Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ МАКСАТСЫЗ КОЛДОНУЛУУДАБЫ?

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ МАКСАТСЫЗ КОЛДОНУЛУУДАБЫ?

 3,345 Бардыгы /

 

Жалал-Абад шаардык бюджети үстүздөгү жылдын 21-февралында бекитилип андан бери шаар ичинде бир топ иштер жүрүп жаткандыгын көрүп жүрөбүз. «Ал иштердин шаарыбызга канчалык деңгээлде зарылчылыгы бар эле, бюджет орунсуз колдонулуп жаткандай» деп бир нече иштерди мисал кылган жарандарыбызды көп учураттык. Чын эле шаардык бюджет орунсуз колодонулуудабы? – деген суроо менен тиешелүү адамдарга кайрылып көрдүк.

 

Насирдин АХУНОВ, шаар тургуну: «АТКАРЫЛГАН ИШТЕР КАЛАА БАШЧЫЛАРЫНЫН АНЫК ЖҮЗҮН АЙГИНЕЛЕП КОЁТ»

– Мен шаарыбыздын бюджетин кайсыл тармактарга бөлүнөрүн так билбейм. Шаардын социалдык өнүгүүсү, стратегиялык обьекттер ж.б. көзгө илинер жумуштар үчүн канча акча бөлүнүп, канчасы сол капчыкка кетери жөнүндө шаар тургундарында маалымат болбосо да аткарылган иш кала башчыларынын анык жүзүн айгинелеп коёт эмеспи? “Чоңдорубуз” кылып жаткан иштин кайсынысы учурдун талабы ,кайсынысы орунсуз экенин айтпай эле бир маанилуу тармакка көңүл бурулбаганына көңүлүм толбой турат.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Нарын шаарында “Аймактарды өнүктүрүүжылына” карата республикалык билим жарышында шаар бийлиги Жалал-Абаддын атынан аттанган жаштарды колдоого албады. Алыскы жолдун түйшүгүн өз мойнуна алган интеллектуал жаштарыбыз байгелүү орун менен кайтып, сүйүнчүлөп кирсе да эшиктин сыртында калышты.

Мунун себебин бул жөнүндө мэриянын жыл башында кабары болбогондугу, шаардын бюджетине киргизилбегендиги менен түшүндүрүштү.

«Жаштарды колдойбуз!», «Жаштар-биздин келечегибиз»  деген тил учун да айтылган цитаталарын иш жүзүндө да далилдесе жакшы болмок. Келечек билимдүү жаштардын колунда деген уран менен мындан ары маданият, спорт тармагы менен кошо интеллектуалдык оюндарга катышкан жаштарыбызды да колдоп берүүсүн суранат элем.

 

Арген ШЕРМАТОВ, жаш активист: «ГҮЛ ЧЕЛЕКТЕР КАНЧА УБАКЫТКА ЧЕЙИН ЧИРИП СЫНБАЙ ТУРАТ?»

-Шаар жетекчилеринин челектерге гүл отургузуп аны асып койгону мени таң калтырды. Аларга ким суу куят? Ал гүлдөр негизи өсөбү же шаар транспортторунан чыккан чаң, түтүндү жутуп отуруп соолуп калабы?  Гүл челектер канча убакытка чейин чирип сынбай турат? Гүлдөрдү көргөн күндөн тартып, ушул суроолор оюма келип, алигиче таң калып жүрөм.

Бүткөн ишке сынчы көп дегендей, бирөө бир иш кылса сындагым келбейт. Бирок  жакында эле Нарын шаарына барган элек. Ал жакта да кооз гүлдөрдү көрдүк бирок биздин шаардагыдай отургузулган эмес.Темирден түрдүү гүлдөрдү жасап, жол бою орнотушуптур. Карап отуруп суктанасың, өсүп турган гүл сыяктуу көрүнөт. Унаалардын чаң, түтүнүнө ууланып, соолубайт дагы.

Биздеги орнотулган гүлдөрдүн ордуна шаардагы Островский, 4-аптека жана башка ички көчөлөрүнө чырак коюп чыкса жакшы болмок деген ой келип турат.

 

Сайдилла ЧИМБЕРДИЕВ, шаардык кеңештин депутаты: «ЖЕКЕ ИШКАНА БОЛГОНДО БАНКРОТКО УЧУРАМАК»

-Бюджеттен бирөө жеп кетет, уурдап кетет дегенден алысмын. Болгону акчалар максаттуу пайдаланылса демекчимин. Мисалы, Ленин көчөсүнө жолдун ортосуна коюлган гүлдөрдү байкасаң бир чоң идиште 4-5 даана гүл эгилген. Аны күнүгө эрте менен машина менен келип, үч киши убара болуп сугарышат. Бул жеке ишкана болгондо банкротко учурамак.

Бюджеттин максатсыз пайдаланышы эгилип куураган арчалардын, соолуп калган гүлдөрдүн, дарактардын абалынан көзгө көрүнүп эле турбайбы? Көчөлөрдү көңүл коюп кыдырып чыккан адам баарын байкайт. Дагы бир негизги маселе жердин түбүнө киргизиле турган нерселерди киргизип, анан асфальтташ керек эле. Асфальтталган жолду бузуп, жер түбүнө түтүктөрдү киргизип кайра асфальттап, чыгымга эле учуратып жатышат.

