Аймак

Манас Саматов, айыл чарба инженер-механиги, техника илимдеринин кандидаты: “БАГБАНЧЫЛЫК – АЙЫЛДЫК ҮЙ-БҮЛӨНҮН КИРЕШЕСИН АРТЫРУУНУН БУЛАГЫ”

Манас Саматов, айыл чарба инженер-механиги, техника илимдеринин кандидаты: “БАГБАНЧЫЛЫК –  АЙЫЛДЫК ҮЙ-БҮЛӨНҮН КИРЕШЕСИН АРТЫРУУНУН БУЛАГЫ”

 3,646 Бардыгы /

Өлкөбүз жашылчаларды жана мөмө жемиштерди өндүрүүгө ылайыктуу. Айыл чарбаны көтөрүү менен гана экономикабызды өстүрө алаарыбыз дайыма айтылып келет.Бул багытта керектүү кеңешин өлкөдөгү таанымал адис, айыл чарба менен багбанчылыкты мыкты билген Манас ававыз айтып берсе.

 –Манас ава быйыл “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп аталбадыбы. Сиз өнүккөн аймак же андагы жашоону кандай элестетесиз?

-Аймактарды өнүктүрүүнүн өзөктүк маани-маңызы – ар бир айылдык үй-бүлөнүн өз өндүрүшүнөн алган кирешесинин көлөмүн арттыруу болуп эсептелери анык. Кирешеси жетиштүү үй-бүлө, өз алдынча, каалагандай нукта күндөлүк турмушунун сапатын жогорулатып барууга мүмкүнчүлүк алат. Сапаттуу турак-жай салып, заманбап трактор, айыл чарба машиналарын, шаймандарын сатып алууга, талаага катташ үчүн заманбап жол тандабас машина күтүп колдонуугаөтөт. Дүйнө жүзүндө айылдыктар үчүн жакшы жашоонун калыптанган көрсөткүчтөрү белгилүү эле – кенен үй, автономиялык жылыткыч жана жарыткыч системасы менен, мончосу, бүт шарттары менен, кенен, таза короо, жандыктарды ыңгайлуу тейлөөгө ылайыкташтырылган малкана, техникаларды оңдоп түзөй турган аянтча жана чакан устакана.

-Жетиштүү турмуш кечирген коомдун мамлекетине да пайдасы болор…

-Албетте. Бакубат турмуш кечирген үй-бүлө гана салык төлөп коомдун социалдык жүктөрүн мамлекет менен, жалпы эл менен кошо көтөрүшүп жүрүүгө даяр. Бери дегенде коомдун же өкмөттүн мойнуна минип алып өз жүгүн артпайт. Киреше жок жерде салык да жок. Салыктан түшкөн каражат болмойунча социалдык көйгөйлөрдү чечүү татаалдашып отуруп социалдык чыңалууларга алып келиши мүмкүн. Айылдан башталган ички жана сырткы миграция да дал ошол киреше булактары солгун болгондуктан келип чыккан татаал көйгөйлөр.

-Айыл жерин өнүктүрүүдө мамлекеттин орду кандай болот?

Мамлекеттин милдеттери таптакыр башка – адилеттүү бийлик системасын колдонуу менен элдин коопсуздугун камсыздоо, айыл аймактарына тийшелүү инфраструктураны түзүү. Жол куруу, оңдоо ишканаларынын, бала-бакча, мектеп, ооруукана жана башка социалдык мекемелердин ишмердүүлүгүн жөнгө салып элге кынтыксыз кызмат кылуусун камсыздоо.Мына ушундай ой толгоолор ар бирибизди канткенде айылдыктардын киреше булагын арттыруунун жолдорун иликтеп изденүүгө түрткү бериш керек. Мамлекеттен үмүт этип, спонсор, инвестор күтүп же  айылдан чыккан капчыгы калың уул-кыздарыбыз келип баарын чечип берип кетишет деп карап отура бериштин келечеги жок. Эң жакшы инвестор – ошол айылдын жаштары. Алар өзүлөрүн өндүрүшчү катары сезип, жаратмандык жолуна түшкөнү оң. Өндүрүш – бул бизнес. Айыл чарба өндүрүмүн өстүрүп жетиштирүү – агробизнес! Бүгүнкү малчы-дыйкан, фермер – агробизнесмен. Менимче элден мурда биз өзүбүздүн ордубузду, өзүбүздүн тагдырыбызга карата жасаган мамилебизди так жана даана билип алгыныбыз дурус. Биринчи өзүбүздүн аң-сезимде белгилүү бир оодарыш жасап, шымаланып, көнүл коюп, кайраттуу эмгектенүүгө бел байлаганыбыз зарыл. Оңой оокат издеп шаарга качып, Сибирге жол тартып, же өзүнүздү чөлгө атып кыйнаштан мурун таман астыңызда жаткан Жер Энебиздин боорундагы берекени топтой билишти үйрөнгөнүңүз макул. Жер иштеткен адам сөзсүз анын үзүрүн көрөт, мал баккан кишинин бармагы сөзсүз майга буланат.

