Аймак

Дүйшөн САТЫБАЛДИЕВ: “Кыргызстандагы паспорттоштуруу системасы толук бойдон автоматташтырылганда гана, коррупциянын аягы кан буугандай тыйылат”

 1,760 Бардыгы /

Кыргызстан боюнча жыл сайын жарым миллион адам ID кардын (ички паспортун) улам жаңылап турат. Ошол себептүү өлкө жакынкы жылдарда документтерди толук түрдө автоматташтырып, ыкчам алмашуу жолуна түшүүгө аргасыз. Дал ушинтип эми көп көйгөйлөр жеринде жана эч кандай тааныш-билишчиликсиз, ошондой эле коррупциясыз чечилмекчи. Бул туурасында Кыргыз Өкмөтүнө караштуу калкты жана жарандык актыларды каттоо департаментинин жетекчиси Дүйшөн Туйбасович САТЫБАЛДИЕВ курган маегинде ачыктады.

– Дүйшөн мырза, биздеги акыркы маалыматтарга караганда, ушул тапта 25 миңдей кыргызстандык ID кард (жарандык ички паспорт) алуу үчүн дагыле кезекте турушат экен. Деги мунун канчасы алыскы түштүк жергесинин (Баткен, Жалал-Абад, Ош) тургундары? Мына алдыда Жогорку Кеңештин шайлоосу жакындап келатат. Баса, кокус үлгүрбөй калсаңыздар, ошо мезгилде булардын тагдыры кантет, ыя?

– Биздин эсебибизде, Кыргызстан боюнча жыл сайын 500 миндей адам ID кард алып турушат. Булардын басымдуу бөлүгү Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Ош шаарынын тургундары. Чынында, Кыргыз Өкмөтүнө караштуу калкты жана жарандык актыларды каттоо департаментине өз маалында кайрылып, тийиштүү документтерин толук толтуруп тапшырышса, бизге алар анчалык деле проблема жаратышпайт. Ошсентсе да, танып не, анча-мынча кемчиликтерден куру эмеспиз. Муну жаап-жашыруунун эч кандай кажети жок. Бул өксүктү дагы чукул арада иш жараяныбыздан четтетебиз деген терең ишеничтемин.
Анткеним, Жогорку Кеңешке шайлоолордун дал астында Кыргыз Өкмөтү бизге тиешелүү өңүттө чоң реформа жасоого чындап белсенбедиби. Бул демилгени мындан ары жана чукул аралыкта ийгиликтүү жүзөгө ашырууга түздөн-түз көмөктөшүүбүз абзел. Чынында, көралбастыкка салып мындай мыкты саамалыкка бут тоскондор дагыле жок эмес! Ыя айланайындар, эскини эңсөө кажетсиз,эй! Ага кайрылуу – апендинин иши. Андан көрө өнүккөн өлкөлөрдүн мыкты тажрыйбаларын чукул арада кынтыксыз өздөштүрүүбүз жана каныбызга бара-бара толук сиңирүүбүз кажет. Ансыз дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин чаңында, мындайча айтканда, Кыргызстан көч артында калып кетип, ошондо таза шерменде жана ит болобуз!
Мына, куда буюрса, жакынкы эле жылдарда автоматташтырылган документ (биометриялык паспорт) нугуна биротоло түшөбүз. Ошондо көп көйгөйлөр дароо жеринде жана эч кандай тааныш-билишчиликсиз, коррупциясыз эле жакшынакай чекесинен чечилет. Ар кандай документтерди бачым алуунун жол-жобосу секин жөнөкөйлөштүрүлүп, мөөнөтү жана түйшүгү дагы кыскарат, анан жеңилдейт. Көрөсүңөр го, кайран эл акырында санаадан заматта арылып, жыргап эле калат. Албетте, мунун бардыгы барып-барып каржы маселесине такалат деңизчи. Бул олуттуу көйгөйдү Кыргыз Өкмөтү чукул арада жөнгө салат деген өтө терең ишеничте турабыз.

