Аймак

Сталбек Карасартов: “АКАМ, ӨТӨ БООРУКЕР ЖАН ЭЛЕ”

Сталбек Карасартов: “АКАМ, ӨТӨ БООРУКЕР ЖАН ЭЛЕ”

 3,442 Бардыгы /

 Гезиттин негиздөөчүсү, белгилүү акын-журналист Орозалы Карасартов устатыбыздын көзү өткөнүнө толук 3 жыл толду. Эгер тирүү болгондо 3 жылды карытмак… Ошол күндөгү каргашалуу окуя тууралуу иниси Сталбек ой бөлүшөт. Жашоомдо орду толгус нерсе бар десе жашымда билбеген экем. Качан башыма келгенде өзүмдү алсыз кичинекей бир макулук экенимди билдим.

Агамды эскерүү мен үчүн кыйынга турду. Эстеген сайын буулугуп ал жөнүндө сөз айта албай ыйлагым келип жүрдү. Башка бир туугандарым бар болсо да бул агамы өзгөчө жүрөгүмө жакын кабыл алган экенмин.

2015- жыл, 21- февраль. Айыл өкмөттө иштечүмүн. Айылдагы эжем телефон чалып калды. Орозалы акам ооруп атыптыр дегенде эле жүрөгүм бир нерсени сезди. Ошол замат эле жөнөдүм. Саат кечки бештерде Кара-Кулжадан Жалал-Абадга кечки бештерде жетип бардым. Туура эле ооруканага бардым. Акама жолуктум. Кучакташып учураштык. Жакшы эле сүйлөп акыбал сураштык. Анан негедир менден көзүн ала качты. Жүрөгүм бир болк этти. Сыртка чыктым. Ары-бери басып Жараткандан жакшы болушун миң ирет кайталап сурап жаттым. Ошол учурда акам менен чогуу болгон күнүм бир сыйра көз алдыман өтүп жатты.

 

АТА ОРДУНА АТА БОЛДУ

Мен мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн атам ээрчитип Жалал-Абадга акамин үйүнө алып келди. Өзүм кыргыз тилге кызыкканым үчүн филология факультетине тапшырдым. Акамин үйүндө чоң баласы болуп жүрдүм. Өз баласындай карап, сабактарыма көңүл бурат эле. Өзү да филология факультетин бүткөндүгү үчүн үйдө да көп нерсени үйрөтөт эле. Ар күнү курсагым ач, ток экенине, кийимиме чейин көңүл бурчу. Көзүм ооруп калса ооруканага алып барып дегеле өз баласындай карады. Үйдө отурганда айылды сагынып эстеп кобурашып отурчубуз. Бир туугандардын ар бирине токтолот эле. Үйдүн улуусу болгондуктан ар биринин көйгөйүн ойлонот эле. Алар кубанса, жакшы иш жасашса өзү да кошо сүйүнүп кубанчу. Студент убагымда 3-5 курстарымда балдар менен жашадым. Ошондо да сабактан чыгып жолугуп турар элем. Сабактарымды, ден соолугумду сурап өзгөчө көңүл бурду. Окууну бүтүп айылга кеттим. Кээде телефон менен сүйлөшчүбүз. Биздин сөздөр бүтпөйт эле. Үч саатка чейин сүйлөшчүбүз. Акамдин кыздары “Атам сиз менен сүйлөшкөндө ары-бери басып жүрүп сүйлөшөт эле. Кухняга кирет эле, кайра залга кирет эле. Кээде телефонун кармаган боюнча биздин комнатага деле кирип келет болчу” –деп калышчу. Ошондо да бир туугандарды, алардын тириликтерин, жада калса балдарынын ар бирин сурап чыкчу. Өтө боорукер, бир тууганга күйүмчүл жан эле. Анан айылды, айылдын элин, айылдагы досторун бирин калтырбай сурачу. Анан өзүмдүн ишим жөнүндө кеңири сурап, кылган иштериме сүйүнүп кеңешин да айтчу. Мына ошентип бири-бирибизге ушунчалык жакын элек. Кээде тарбияга да чакырчу. Бирок эч бир көңүлүмө да албадым. Жакшы болсун дегени эле.

