркы Оштун дагы бир өзгөчөлүгү шаардын так ортосунда аскердик, стратегияялык зор мааниге ээ табигый маяк – азыркы Сулайман тоосунун жайгашкандыгын баса белгилей кетүү абзел.
Байыркы Ош шаары жана Ош оазиси көптөгөн кылымдар бою бир катар индоевропалыктар, ирандыктар, түрктөр, монголдор сыяктуу ири этностордун кызыкчылыгы аралашкан шаар болгону да талашсыз. Ошол эле кезде байыркы Ош шаары бир эле учурда зороастризм, буддизм, христианство жана ислам сыяктуу ири диндердин тынчтыкта өкүм сүрүшүнүн үлгүсү болсо, бирде алардын кырчылдашкан, кыргын коштогон келишпестиктринин да аренасы болгону тарыхый чындык.
Баса, байыркы Ош шаары жөнүндө кеңири маалыматтарды археологиялык казуулардын табылгалар тастыктап турат. Эң байыркы Ош шаарынын орду азыркы Сулайман тоосунун күн чыгыш этегинде, тоону капталдата жайгашкан болсо, монголдор дооруна чейинки Ош шаары азыркы Төлөйкөн айылына кире бериштеги «Барчын» пионер лагеринин артындагы дөңдө жайгашканын айта кетүү абзел. Кийинчэрээ орто кылымдарда гана негизинен азыркы ордун ээлеген шаар болгон. Атактуу султан Бабур дал ошол Сулайман тоонун – ал кездеги аталышы Бара кух тоосунун этегинде (фарсиден которгондо өзүнчө турган сулуу тоо дегенди туйундурат – авт.) жайгашкан Фергана чөлкөмүнүн кооз шаарларынын бири Ош шаары жөнүндө маалыматтарды калтырган.
Ош шаарынын иликтөөчүлөрүнүн катарына араб, перс окумуштууларын, тарыхчыларын, саякатчыларын кошууга болот. Эң кызыгы, алардын арасында дүйнөнү дүңгүрөткөн кадимки Абу Касил Убайдуллах ибн Абдаллах ибн Хордадбек, Абу Бакр Ахмад ибн Мухаммад ибн Исхак аль Хамадани (илимий чөйрөдө ибн аль Факих деген ат менен таанымал), Абу Исхак Ибрахим ибн Мухаммад аль Истахри, Абу-л-Касим ибн Хаукал ан Насиби, Шамс ад-дин Абу Абдаллах Мухаммад ибн Ахмад ибн Абу Бакр аль Банна аль Мукаддаси (Макдиси – авт.), Наджим Хамадани, ошондой эле белгисиз автор тарабынан түзүлгөн фарси тилиндеги «Ки-таб худуд-ал алам мин аль-Машрик ила-л-Магриб» – «Чыгыштан батышты карай дүйнө чектери» аттуу ж.б. эмгектерде ушул эле биздин Ош шаары жөнүндө маанилүү тарыхый-географиялык, аскредик-стратегиялык, соода, социалдык-экономикалык, маданий тариздеги көптөгөн малыматтар кездешет. Булардын кээ бирлери өздөрү бул жакка келип өз көзү менен көргөнүн жазышса, кээ бирлери башка саякатчылардан, ар түрдүү тыңчылардан, содагерлерден укканын жазып калтырышкан. Андан кийинки жоон топ тарыхый булактар европалык, айрыкча орус авторлоруна таандык.

