Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ЖАШЫЛ ШААР ЭЛЕ…

ЖАЛАЛ-АБАД ЖАШЫЛ ШААР ЭЛЕ…

 4,420 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарына авто бекет тарабына кире бериште, Ленин көчөсүнүн жээгинде өсүп турган, ар жазда кыпкызыл болуп гүлдөгөн дарактар шаардын көркүнө көрк кошуп, адамдардын көңүлүн өзүнө бурат. Бул кандай дарак, аты кандай, кай жактан алынып келинген, качан эгилген, ким эккен деген суроолор ар жылы мени ойлонтуп келген. Быйыл сааты чыккан экен, ушул суроого жооп издеп, аны жанымда бирге иштешкен адамдан таптым.

-Өзүнүздү окурмандарга тааныштыра кетсеңиз?

– Менин аты-жөнүм Закирходжа Сарымсаков. Жашым бир кем жетимишке барып калды. Кесибим-биолог, эколог боюнча адистешкенмин. Азыр токойчулук боюнча да иш алып бара жатамын. 1993-жылдан 2000-жылга чейин Жалал-Абад шаардык жашылдандыруу мекемесинде начальник болуп иштегем. Ошол жылдары шаарды көрктөндүрүү иштери боюнча көптөгөн иштерди жүргүзгөнбүз. Жалал-Абад шаарында мурда өспөгөн жаңы дарактарды өстүрүү боюнча демилге көтөрүп, ошол кездеги шаардын мэри Касым Мадаминович Исманов колдоп, Ош, Андижан, Ташкенден шаарыбызга көрк бере турган жаңы дарактардын, гүлдөрдүн түрлөрүн алып келдик.

Ошолордон сакталып калгандары Ленин, Пушкин көчөлөрүндөгү аябай кооз гүлдөгөн кыпкызыл болуп гүлдөгөн Канаданын тамылжыган кызыл дарагы (Баграянник Канадский),  кара карагайды, Тянь-Шань жашыл карагайын мэриянын алдында, Айтматова көчөсүнө эккенбиз. Жай мезгилинде гүлдөй турган, шаарга дагы көрк берүүчү  сары гүлдүү Фарзиция, ак гүлдүү колдо өстүрүлгөн табылгы (Спирея)  бадалдарынын көчөттөрүн тротуарларга, Эркиндик көчөсүнө баштан-аяк эгип чыкканбыз. Кийинки учурларда адамдар бул дарактарды сындырышып, дарактарга жоопкерсиздик менен мамиле кылышкандыктан бул дарактардын, бадалдарын көпчүлүгү жок болуп кетишти. Жадегенде гүлдөп турган бадалдарды жулуп кетишкен учурлары болду. Ошентип көптөгөн дарактар менен бадалдар сакталбай калды. Кооз кызыл гүлдүү япон бехиси деп аталган япон бий алмасы, Семенов пихтасы, магнолия, декоративдүү алча же сакура көчөттөрү эгилген болчу.

Жалал-Абад чакан, өтө кооз шаар. Шаарда жакшы өзгөрүүлөр болуп, курулуш иштери жүрүп жатат, суу куурлары жаңыланууда. Шаарды жашылдандыруу иштерине, тазалыкты сактоого  көңүл бурулбай калганына ичим ачышат.

– Шаардын көчөлөрүндөгү дарактарды мултуйтуп кыркып салышыптыр. Бул шаарга көрк кошобу?

– Мурдагы система боюнча көп шаарларда электр линиялары көчөлөрдү бойлой тартылган. Дарактардын бутактары зымдарга тийин калбас үчүн илгери РЭС  менен биргеликте кайсы жерден электр зымдары өтсө, кандай кыркуу тууралуу иш жүргүзчүбүз. Азыркы учурда зым өтпөгөн жерден деле дарактарды ортосунан кыйып коюшууда, кыйылган дарактар столбага окшоп калууда. Бул дарактардын биологиялык өсүүсүнө эч кандай туура келбейт. Нары биздин шаарыбыз өтө ысык аймакта жайгашкан.  Дарактарды эгүүнүн максаты, жай мезгилинде шаардыктарга, шаарга келген меймандарга салкындык керек. Токтогул көчөсүндө жа ушундай дарактарды кыйуу иштерин өткөн жылдар жүргүзүштү. Мен булардын дарактарды кыйууну туура эмес жүргүзүп жаткандыктары тууралуу мэрге айтып токтотуп калууга жетиштим, бирок көптөгөн дарактар кыйылып кетти. Адамдар ал жерде көлөкө таппай калышты. Дарактар качан көгөрүп, өсүп көлөкө берет, буга бир топ убакыт кетет да.  “Жеңиш паркынын” айланасында да өтө көптөгөн дарактар мултуйуп кыркылып кеткен. Кыркылган дарактар узак жашай албайт, өздөрүнө келе албайт.

Бул иштерди шаардын жашылдандыруу мекемесинин жетекчилигинин ойлонбой артык кылам деп тыртык кылып, жасап жаткан иштери го деп ойлойм. Дарактарды кыйууда өздөрү билбесе билген адистерден кеңеш алып иштешсе жакшы болмок. Дарактар да Жараткандын жараткан жандуу нерсеси да. Дарактарга да, көчөттөргө да, бадалдарга бычак тийгизгенде ойлонуп туруп, бул кийин кантип өсөт деген суроону алдына коюп анан бычак тийгизиш керек.

-Закир аке, сиздер эккен ушул дарактарды, бадалдарды  калемче кылып көбөйтсө болобу?

– Көпчүлүгүнүн уруктарынан өстүрсө болот, мисалы Канаданын тамылжыган кызыл дарагынын (Баграянник Канадский) уругу өтө көп болот. Анын уругун күзүндө терип, күзүндө эгип койсо, өтө тез өнөт. Бадалдарды да калемче кылып өстүрсө болот. Биз шаарыбыздын жашылдануусуна өтө кызыкдарбыз. Эгерде кеңеш сурашса, кеп-кеңештерибизди берүүгө даярбыз. Шаарыбызда көчөткана (питомник) бар. Бул жерде түрдүү гүлдөрдү, көчөттөрдү өстүрүп, шаарыбыздын көчөлөрүнүн жээктерине эгип койсок шаарыбыз ансайын кооз болуп калмак. Шаарыбыз чакан шаар. Шаарыбызды таза, кооз “куурчактай” шаар кылганга шаар башчыларыбыздын да жашап жаткан шаардыктардын да мүмкүнчүлүктөрү бар.

Биз иштеген учурда  шаардын мэри менен биргеликте 1993-жылдан 1998-жылга чейин экология милициясын уюштурганбыз. Экология милициясы шаардын тургундарына жашап турган аймактарынын тазалыгына жооп беришин көзөмөлдөп, дайыма текшерип турушкан. Мисалы кайсы жерде дүкөн же ишкана болсо, алар ошол жерлердин тазалыгына жооптуу болушкан. Тазалабаса айып пул төлөшкөн.

– Азыркы күндө шаардын экологиялык абалы кандай?

– Шаарда суу түтүктөрүн жаңылоо иштери жүрүп жаткандыктан, казуу иштери жүрүп жатат. Экологиялык абал начар, бул иштерди бүтүрмөйүнчө азыр эч ким эч нерсе кыла албайт. Суу түтүктөрүн бүтүргөндөн кийин, шаарды таза кармоо, жашылдандыруу иштерин пландуу аткарса болот.

Аңгемелешкен Нурмамат ажы Сапарбаев

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17