Мен окууга таршыргандан кийин үч жыл өтүп атам кайтыш болду. Өзүбүз он үч бир тууганбыз. Үйдө уулдун чоңу болгону үчүн аками ата ордуна эш тутуп жашап калдык. Мени үйлөп- жайлаган да акам болду. Турмушка багыт берген да акам болду. Чоң уулум төрөлгөндө да атын сиз коюңуз деп акама койдургамын. Чоң уулум төрөлүп сүйүнчүлөп бардым. Облустук “Акыйкат” гезитинин башкы редактору эле. Уулдуу болдум десем кучактап өөп, колума акча карматты. Кайра кучактап көзүнө жаш алды. Силер да эр жеттиңер, сен да өз турмушуңу баштадың,- деп. Жакшы каалоолорун айтып жөнөттү. Бир эле мен үчүн эмес калган ини- карындаштарына да өзгөчө көңүл бурчу.

 

КЫЗМАТЫМА БАГЫТ БЕРГЕН УСТАТЫМ

Окуп жүргөндө үйрөнөсүң деп бир топ гезиттерге иштетти. Бирок өзүм эрке өскөндүгүм үчүнбү же кызыкпагандыктанбы иштей албадым. Журналист же журналистика жөнүндө айтар эле. Журналист маалымат берет. Кандай кабыл алуу окурмандын же коомчулуктун өз эрки. Сен өз оюңу эч убакта таңуулап жазба. Макала жазаарда бир жактуу жазба. Анын да эки жагы болот. Коомчулуктун пикирин билдирүүдө бир тараптуу караба. Бир ишти бүтүрөөрдө чын дилиңен берил. Баштаган ишиңди эч убакта таштаба, аркага кайтуу менен сен жеңилгениңи билгизесиң. Саясатка байланыштуу материалдарды кылдаттык менен жаз. Себеби адам өмүрүнө да зыяны тийиши мүмкүн. Ушул сыяктуу кеңештерин берди. Бир эле мага эмес ошол учурдагы жаш журналисттерге алдыга кадам таштоосуна чоң жол ачты. Мен менен катарлаш окуган Сахиба Кадырова, Бурулай Бусурманкулова, Канат Авазбеков, Санжар Эралиев сыяктуу журналисттер студент кезинде акамин кеп-кеңешин угуп, айткан багыты менен өз кесибин сүйгөн журналисттер болду.

 

АКЫРКЫ МҮНӨТТӨР

Мына ошолорду ойлоп жатканда мени ооруканадан жеңем чакырып калды. Башка бөлмөгө көтөрүп бардык. Бир убакта жеңеми анан уулу Кубанычты чакырды. Уулуна акыркы сөзү “Акылдуу, эстүү жигит бол. Апаңы жакшы кара”- деген сөзүн айтыптыр. Анан чоң кызы Аселдин күйөөсү Рысбек экөөбүз жанына бардык. Бир сөздөрдү сүйлөгөндөй болду. Көзүн бир чоң ачты да кайра жумуп секин о дүйнөгө узап кете берди. Ошол учурда Рысбек экөөбүз жанында келме айтып турдук. Ишенип ишенбей турдум. Кайра сүйлөчүдөй болуп жатты. Көзүн ачат дедим. Жок. Ачпады. Жарым саат мурун сүйлөп жаткан аками мына ошентип чыныгы жашоосуна узаттык. Ичип өрттөнүп жатты… Колуман эч нерсе келбеди. Ары жактан жеңемдер, кыздары келди. Баарыбыз биригип өз колубуз менен узатып, көз жашыбызды төгүп кала бердик. Менин ичим эңшерилип, сай сөөгүм сыздайт. Азыр да эстесем буулугуп көзүмө жаш келет. Көпкө чейин жеңем, кыздары, уулу Кубаныч менен сүйлөшө албай жүрдүм. Сүйлөшсөм эле көз жашым төгүп ыйлаачудай боло берчү. Ошондо таянган тоом кулаганын билдим. Айла жок. Бир гана Жараткандан бейишин сурайм.

 

Сталбек КАРАСАРТОВ, Москва шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17