Аймак

АСКЕРДИК МИЛДЕТ – МЕКЕН АЛДЫНДАГЫ АТКАРЫЛЧУ ЫЙЫК ПАРЗ

АСКЕРДИК МИЛДЕТ  –  МЕКЕН АЛДЫНДАГЫ АТКАРЫЛЧУ ЫЙЫК ПАРЗ

 12,890 Бардыгы /

 

Аскердик милдет – өз өлкөсүнүн куралдуу күчтөрүндө мыйзам чегинде аскердик кызмат өтөө милдети. Күзгү чакырылышты утурлай аскерге кимдер бара алат, кандай шарттар алдында бара алышат деп аскерге топтоо пунктунун жетекчилигине кайрылдык. Андан сырткары кыргыз армиясы тууралуу коомчулуктун пикирин сурадык.

 

Абдималик ЭЛЕМАНОВ, Жалал-Абад шаарынын тургуну: “АРМИЯГА КООМДУК КӨЗӨМӨЛДҮН ЖОКТУГУ ДА КЕДЕРГЕСИН ТИЙГИЗИП ЖАТАТ”

-Өз милдетимди мекен алдында аткаруу максатында мен дагы мекенди коргоочу жоокерлердин катарында 2 жылдык кызматты Чехословакия өлкөсүндө өтөгөнмүн. Баргандан келген күнгө чейин согуш ыкмаларын, ок атуучу куралдардан ок атууну, аскердик курамда басууну жогорку деңгээлге чейин өздөштүрдүк. Тартип, камсыздоо маселеси катуу эле, жакшы кызмат кыла алдык деп эсептейм.

Ал эми азыркы жоокерлерди ур токмокко алып, үйлөрүнө барып иштетип жатканы өтө өкүнүчтүү көрүнүш. Кызмат өтөө жараянын реформа кылуу керек. Менин балам баргыча жаңыланып, тартип орноп калар деген үмүттөмүн.

Эртең элди ким коргойт, кантип коргойт?- деген суроо туулбай койбойт экен. Бул дагы тынымсыз көзөмөл жоктугун жана түшүндүрүү – окутуу иштеринин тийиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй, кожо көрдүгө гана даярдаганынан белги берет. Тилекке каршы, армияга коомдук көзөмөлдүн жоктугу да кедергесин тийгизип жатат окшойт. Мисалы мэриянын мэрин баш кылып, милиция, министр, депутаттарды массалык-маалымат каражаттары тынымсыз баскан-турганынан бери жазып турушат. Ошондуктан журналисттер бир жоокерди өлтүрүп койгондо же кул катары иштетип жатканда гана эмес, дайыма армиянын күнүмдүк жашоосун калкка жеткирип турушса гана жакшы жыйынтык берер эле. Жоокерлерден эч нерсе аябашыбыз керек. Эгер биз өзүбүздүн жоокерлерди бага албасак, башка өлкөнүн жоокерлерин багууга туура келет деген накыл кеп бар. Ата Мекенди көз карегиндей сактап жүргөн жоокерлерге ийгилик!

 

Мирлан СТАМОВ, Сузак районунун тургуну: «АСКЕРДИК СЫР ДЕГЕН ТҮШҮНҮК БАР»

– 2016-жылы күзгү чакырылышта өз эрким менен Оштогу 75565 аскер бөлүгүндө кызмат өтөдүм. Барган күндөн тарта аскердик жашоону көрө баштадым. Ал жерде чыныгы эркектик мүнөзгө, өз өлкөбүздүн патриоту деген сезимдерге үйрөтө баштады. Алгач ал жактын шарттарына көнгөнчө бир аз кыйынчылыктар болду. Чыныгы эркектик сезимге даярдалып чыңалгыча далай нерселер баштан өттү. Көп нерселерден адашып, башкаларга күлкү болгон учурлар болду. Эми аларды айтып отуруу өзүнчө бир чоң роман болот. Бирок аскердик сыр деген түшүнүк бар. Ошону үчүн көп нерселерди айтууга батына албайм.