-Башталгыч капитал болушу керек ко бир бизнес баштоо үчүн…

-Жалпы жаштар кеңешип изденүүнү да үйрөнүшүбүз шарт. Ан үчүн кой союп же тай союп ысырапгерчиликтерге жол берип, классташ, айылдаш, уруу-уруу болуп бөлүнүп отурмай, жалаң ичип-жемей сыяктуу илдеттерди да аттап өтүп, түз жол менен сарамжалдуу, максаттуу жашоо жолун түшсөк деп тилейт элем. Ыксыз чыгашаларды кыскартсак ошондо башталгыч капиталды издебейт элек. Анткени биз бар тапканыбызды тойго, өлүмгө сапырып жатпайбызбы. Мындан сырткары жаштарыбыз ээрчимелик , жардам күтмөй ооруларынан да арылса жакшы болмок. Ал эмес жаштар өлкөнүн тагдырын өз колуна ала тургандай, жоопкерчиликти өз мойнуна ала турган мезгил келди. Боштондук алган күндөн кийин төрөлгөн балдарыбыз 27 жашка толду. Эски большевиктер элдин тагдырын өнүгүү жолуна буруп кетүүнү эптей алган жок. Кезек да, келечек да жаштардын колуңда.Өндүрүштүн негизги максаты – киреше таабуу! Өндүрүштөн тапкан адал оокат менен үй-бүлөнү татыктуу бага аласың. Эгерде бүгүнкү күндө көп жылдардан бери биз өстүрүп келе жаткан арпа-бууудай, жүгөрү сыяктуу эгин-тигиндерден алынып келе жаткан кирешебизди эсептеп, салыштырып көрсөк, мезгилден бир топ арта калганыбыз дароо көзгө урунат. Ошондуктан айылда дыйканчылыгыбыз өзүн өзү актабай калып жатат деген даттануулар көп учурайт.

-Анда айылдагы жарандарыбыз кайсы багытка инвестиция салса дейсиз?

-Картөшкө, пияз, сабиз, помидор, калемпир, пахта, кант кызылчасы сыяктуу өсүмдүктөр жакшы киреше бериши жалпыга маалым. Бирок мөмөлүү бактардын рентабелдүүлүгү техникалык өсүмдүктөргө салыштырмалуу өтө жогору. Мөмөлүү бак – короо жайдын көркү, чарба күтүүнүн, үй тутуунун маданияты экендиги да талашсыз.Бүгүн биздин коом интенсивдүү багбанчылыктын  жаңы технологияларын  өздөштүрүүнүн алгачкы тепкичинде турат. Тамчылатып сугармай ыкмаларын менен тең өздөштүрүү, мындай жаңылыктардын сырын элге кеңири жайылтуу озуйпасы алдыбыздатурат.Багбанчылык –  айылдык үй-бүлөнүн кирешесин арттыруунун булагы. Бүгүн, тилекке каршы, биздин эски-жаңы багбандарыбыздын арасында мөмөлүү бак тигүүгө болгон көз караштарыбыз ар түрдүү жана көпчүлүк учурда туура эмес бойдон калып келе жатат. Буга маалыматтын жетишсиздиги себеп болууда. Жапыз бойлуу, орто бойлуу көчөттөр жөн эле сырткы көрүнүнө карата айтылган сөздөр эмес. Интенсивдүү багбанчылыктын көчөттөрү таптакыр каны башка көчөттөр.

 –Анын башка жергиликтүү сорттогу бактарга зыяны жокпу? Сапатын кантип билсе болот?

Окумуштуулар мунун үстүнөн көптөгөн жылдар бою иштешкен. Бизде мындай көчөттөрдү жетиштирген питомниктер жок. Сырттан келген көчөттөр деле ар түрдүү болушу мүмкүн. Ошондуктан көчөт тандоого келгенде ишенимдүү питомниктердин колунан алыш керек. Көчөдөн көчөт сатып албаңыздар деп айта кетсем артыкча болбос. Анткени көчөттү тигип коюп 5…7 жыл качан мөмөгө кирет экен деп күтүп жүргөн багбандар көп болуп жатат арабызда. Вирусу жок, чыныгы эл аралык сертификаты бар көчөттөрдү ишенимдүү колдордон сатып алыш зарыл.

-Көчөттү тандагандан кийинки маанилүү жумуш эмне?

-Бак тигиштен мурун тамчылатып сугармай системасынын проектин жасатыңыздар. Ошондо гана сиздин болжолуңуздагы жериңизге канча көчөт кетеери так белгилүү болот. Өзгөчө талап жерди даярдоого коюлат. Бак тикчү жерди 50…60 терендикте атайын машиналардын жардамы менен сөзсүз жумшатыш керек. Андан кийин жерди терең айдатып, малалап даярдаган оң. Ал эми айдоонун алдынан мүмкүн болушунча көп кык чачып жерди семиртиш шарт.Жалпы алып караганда интенсивдүү багбанчылык салыштырмалуу чоң акчалай чыгымды талап кылган агробизнес.

-Маалыматыңызга рахмат, ишиңизге ийгилик каалайбыз.

-Рахмат. Кыргыз Жерин бүтүндөй мөмөлүү бактар өлкөсүнө айландыралы деген чакырыкты ортого таштай кетейин, кадырман багбандар!

 

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17