Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,412 Бардыгы / Акыркы учурларда автоунаа айдаган аялдардын саны өскөн. Муну заман талабы менен байланыштырууга болот. Ал эми такси кызматында катталып, «таксист айым» наамына ээ болуп иштеп жаткан айымдарды да бара-бара көп учуратып, көзүбүз көнүгүп бараткан кези. Алардын катарында Динара аттуу каарманыбыз да шаарыбызда бир жылдан бери таксист кыз болуп иштеп келет. Ал каарманыбызды куттуу редакциябызда […]
2,413 Бардыгы / Акыркы учурларда автоунаа айдаган аялдардын саны өскөн. Муну заман талабы менен байланыштырууга болот. Ал эми такси кызматында катталып, «таксист айым» наамына ээ болуп иштеп жаткан айымдарды да бара-бара көп учуратып, көзүбүз көнүгүп бараткан кези. Алардын катарында Динара аттуу каарманыбыз да шаарыбызда бир жылдан бери таксист кыз болуп иштеп келет. Ал каарманыбызды куттуу редакциябызда […]
Таксист кыз Динара: «ДҮКӨНДӨ ИШТЕП ТАПКАН АКЧАМА УНАА САТЫП АЛГАМ»
28.08.2018 / Автор aymak

2,414 Бардыгы /
Акыркы учурларда автоунаа айдаган аялдардын саны өскөн. Муну заман талабы менен байланыштырууга болот. Ал эми такси кызматында катталып, «таксист айым» наамына ээ болуп иштеп жаткан айымдарды да бара-бара көп учуратып, көзүбүз көнүгүп бараткан кези. Алардын катарында Динара аттуу каарманыбыз да шаарыбызда бир жылдан бери таксист кыз болуп иштеп келет. Ал каарманыбызды куттуу редакциябызда маекке тартып көрдүк…
– Динара, алгач өзүңдүн өмүр таржымалың тууралуу кыскача айтып өтсөң.
– Мен Динара Султанмуратова 1998-жылдын 2-августунда Өзбекстанда төрөлгөм. Биз өзбекстандык кыргыздардан болобуз. 2000-жылы Жалал-Абад шаарына көчүп келдик. Ошол бойдон ушул жакта жашап келүүдөбүз. Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз, 4 кыз, 1 уул. Мен эң кенжесимин. Бул жакта 5-мектепте окудум. Мектепти бүтүп, Эл аралык университетке сырттан окуу бөлүмүнө тапшыргам. Адистигим бугалтердик эсеп. Бүгүнкү күндө «Тулпар» такси кызматында иштейм.
– Негизи эле аялдардын унаа айдаганы бүгүнкү күндө коомчулукка өөн учурабай калган. Анткени унаа айдаган аялдар көп. Бирок такси кызматында иштегендери абдан аз. Кардарларың кандай кабыл алат? Кызыктуу окуялардан мисал кылсаң.
– Бул иш мага жагат. Бешене терим менен иштейм. Негизи жаштайымдан ак мээнет кылып чоңойдум. Ата-энемден акча сурабай, өзүмө керектүү буюмдарды өзүм иштеп алам башкача айтканда өзүмдү-өзүм каржылайм. Кардарлардан буюртма түшөт, аларга чалам. Чалсам «баланча жерге келе бер уулум» деп дарегин айтышат. Барсам «иий, сен кыз белең, кызга окшош бала экен» деп ойлогом үнүңдү угуп дешет.
Ар кандай кардар чыгат. Арасында жакшысы да жаманы да болот. Ар бир кардарга бирдей мамиле кылам. Негизи бул иш оңой көрүнгөнү менен оор деп айтмакмын.
– «Тулпар» такси кызматына кантип ишке кирип калдың эле? Качантан бери иштейсиң?
– Иш издеп жүргөн учурумда бир тааныш бала «Тулпарда иштеп көрбөйсүңбү, кыйынчылыгы деле жок» деп сунуш берип, ишке киргизген. Ошол дос бала аркылуу кирип, иштегениме бир жылдан ашып калды.
– Унааңдын маркасы кандай? Аны да өзүң иштеп алгансыңбы?
– Хонда фит. 9-10-классымда бир дүкөндө иштечүмүн. Ошондо иштеген акчаларымды топтоп койгон элем, кудай насип этип, 1-курсумда темир тулпарлуу болдум.
– Сыр болбосо күнүнө орто эсепте канча киреше табасыӊ?
– Болбоду дегенде 500-600 сом. Ал эми кызыгып, кардарларды тез-тез алып иштесең 1500-2000 сомдон тапсаң болот. Ал жагы өзүңдүн аракетиңе жараша. Таксист болуунун уяты жок. Эң негизгиси адал мээнет менен тапкан акчама сүйүнөм.
– Алдыда кандай пландарың бар?
– Буюрса спорт тармагына аралашып, Кыргызстандын атын чыгарып, желегин бийик желбиретким келет.
Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, «Аймак»
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
12.06.2024 / Автор anarkan_kg МИСТЕ ТОКОЙЛУУ ЖЕРГЕ КУРУЛУШ КУРГАН АДАМ АЙЫПТАЛДЫ
-
-
01.07.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ОБЛУСУНУН МЫКТЫ ОКУУЧУЛАРЫ ЖАЙКЫ ЛАГЕРЛЕРДЕ ЫСЫК-КӨЛДӨ ЭС АЛЫШАТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.