Аскердик кызматта шарттар абдан жакшы түзүлгөн, күнүнө 3 маал ысык тамак, жылуу жатакана, жакшы кийимдер менен камсыз кылат. Аскердик кызматта жүрүп, жоокер жараянында гана эмес, андагы маданий иштерге да активдүү катышып жаттым.  Түштүк региону боюнча аскердик бөлүктөр арасында өткөн конкурста көркөм окуу боюнча гран прини жеңип алдым. Ал менен удаа эле кызматтын аягында бир айлык лейтенанттык жаш аскерлер жыйынына барып, ал жерде ийгиликтүү окуп, алгачкы офицер (лейтенант) наамына ээ болдум. Абадан коргонуу күчтөрүнүн командачылыгынын ыраазычылык каты жана дипломуна ээ болдум. Инилериме, досторума деги  эле кыргыздын жарандарына жигиттик парзыбыздын бири болгон аскердик кызматты өтөп, мекенге кызмат кылышыңарды айтар элем.

 

Молдогазы АЛЫМБАЕВ, Улуттук Гвардиянын №704 аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары: «ДҮЙШӨМБҮДӨН ЖУМА КҮНГӨ ЧЕЙИН КҮЖҮРМӨН САБАКТАР ӨТКӨРҮЛӨТ»

– Биздин аскердик бөлүккө түштүк региону боюнча Жалал-Абад, Ош, Баткен областтарынан  кызмат өтөөгө келишет. Аскерлердин саны 60ты түзөт. Бардык эле эркектердин арасында айрым лидерлик сезимдегилери гана болбосо, бири-бирин тепкилеп, ур-токмокко алуучу дедавщиналар жокко эсе.

Өзүбүздүн жадыбалыбыз бар, ага ылайык аскердик даярдыктар дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин күжүрмөн сабактар өткөрүлөт. Андан сырткары аскердик бөлүгүбүздө ар түрдүү майрамдарга карата  маданий иш-чаралар уюштурулуп турат.

Дастан ЭРМАТОВ, Базар-Коргон районунун тургуну: «МЕКЕНДИ КОРГООНУ МИЛДЕТИМ ДЕП БИЛЕМ»

-Ата Мекенди коргоого даяр болуу үчүн өзүмдүн эрким менен 10-сентябрь Ош областына аскердик кызмат өтөөгө баратам. Өзүм Жалал-Абад областына караштуу Базар-Коргон районунан болом. Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз. Мен алардын экинчисимин. Мектепти бүтүп, Укук бизнес жана билим берүү колледжинде окудум. Учурда окууну бүтүп, аскерге аттанып жаткан кезим. Мекен – мен үчүн киндик кан тамган жерим. Автомат кармап, мекенди коргоону милдетим деп билем. Ар бир кыргыз жигити мекен үчүн 1 жыл өмүрүн аябай кызматын өтөш керек. Азыр жаштар окууну аяктагандан кийин көбү чет жактарга кетип жатышат. Аскердик кызмат өтөөгө бизге окшогон жаштар барбаса анда ким барат, мекенди ким коргойт? Өзүм теңдүү жаштарга кызмат өтөөгө баргыла деп айтып кетет элем. Эркек болгондон кийин аскердик жашоону көрүш керек.

 

Исирапбил САПАРАЛИЕВ, Жалал-Абад областтык топтоо пунктунун башчысы, подполковник:

 

– Саламатсызбы, Исирапбил мырза? Айтсаңыз күзгү чакырылышта аскерге кабыл алуу, чакыруу жараяны качандан башталат?

-10-сентябрдан 2-ноябрга чейинки аралыкта Жалал-Абад областынан бир жылдык кызмат ѳтѳѳгѳ жөнөтүүлөр башталат. Ал эми 2-ноябрдан 30-ноябрга чейин альтернативдик кызматка чакыруу башталат.

 

– Аскер билетин алуу эрежелери кандай?