Шаар бюджетинин киреше бөлүгү 328 миллион 482 миң сомго, атайын каражаттардын эсебинен жалпысынан 403 миллион сомго барабар болгон. Ал эми анын чыгаша бөлүгү жалпысынан 410 миллион 528 миң 300 сом деп аныкталган. Быйылкы жылдын бюджетинин өзгөчөлүгү шаар инфраструктурасын жакшыртууга бөлүнгөн каражаттардын көптүгүндө.  Бул багытта 155 миллион сом каражат жумшалууда.

 

Шерболот АШАНБАЕВ, Жалал-Абад шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын жетекчиси: «ЖАЛАЛ-АБАД ШААР АЙМАГЫНЫН ЖЕР КЫРТЫШЫ ТАШТАК БОЛГОНДУКТАН КӨРКТӨНДҮРҮҮ БИР ТОП ТАТААЛ»

 

– Шерболот мырза, айтсаңыз жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасынын эң оболу кызматы кандай?

-Жашылдандыруу чарбасы –айлананы курчап турган экологиянын абалын, жашыл өсүмдүктөрдү өстүрүү менен Жалал-Абад шаарынын эстетикалык сырткы көрүнүшүн жакшыртууга, чарбалык жерлердин рационалдуу пайдалануу менен пайдаалууга багытталган чарба болуп саналат.

 

– 2018-жылдан тарта ишмердүүлүгүңүздөрдөн кеп козгосок…

– Үстүбүздөгү жылы же тактап айтканда 2018-жылдан тарта шаар аймагына Жашылдандыруу чарбасы тарабынан 300түп арча көчөтү, 300 түп крым соснасы жана 100 түп липа, 100 түп катальпа жана 100 сакура декоротивдик дарактарынын көчөттөрү эгилди. Мындан сырткары Токтогул аллеясына 600 түп даана кытай розасы отургузулду.

 

– Өзүңүздөрдүн иш планыңыздар барбы? Анын канчасы аткарылды?

-2018-жылдын башында бир жылдык иш план иштелип чыгып, шаар мэриясына жана шаардык кеңештин депутаттарына жиберилет. Иш планды бекитип беришкенден кийин анын негизинде иш алып барылат. Мекеме биз муниципалдык болгондуктан жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Бизге керектүү көчөттөрдү мекеме тарабынан тендерге жарыялайбыз. Ал тендерде кимиси арзан баа койгон болсо ошол тарап менен кызматташабыз.

 

– Шаардык бюджеттен акча бөлүнүп, эккен бак-дарактарыңыздар куурап калса экинчи ирет да мэрия акча бөлүп береби?

– Көрктөндүрүү иштерине бөлүнгөн акча каражаты негизинен өз максатында иштетилип жатат. Экологиянын талабына ылайык жободо жазылган, эгилген көчөттөрдүн 70% көктөө керек. Бирок өзүнүздөр жакшы билесиздер Жалал-Абад шаар аймагынын жер кыртышы таштак болгондуктан көрктөндүрүү бир топ татаал,ошого карабастан жашылдандыруу иштери алгылыктуу жүрүүдө. Ал эми куурап калган дарактардын ордун толуктоо жана жашылдандыруу иретинде кийинки жылы шаардык бюджетке кайрылуу жасалат.

 

– Шаарда жакынкы 3-4 айда Ленин көчөсүн бойлой идишке гүлдөр отургузулду. Аны көргөн элдердин колдогондору ошону менен катар сындагандары да бар. Негизи ушул тууралуу да айтсаңыз, шаар ичине бул нерсе керек беле? Канча акча каражаты жумшалды?

– Абдан туура айттыңыз. Элдин арасында каршы пикир айткандар дагы болууда. Бирок шаардын эстетикалык кооз көрүнүшү үчүн бул нерсе керек деп эсептейм. Ал эми быйылкы жылы эгүү иштеринен убактысы кечигип калгандыктан купулга толчудай гүлдөй албады көрүнөт. Буйруса кийинки жылы өзүңүз дагы күбө болосуз толугу менен канааттандырарлык жумуш алып барылат.Цветочный тумба 54 даана орнотулган, ага 24 5500 сом каражаты кеткен. Ал эми гүл челектерге 96000 сом жумшалып, анын жарымы кампада турат. Жарымын гүл челектер жараксыз болуп, көркүнөн чыккандардын ордун толуктап турабыз.

 

– Экинчи маселе Мамыр баатыр көчөсүнө жол бою арча эгипсиздер. Өкүнүчтүүсү куурап калганы болууда. Ал жерге бюджеттен канча акча бөлүнгөн? Эмне себептен куурап калды же жетишерлүү каралбадыбы?

– Сиз айтып жаткан Курулушчу көчөсүнө 101 түп дана арча эгилип, жалпы чыгымы 33 027сомду түзгөн. Өзүңүздөр көргөндөй быйылкы жылы абанын температурасы жогору болгондуктан эгилген көчөттөрдү көрктөндүрүү бир топ эле түйшүк жаратты. Буга кошумча арчаларды эгүү мөөнөтүнөн кечиктирилгени да себеп болду. Ошого карабастан тынымсыз суугарылып, бүгүнкү күндө 78 түп даана көчөттү көктөтүүгө жетиштик. Бул нерсени чоң жетишкендик катары бааласак болот.

Кошумчалап кетейин, быйылкы жылы шаарыбызга жаңылык катары жашыл майсаң чөптөн  (искусственный газон) ар түрдүү жаныбарларды жасап, 31-август эгемендүүлүк майрамында шаарыбыздын борбордук аянтына коюу планыбыз бар. Буйруса шаар тургундары жана коноктору бул нерсеге өздөрү күбө болушат.

 

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, «Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17