– Биздин билишибизче, акыркы мезгилде түштүк
жергесинен Бишкекке толтуруп жөнөткөн документтерди борбордогулар таптакыр кабыл алышпай, дароо эле үргүлжүм артына кайтарып жатышыптыр. Мунун негизги жүйөөсү эмнеде? Дегеле маселени чукул арада нукка салып, өлкөбүздө ансыз деле күн өткөн сайын курчуп бараткан коомдук-саясий чыңалууну азырынча убактылуу басаңдатуу иретинде ушуга дейре кыргызстандыктарды паспорт менен үзгүлтүксүз камсыз эткен “Интел Линкс” жеке компаниясы менен келишимди убактылуу болсо дагы узартып турууга болбойт беле?

– Албетте, жанагыл сиз козгогон маалыматттар чындыкка
таптакыр коошпойт. Дегеним, жарандарыбыз азыр деле күн кур эмес паспорт алып жатышат. Бирок, арийне, айрым убакта майда, тескерисинче, маанилүү көйгөйлөрдөн чындап куру эмеспиз. Бул жагдай көбүнэсе өндүрүшкө абдан тыгыз байланышкан. Кээде программалык жана техникалык себептер ишибизге кадимкидей жолтоолук кылып жатканы чын. Ушул тапта мунун баары секин жөнгө салынып, биротоло нукка түшүрүлдү.
Жалпыга маалым, ары-бери таза талашып-тартышып жатып кыргызстандыктарды паспорт менен үзгүлтүксүз камсыз эткен “Интел Линкс” жеке компаниясы менен келишимди биротоло үзүп, акыры паспортту жекелештирүү борборун Кыргыз Өкмөтүнө караштуу ишканага айландырганбыз. Ошондуктан, мурдагы программа менен кийинкисинин айырмачылыктарын жоюу гана бир аз убакытты жана чоң түйшүктү талап кылды. Азыр мунун, кыйынчылыктын, баары артта калды. Чыдадык, бирок, акыры жеңдик, эй!

– Айтсаңыз, Кыргыз бийлигинин өз жарандарына
мындай кошкөңүл жана тоңмоюн мамилеси парламенттик шайлоолордун алдында бара-бара нааразычылыктын чоң толкунун жаратып, ири социалдык жарылууга түртпөс бекен?
– Суроону кабыргасынан койдуңуз да. Тилекке каршы,
бардык көйгөй ушул тапта бүтүндөй өлкөбүздө жана аймактарда, Сиз ойлогондой, анчалык курч эмес. Жана айтпадымбы, азыркыдан дагы катаал жана абдан татаал убактар моминтип артта калды. Эми алдыда бизде жан үрөп иштөө гана керек. Антпесек, чогулган көйгөйлөр башыбызды баары бир көтөртпөйт.
– Кыргыз Өкмөтүнүн мурдагы башчысы Жантөрө
Сатыбалдиев массалык маалымат каражаттарына курган акыркы маегинде “Паспорт белендөөчү калкты персонификациялоо боюнча мамлекеттик борборду чукул арада ишке киргизебиз!” деп абдан катуу убада кылды эле. Андан бери Өкмөт курамы толук бойдон жаңыланды. Дегеле, биздин баамыбызда, жылыштын жышааны байкалбайт го. Баса, Сиздин оюңузча, кыска аралыкта керектүү документтерди, айрыкча жарандык паспортторду байма-бай баскан заманбап жабдыктарды Кыргызстандын өзүнө деле орнотууга неге үлгүрбөдүңүздөр?