– Орто кылымдарда Оштон бир топ даанышман аалымдар, ойчулдар, теологдор, ислам мыймачылары, чыгаан акындар чыкканы тарыхый чындык. Алардын катарында кадимки Али ибн Осман бин Мухаммед ибн Сулейман эт Телий эл Оший эл Фергани, Омар ибн Муса аль Оши, Мансур аль Оши, анын балдары Имран и Масуд, Мухаммад ибн Али ибн Хамид Абу Абдаллах аль Оши, белгилүү имам, Фергана өрөөнүнүн муфтийи, даанышман теолог, ислам укук таануучусу Шейх-уль-ислам Насуриддин Абу Мухаммед бин Сулейман эл Оши ж.б. Булардын эң белгилүүсү жана беделдүүсү «ишеним нуру» атка конуп, мусулмандар дүйнөсүнө Сиражуддин деген каймана ат менен атагы чыккан, XII кылымда өмүр сүргөн Али ибн Осман болуп эсептелет. Анын «Фетави Сиражите» же «Сиражуд-диндин фатвасы» деген кол жазмасы 1827-ж. Калькуттада жарык көрүп, ал эми 1915-ж. Англияда кайрадан басылып чыккан. Ош же Кыргызстан эле эмес, бүткүл Орто Азия элдеринин ичинен орто кылымдардагы атактуу Багдад библиотекасында кол жазмасы сакталган башка инсандар жокко эсе. Албетте мындай инсандарыбызды көптөгөн шаардыктарыбыз, азыркы муундар биле бербейт. Ал эми Мухаммад ибн Ахмад ибн Али ибн Хамид Абу Абдаллах аль Оши чыгаан теолог, окумуштуу катары, ошол кездеги ири илимий борбор кадимки Багдаддын илимий чөйрөсүнө таанымал болуп, ал жакта лекцияларды окуганы биз үчүн зор сыймык.
– Кыргыз элинин тарыхына өз орду, өз салмагы бар Оштон чыккан бир топ чыгаан инсандарды убагында көп иликтеп, дурус натыйжаларды чыгара алдык. Оштун тарыхы бир катар чыгаан инсандардын, кыргыз элинин абройлуу башчылары, омоктуу ойлору, жүйөлүү пикирлери, натыйжалуу иштери менен элибиздин, жергебиздин тарыхый, саясий аренасында жигердүү из калтырган тарыхый инсандардын аттары менен тыгыз байланышта болгону чын. Булар кадимки Кубат бий, Ажы бий, Алымбек датка, Мусулманкул миңбашы, Нүзүп бий, Курманжан датка, Полот хан, Абдылдабек, Камчыбек ж.б.
Кокон хандыгынын доорунда Ош шаары кыргыздардын эле эмес, бүткүл Кокон хандыгынын ири саясий, социалдык-экономикалык жана администартивдик борбору болгону талашсыз факт. Кадимки Алымбек датка Кокондун Мала ханы тарабынан 32 жашында 1832-ж. Анжиян вилайетине бек болуп дайындалгандан кийин, вилайеттин саясий-административдик борборун Анжияндан Ошко которгон. Натыйжада Алымбек датканын Ак ордосу (өргөсү эмес – авт.) азыркы этнографиялык борбордун ордунда эмес, учурдагы эски Алай мейманканасы, арак заводу, Шейиттер дөбөсүнүн четинде 40 боз үй орун алып, алардын так ортосунда Алымбек датканын 12 канат ак өргөсү жайгашкан. Дал ошол жерде ал, кийинчерээк Курманжан датка көптөгөн кадырлуу конокторду, абройлуу чиновниктерди, элчилерди, саякатчыларды кабыл алышып, көптөгөн тарыхый, саясий, социалдык-экономикалык маселелерди чечип турушкан. Алымбек датка тегин жерден атайын шаардын так ортосуна өзүнүн Ак ордосун жайгаштырган эмес. Ош байыртадан эле кыргыздардан тарыхый, саясий, административдик борбору катары таанылып, тээ мурдатан Кубат бий, Ажы бийдин доорлорунда эле жогорудагы таризде пайдаланылып келгени талашсыз.
Алымбек датка кутумчулар тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин, 1862-65-жылга чейин Ош шаарын анан бакма баласы Жаркынбай бийлеп турган, азыркыча айтканда мэр болгон. Жаркынбай 1865-ж. орус-кокон согушунда Ташкенттин жанында курман болгон. Жаркынбай курман болгондон кийин Ош вилайетинин беги, башчысы болуп Худаяр хан кадимки Алымбек датканын тун уулу Абдылдабекти дайындаганын, ал 1865-75-жж. бул милдетти аткарганын да көпчүлүк толук биле бербейт.
Дал ушул Ош шаарында Кокон ханы Худояр жана Бухара эмири Саид Музаффар-Эддин Курманжанга датка наамын ыйгарышкан. Эл башчысы катары Курманжан датка Ош шаарында 1894-ж. Камчыбек дарга асылганга чейин өз ишмердүүлүгүн улантып, Алымбектин Ак ордосунда ээлик кылып келген.

