Аймак

АЖЫНЫН ДЕМИЛГЕСИ

АЖЫНЫН ДЕМИЛГЕСИ

 3,150 Бардыгы /

Кесибиме байланыштуу жер кезип келе жатып, жапалдаш бойлуу, нурлуу жүзүнө сакалы жарашкан адам менен таанышып калдым. Эки жолу ажылык сапарын карыткан Иса тегин Казыбек ажы экен. Көркөм өнөр дүйнөсүнө аралашып, Бишкек шаарындагы көркөм сүрөт окуу жайын аяктап, Ленин районунун Москва колхозунда сүрөтчү-дизайнер болуп эмгектенет. Совет мамлекети урагандан кийин «Мурас» кичи ишканасын ачып үй-бүлөлүк негизде элге кызмат көрсөтөт. Кийинчерээк экинчи кесиби болгон айдоочулукка өтүп, ар кандай фирмалар менен келишим түзүп, эл чарба азыктарын Казакстан Республикасына, Россия Федерациясына жеткирип жол кесип жүргөн. Токтогул районунун белесиндеги ашуудагы, кан жолго катарлаш, турган коомдук-саясый ишмер, Абды Сүйөркуловдун эстегилине түшүп, арбагына багыштап куран окуп дуба кылып. Мен дагы элимдин эсинде калар эмгек жасап өтсөм! – деп тилек кылчу экен. Ошол тилеги тууралуу жол катар баарлашып айтып келип, киндик каны тамып балалыгы өткөн, жети атасы жайлаган Базар-Коргон районунун Бел-терек (Жапаш) айылы тууралуу баянга өттүк.

Сүрөттө: Казыбек ажы

БЕЛ-ТЕРЕК  АЙЫЛЫ ТАРЫХЫНАН:

Базар-Коргон районунун Арсланбап айыл өкмөтүнө караштуу айыл. Мурунку кыштак, азыркы Бел-Терек айылы 1936-жылы негизделген. Райондун борборунан 55 километр аралыкта, түндүк чыгыш тарапта, деңиз деңгээлинен 1400-2000 метр бийиктикте. Бабаш-Ата кырка тоосунун түштүк-чыгыш этегинде жайгашкан.

Совет мамлекетинин алгачкы мезгилдеринде 1944-жылы Жалал-Абад облусунун курамындагы Ачы райондук административдик аймагында болгон. 1948-жылы уюшулган М.С.Киров атындагы жаңгак совхозуна караган. Кырк сегизинчи жылга чейин Каң-Тоңду, кийинчерээк Алиев атындагы колхоз болуп турган.

1954-жылы Ачы району жоюлуп, Базар-Коргон району аталып, Бел-Терек айылы административдик аймагына кирген. Учурда Базар-Коргон районуна караган Бел-Терек айылында 250 түтүн 2000гө жакын калк өмүр кечирип келүүдө.

ТУРМУШ ТИРИЧИЛИГИ

Калк негизинен жаңгак токойунан алынган түшүм, дыйканчылык, мал чарбачылык менен жашоосун өткөрүшөт. Айылда фельдшердик-акушердик пункт, №39 Бел-Терек орто мектеби, клуб, мечит бар. Элдерди азык-түлүк менен тейлеген жеке менчик дүкөндөр иштейт. Электр жарыгы менен камсыз болгон. Уюлдук телефон тартат.

АЙЫЛДЫН КӨКӨЙ КЕСТИ КӨЙГӨЙҮ

Иса тегин Казыбек ажы, менин журналист экендигимди билгенден кийин: – «Эл сагынбас эр болбос!» – дейт ата-журтумдагы тууган-уруктарым, айылдаштарым саяк уруусунун Чиркейинен тарагандар. Өзүм Ноокен районунун Масы айылында турак алып калдым. Бирок, ата-журтумдун көйгөйү көкүрөгүмдү өйүп келет. Өзгөчө жол маселеси экендигин айтып:

– Мен инсан, ажы катары айылымдын жол маселесин чечип берүүгө жеке каражатымды аянбайм. Айылдаштарым да орун колдон, жеңилин жерден алууга даяр турушат. Өз көзүң менен көрүп кел деген сунушун айтты.

Областагы мамлекеттик телерадио компаниясынын журналисттерин кошуп алсак жакшы болот эле!,  – деп калды. Макулдаштык. Мен, ЖМТРК жетекчиси Абдурасулов Союзбекке  кайрылсам: «Быйылкы жыл «Аймактарды өнүктүрүү» жылы жакшы болот. Биздин балдар менен чогуу барып, айылдын көйгөйүн жеринде көрүп келиңиздер!» – деди.