– Жана айтпадымбы. Бүгүн паспортторду жекелештирүү
Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик ишкананын карамагына толук бойдон өткөрүлүп берилди. Ошентип, мындан ары мамлекеттик маанидеги ар кандай документтерди өзүбүздө гана бастырганга толук мүмкүнчүлүк бар. Ошентсе да, аларга керектүү материалдарды баары бир сырттан, чет өлкөлөрдөн ташып келүүгө мажбурбуз. Бизди өкүндүргөнү: мына, Кыргызстанда баа күн сайын өсүп атат. Бирок, бул маселени жөнгө салуунун жолун дагы да терең иликтеп атабыз. Айла таптакыр куруганда, ушундай баалуу документтерди туруктуу баскан фабриканы өзүбүздө, Кыргызстанда, курсак болчудай. Бирок, анын курулушу, албетте, абдан кымбатка түшөт экен. Бирок, бир чыгынып ишкананы Кыргызстанда өзүбүз тикелесек, кийин таптакыр кыйналбайт элек.

– Баса, Сиз акыркы мезгилде “Паспорт тармагы
Кыргызстандагы эң коррупциялашкан мекемеге айланды” деп канкакшагандарга кошуласызбы? Анткени, Кыргызстандын паспорту айрым чет өлкөлөрдүн, маселен, а түгүл Кыргызстанга кол салган Өзбекстандын террорчул жарандарынын чөнтөктөрүнөн деле табылып жатпайбы. Буга эмне дээр элеңиз?

– Паспорт тармагындагы коррупцияны кыскартуу бул аталган
тармакты реформалоого толук бойдон көз каранды. Учурда дал ушул көйгөйдүн үстүндө абдан жана тынымсыз баш оорутуп, анын айланасында абдан дыкаат иштеп атабыз. Мен азыр ишеничтүү айта алам, дал ушул тапта мурдагыга салыштырганда биздин тармакта коррупциянын тамыры кыйла кыркылды. Паспорттоштурууну толук түрдө автоматташтырууга өткөргөндө гана, мындай арам аракеттердин аягы биротоло тыйылат.
Ушул тапта айрым жарандар, анын ичинде чет өлкөлүктөр мыйзамсыз алынган Кыргыз паспорттору менен жүрүшпөйбү. Аны тануу кажетсиз. Анткени, ал документтерде эч кандай коргонуу элементтери жок экен. Ошондуктан, айрым адамдарга капысынан кимдир бирөөлөр аркылуу берилип кеткенин тана албайбыз. Муну үчүн кээ бир жооптуу кызматкерлерибизге өз убагында катаал чаралар көрүлгөн.

– Дүйшөн мырза, мамлекеттик каттоо кызматынын
мурдагы төрагасы Эрлан Сапарбаев мырза Кыргызстандагы паспорт кризисинен убактылуу кутулуу максатында 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттордун мөөнөтүн узартууну сунуш этти эле. Сиз чыныгы адис сыңары ушундай демилгеге кошулаар белеңиз?

– Бул, албетте, таптакыр туура эмес! Тескерисинче, эски үлгүдөгү паспорттордон мүмкүнчүлүккө жараша эртерээк арылышыбыз кажет. Анткени, анын проблемалары толтура экенин көрүп жатпайсыздарбы. Дагы кайталасам ашыкчалык кылбас, Кыргызстандагы паспорттоштуруу системасы толук бойдон автоматташтырылганда гана, коррупциянын аягы кан буугандай тыйылат.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ: САТЫБАЛДИЕВ Дүйшөн Туйбасович 1968-жылы туулган. Бишкектеги Кыргыз архитектуралык курулуш институтун, Москвадагы Орусиянын дипломатиялык Академиясын бүтүргөн. Учурда Москва шаарындагы жаштар институтунун аспиранты. Ушул тапта Кыргыз Өкмөтүнө караштуу калкты жана жарандык актыларды каттоо департаментинин жетектейт.
Буга дейре Кыргыз Республкасынын мамлекеттик катчысынын жана Жогорку Кеңештин төрагасынын жардамчысы болуп эмгектенген. 2010-жылдагы Апрель ынкылабынын Баатыры. Англис жана немис тилдеринде кадимкидей түш жоруйт.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ,

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17