-18 жаштан 25 жашка чейинки уландар мѳѳнѳттүү бир жылдык аскер кызматына барышат. 25 жаштан 40 жашка чейинчи жарандар чакыруу мобилизациялык резерв сборуна 50 миң сом акча төлөп бир айга барышат. Ал 50 миң сомдун 30 миңи баланын өзүнө кетет. 15%ы чек ара кызматына, 5% пайызы Улуттук гвардияга которулат. Эгер мен күч орган түзүмдөрүндө иштебейм, өз каалоом менен альтернативдик кызматка калам десе, анда коомдук пайдалуу жумушту аткаруу менен 25 миң сом төлөп, бир жарым жылдык мөөнөт менен альтернативдик кызматка калышат.

 

-Альтернативдик кызмат деген эмне жана анын шарттары кандай?

– Альтернативдик кызмат – КРдин жарандарына алардын диний ынанымдарын, үй-бүлѳлүк абалын же коомдук пайдалуу жумуштарды аткарууну каалоосун эске алуу менен мѳѳнѳттүү аскердик кызматтын ордуна берилүүчү кызматтын түрү болуп саналат.

18 жаштан 25 жашка чейинки чакыруу мөөнөтүн кийинкиге узартууга укугу жоктор (мөөнөттү узартуу окууга, ден соолукка байланыштуу берилет) бир жыл кызмат өтөөнүн ордуна 18 миң сом төлөп, альтернативдик кызматтан өтөт. Тагыраагы, 18 миң сом төлөп, экинчи категориядагы аскер билетин алат. Ал билет менен укук коргоо тармагында иштөөгө болбойт.

Альтернативдик кызмат өтөөгө буга чейин соттолгондор, дин ишеними боюнча колуна курал алууга тыюу салынган диний уюмдун мүчөсү жана ден-соолугу жарамдуу эместер чакырылат. Ал эми балдары 18 жашка чыга элек көп балалуу үй-бүлөнүн улуусу, ата-энеси I же II топтун майыбы болгон үй-бүлөнүн багуучусу, үйлөнгөн же балалуу болгондор, ата-энеси пенсия курагына жеткен үй-бүлөнүн жалгыз балдарына, ал атасынан же энесинен ажыраган, үй-бүлѳдѳгү жалгыз уул болсо да альтернативдик кызмат өтөөгө уруксат берилет.

 

-Кызмат өтөө убактысы өтүп кеткендер эмне болот?

-Алар үчүн мобилизациялык резервдин жыйындары ачылат. Мында 25 жаштан 40 жашка чейинкилер аскердик милдетин аткара алышат. Тагыраагы, убагында аскердик милдетин өтөбөгөн жарандар эки ыкма менен милдетин өтөйт.

Биринчи ыкма боюнча 25 миң сом төлөп, 2-даражадагы аскер билетин алса болот. Бирок ал билет менен укук коргоо органдарында иштөөгө уруксат берилбейт. Ал эми 50 миң сом төлөп, бир айлык сбордон өткөндөргө 1-даражадагы аскердик билет берилип, алар каалаган мамлекеттик кызматта иштей алат.

-Аскердик милдетин өтөбөй, башка өлкөдө мигрант болуп жүргөндөр эмне болот?
-Аларга издѳѳ жарыялайбыз. 25 жашка чейинкилерди бир жылдыкка, 25 жаштан жогоркуларды бир айлык мѳѳнѳткѳ жогоруда айтылган категориялардын негизинде жѳнѳтѳбүз.

 

– Жакынкы эле арада болгон Майлуу-Суудагы окуя боюнча да айтсаңыз. Ал да жалгыз бой эненин баласы экен.
-Ооба жалгыз бой эненин жалгыз баласы альтернативдик кызматка калууга тийиш. Бирок мыйзамда жазылган бала өзү жазуу түрүндө арыз жазып, барам десе кызмат өтөөгө жөнөтсө болот. Ал бала өзүнүн каалоосу менен келген, ал жагы мыйзамдуу.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17