– Алымбек датка менен Курманжан датка беш уулдуу болушкан. Алар Абдылдабек (1837-1876-жж.), Баатырбек (1939-1985-жж.), Маамытбек (1843-1913-жж.), Асанбек (1849-1909-жж.) жана Камчыбек (1852-1895-жж.). Бекер жеринен орус генерал-лей-тенанты Н. Корольков «Курманжан датканын балдары Ош уездин башкаруу администарциясында манилүү ролдорду ойношуп, ал жердеги 4-5 болуштуктун башчысы, дал ошол Алымбековдордон болушкан» – деп айтпаса керерк (ЦГА РУЗ. – Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 3555. Л.2-3; ООГАПД. – Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 78, 96). Чындап эле Кокон хандыгы, андан кийинки Орус империясынын тушунда Алымбек датка менен Кур-манжан датканын балдары жергиликтүү бийлик эгедерлери болушкан. Тагыраак айтканда Батырбек – Булак-Башы болуштугунун болушу (волостная старши¬на – авт.), Асанбек – Ноокат болуштугунун, Маамытбек – Гүлчө, Карабек (небереси – авт.) – Ак-Буура болуштугунун болушу болушкан (ЦГА РУЗ. – Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 3555. Л.2-3; ООГАПД. – Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 78, 96).
Эл арасында Камчыбек, анын түрмөсү жөнүндө аңыз кеп бар, ал тегин жерден эмес. Тарыхый чындыкка кайрылсак мындай. Камчыбек жогоруда айтылгандай даткалардын кенже уулу. Жаштайынан тың чыккан Камчыбек баралына жеткенде Улуу Жибек жолун бойлото, Ошто, Анжиянда, Ферганада жана жакынкы, алыскы чөлкөмдөрдө соода-сатык иштери менен да алек болгон. 1894-ж. «Камчыбектин иши», орус расмий бийликтеринде «дело Камчыбека Алымбек уулу» – «Дело об убийстве таможенного обөездчика Боровкова и трех стражников в Ошском уезде» – деген пайда болгон. Окуя Эркештам чек арасынын бажычылары аткезчилик кылдыңар деп, куру доомат кылгандан кийин төртөөнү тең өлтүрүп, тоо арасына көөмп ташташат. Көп өтпөй бул окуя кимдин колунан болгонун билген орус бийликтери жергиликтүү элге сабак болсун үчүн, керек болсо абройлуу даткалардын да балдарын аябайбыз таризинде атайын эл алдында катуу жазалоону максакт кылышып, уюштурушкан. Көзү тирүү Курманжан датканын орус генерал-губернаторлоруна, бийлик эгедерлерине көптөгөн кайрылуулары көнүл чордонунан сыртта калып, натыйжада Камчыбек, Акбалбан баш болгон 9 адам өлүм жазасына (ЦГА РУЗ. -Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 13587. Л.23-24, 34-35; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 21), 6 адам каторгага сүргүнгө айдалуу чечими чыккан. Алардын арасында даткалардын уулдары Мамытбек, Асанбек жана небереси Мырзапаяз да болгон. 11 адам акталып чыккан (ЦГА РУЗ. -Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 13587. Л.23-24; ООГАПД. -Ф.50. Оп. 1. Д.112. Л. 28.).
Ошол Камчыбек соода-сатык кылгандрага пайдасы тийсин деп, илгерки салтты улап атайын мейманкана – кербен сарай салдырган. Ал мейманкана бышык кирпичтен калыңдап салынып, азыркы шаардын ортосудагы, шаардык ички иштер бөлүмүнүн, УКМК областтык башкармалыгынын жанында жайгашкан убактылуу кармоочу жай (СИЗО). Баса белгилей кетчү жагдай, дал ошол мейманкана бүткөндө Камчыбек аны апасына көрсөтүп, кадырлуу Курманжан датканын батасын алып, элге кызматка берээрде энеси бир сыйра кыдырып көрүп, өз сынынан өткөрүп «…Балам мейманканаң өтө калың, кенен жана терең болуп, түрмөгө окшоп калыптыр» – деген экен деп эл арасында аңыз кеп бар экени чындык. Мындай сөздөрдү биз бала чакта чоң атабыздан, абаларыбыздан көп эле укканбыз. Канчалык деңгээлде Курманжан датка мындай сөз айтканы белгисиз, так жазма маалыматтар жок. Менимче буга негиз, кийинчерээк, Камчыбек дарга асылгандан кийин анын атын биротоло өчүрүш максатында, орус бийликтери жана Кеңеш өкмөтү дал ошол Камчыбектин мейманканасын мейманкана катары эмес, түрмөгө ылайыктап, ошондой мекемеге айлантканы да болушу ыктымал.
Айтор. мен эми акыркы 20 жылдан бери Ош шаарынын тарыхын тиешелүү деңгээлде илимий иликтөөлөр аркылуу тактап, көптөөгөн макалаларды жана китептерди кыргыз, орус, англис, кытай, фарси, түрк, тажик, түркмөн, поляк жазып жарыкка чыгардым. Бул кашкайган чындык. Биринчи иретте аларды элим, жерим, өзүбүз жашап, иштеп жаткан шаарыбызга кызматым деп билем. Ооба, чындап эле Ош шаарынын миң жылдык тарыхын иликтеп кыргыз тарых намэсинде жаңы «шаар таануу» багытына жол салганым да чын. Көптөгөн тарыхый инсандарды, чыгаан саясий, мамлекеттик ишмерлерди, орто кылымдардагы Оштук аалымдарды иликтеп натыйжасын элге тартуулганым да чындык. Бирок мына акыркы 20 жылда Ош шаарында жок эле дегенде 7-8 мэр алмашканы менен бири да шаар тарыхын жазып жаткан окумуштуу катары көңүл бурушпаганы да чындык. Мүмкүн алардын баары эле өздөрү башкарган шаар тарыхы менен жакшы тааныштыгы жоктугу, Ош шарынын тарыхын кеңири таркатууга кызыкпагандыктарынан болушу мүмкүн. Адатта башка мамлекеттерде, мындай ири шаарлардын тарыхы иликтеп жазган окумуштуулар, көп учурда ошол шаарларды ардактуу атуулу болуп калышат. Тилекке каршы бизде мындай практика жок. Убагында мындай жагдай эске деле келген эмес.

Сүрөттөр авттордун жеке архивинен алынды.

Французский востоковед Поль Пеллио, Курманжан Датка, ең внук, Густав Маннергейм
Абдылдабек Алымбек уулу
Ак медресе Алымбек-датки





Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17