 ЖОЛ АЗАБЫ

Башында айтканыбыздай, Базар-Коргон районунун борборунан 55 км алыстыкта деңиз деңгээлинен 1400 – 2000 метр бийиктикте жайгашкан жаңгак токойлуу керемет жер экен. Бирок ага жетүү оңойго турбады. Райондун борборунан, Чарбак айылына чейин жеңил автоунааларыбыз менен бардык. Чарбак айылынан Бел-Терек айылына чейинки 15 км аралыкта жол көк жылгаяк, чекесинде сүрүлгөн кар адам бою. Ал аралыкты жаңгак токойлуу жолду «Нива» автоунаалары ыңылдап ыйлап бир сааттай убакытта бирин бири коштоп, сүйрөп бизди жеткирди.

ЭЛДИН КУБАНЫЧЫ

Биз айылга барып, Бекжанов Назирбектикине токтодук. Дүпүрөгөн айыл тургундары тосуп алышып, ажы тууганын, бизди алкап жатышты. Элдин маанайын түшүргөн орчундуу маселе жол экен.

– Быйыл кар аз түшүп сырткы дүйнө менен байланыш солгун болсо да эптеп кыш чилдесин чыгардык. Мындан нары күн жүрүшүп кетсе, жол ачылып калар! – дешип отурушту. Биздин үнүбүздү, демилгебизди мамлекет башкаргандарга, жергиликтүү жетекчилерге жеткирсеңиздер! деген өтүнүчтөрүн айтышты. Бел-Теректен-Чарбак айылына түшчү күңгөй беттеги жолду жөө басып өттүк. 1917-жылкы революциядан кийинки, 1930-жылдарда эл ашар ыкмасы менен салган ат араба жол экен. Оңдоп түздөсө жеңил автоунна жүрсө болчудай. Аралык 3 км түзөт. Айланма жол, Чарбактан-Бел-Терекке 15 км. Андан сырткары тескей бет, күн жерге жетпеген, жыш жаңгак токойлуу чер, көчкү жүрчү аймак. Ажынын, элдин демилгеси ошол ат араба жолду кеңейтип салса жол азабынан кутулуп калар элек, мамлекет тараптан жардам болор бекен! – дешип шыпшынышат. Мынчалык дүрбүгөн элдин чынында эле кыш айларында сырткы дүйнө менен байланышы, кар көп жааганда токтойт экен. ФАП болгону менен эки медайым иштейт, акушери жок. Ошол кар көп жааган кыш айларында азык түлүк алганы, ар кандай турмуш-тиричилик маселесинде жөө-жаландап, ат, эшек менен эски ат араба жол аркылуу Чарбак айылына 3 км түшүп келишип райондун борбору менен байлыштырган негизги жолго тогошот экен….

Биз менен Казыбек ажыкебиз кошуп алган, жол адистери да айланма жол элге азап жаратат экен! – Ушул эски ат араба жолду реконструкциялап анча-мынча өзгөртүү менен элдин көйгөйүн чечсе болот! – деген оюн билдиришти.

       Айыл тургундарынын айткандарынан:

– Базаркулов Жамгырчы

– Эң башкы маселебиз жол. Жолду салып беришсе болду. Калган маселени чечип алабыз. Ажы акебизге рахмат. Демилге көтөрүп чуркап жүрөт.

  -Тургунбаев Акбар

– Жер шартына, ыңгайына карасак, ат араба жол, күйгөй бете. Ата-бабалардын акылына тен бересин. Азыр информациялык кылымда абал ушул. Кыш башталды керең жашоо башталат. Эл кыйналды.

Бекжанов Назирбек

– Быйыл «Аймактарды өнүктүрүү» жылы жол маселесин Киров, Ачы токой чарбалары, айыл өкмөт, райондук, областык, республикалык жетекчилер көңүл бурушса. Эл, өзүбүз каржы маселесине жардам беребиз. Жаңгакка асылган электр чубалгыларын көрдүңөр. Электро монтер жок. Орустардын «отщельнигиндей» болуп калдык.

Мындай көйгөйлүү маселени өздөрү чечүүгө бел байлашкан Казыбек ажы баштаган Бел-Терек айылынын тургундарына бийлик башчылары эмне? – дээр экен. Аны убакыт «Аймактарды өнүктүрүү» жылы көрсөтөр!….

Журналисттик  чегинүү: – биздин милдет, коомдук-саясый, социалдык-экономикалык маселелерди туура, обективдүү чагылдырып, бийлик менен элдин ажырымын бекемдөө. Элдин жашоо турмушунун жакшырышына көмөк көрсөтүү.

Ооганбек Станбеков, КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, жазуучу-драматург.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17