Аймак

Мураталы Үчкемпиров: «ЖАПОНДОР СЫЛЫКТЫК ЖАГЫНАН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ»

Мураталы Үчкемпиров: «ЖАПОНДОР СЫЛЫКТЫК ЖАГЫНАН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ»

 3,925 Бардыгы /

Жапонияны дүйнө эли Күн чыгыш өлкөсү” деп атайт. Ал дүйнөгө өнүккөн экономикасы, сылык сыпаа мүнөзү менен таанымал. Андан сырткары Жапон мамлекети коопсуздугу, жашоого ыңгайлуулугу менен өзгөчөлөнөт. Бүгүнкү биздин каарман так ушул Жапонияга окууга барган жердешибиз Мураталы Үчкемпиров. Ал «Эки өлкө (Жапония, Кыргызстан) магистрдик даража алууга мен үчүн жүз миӊ доллардан да ашык каражат коротту окшойт. Акташым керек…» деп соцтармакка жазганынан улам улуска кайтып келгенин билип байланыштык. Ааламдын бул бурчуна кантип барып калганы жөнүндө кеп куруп, жаштарга кеңешин айтып өттү.

БЛИЦ ИНФО:

Аты-жөнү: Учкемпиров Мураталы Осмоналиевич

Туулган жылы: 16-май, 1980-жыл

Бүтүргөн университеттери: Жалал-Абад мамлекеттик университети (2002-жыл), Жаңы маалымат технологиялар факультети; Япония эл аралык университети, Эл аралык башкаруу мектеби, Бизнес башкаруу программасы (2018-жыл).

Үй-бүлөлүк абалы: 4 уулду тарбиялоодо.

 

КҮБӨЛҮГҮМДҮ УНУТУП КАЛЫП…

– Мен Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулганмын. Атам Учкемпиров Осмоналы учурда 68 жашта, кесиби боюнча агроном. Ала-Бука, Чаткал райондорунда жерди иштетүү, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден коргоо жана химизациялоо багытында пенсияга чыкканга чейин эмгектенди. Мүнөзү токтоо, ак-көңүл киши катары аталган эки районго таанымал адам. Биз үчүн атабыз либералдуулуктун белгиси, жашоодогу кеңешчибиз, колдоочубуз болуп келет. Студент кезимде коом тууралуу көп нерсе айтса жакшы көңул бурбаган экенмин, азыр болсо жашоодо атамдын айткандарына күбө болуп, ынанып келем. Апам Осмонова Калыйчакан, Ак-Там айылында ветеринардын үй-бүлөсүндө туулган. Үй кожойкеси болуп 4 баланы тарбиялап чоңойтту. Мектепте санитарка болуп көп жыл эмгектенди. Эсимде,ишке жарап калганымда сабактан кийин калып апамдын ишине эжем экөөбүз пол жууганга жардам берет болчубуз. Азыркы үй-бүлөмдөгү тазалыкка болгон менин талабым да апамдын тарбиясынан деп ойлойм. Биз 4 бир тууганбыз. Мен экинчиси жана жалгыз уулмун. Менин эркек бир тууганым эмне жок деп калчумун. Жалгыз бала болгон үчүнбү өзүмдү эрке эмес, жоопкерчилиги чоң адам болушум керек деп турчум. Ата-энем үчүн катардагы бала болдум деп ойлойм. Өтө деле шок болуп кетпей, айткандарын угуп, чоң көйгөй жараткан күндөр болгон эмес. Мени жалгыз бала катары айткандарымы аткарып кандай оюнчук болсо да алып беришчү. Бизге кичинебизден эле эмгек кылганды үйрөтүшкөн. Мектеп учурумду, спорт ийримдеринен дзюдо, баскетбол, талаа иштери, түшүм жыйноо, жайкы каникулда болсо Ак-Тамга тайатамдын үйүнө барып каналга сууга түшүп, тайэнемдин сандыкка бекиткен канттарынан алып жеген күндөр, бош убакытты личносттук өнүгүү, ден-соолук тууралуу китептерди окуулар менен эстейм.Мени биринчи класска орус тилдүү класска берем деп алып барып, атам күбөлүгүмдү үйдө унутуп калыптыр. Кайра үйгө келип күбөлүктү алып барса орус класс толуп калып мени кыргыз тилдүү класска окуткан. Кийинчерээк досторума да айтып жүрдүм эгер менин күбөлүгүм унутулбаганда орусчаны эрте сүйлөмөк элем деп. Орус тилинде университетте окуганда гана, коомдук иштерге, дебаттарга катышып эркин сүйлөгөнгө үйрөнө баштадым.

ОБЛАСТТА 2-ОРУНДУ АЛГАНМЫН

– Мектепте активдүү, алдынкы окуучулардан болууга аракеттенчүмүн. Класстын жакшы окуучуларынан 5 алдыӊкы пионер тайпасына кошулганымды эстеп калам. Комсомол болгонго жетишпей калдык, себеби Советтер Союзу ыдырап кетти. Физика, математика, биология сабактары жакчу. Жаратылыш кубулуштарын илимдин мыйзамында түшүндүрүп берчү. Оюнчуктардын структурасын түшүнүү үчүн аны майда деталдарга чейин бөлүп түшүнгөнгө аракет жасачумун. Биздин мектептин ошол кездеги директору Токтогулов Сатылган (Сатыш агайыбыз)бизге физика сабагын өтө кызыктуу,интерактивдүү методдор менен өтүп берет болчу. Ньютондун башына түшкөн алма анын дүйнөлүк тартылуу күчү мыйзамын аныктоого себеп болгону эсимден кетпейт. Мен эксперименталдык класстын физика-математика профили боюнча бүтүп 10-класста физика боюнча облустук олимпиададан 2-орунду алганым эсимде. Жөн эле убакытымды өткөрүп жиберген учурларды эстеп, ошондо илимди жакшыраак өздөштүрүп албай, тил үйрөнүп албай деп калам. Анан балдарыма да азыр бош убактыңарды текке кетирбегиле деп көп айтам. Жашоо убактысы чектелүү. Андыктан жаштарга да өз убактыңды максаттуу пайдалан демекчимин.

 ДЕБАТТАН ОРАТОРЛУКТУ ӨЗДӨШТҮРДҮМ

– Мен мектепти бүтүп окууга барайын деп жатканда кээ бир досторум азыр акчаӊ болбосо окууга өтпөйсүӊ, бюджетке өтүш үчүн акчаӊ болушу керек деп айткан. Ага карабастан мен бюджеттик гана формада окушум керек деп ЖАМУга келдим. Башынан экономика адистиги боюнча окуйм деп келгенмин. Себеби келечекте бизнес менен алектенем деген пландар бар болчу. Бирок тилекке каршы экономика боюнча бюджеттик орундар жок болгонуктан информациялык технологиялар (IT) багытында окууну тандадым. Мен Бил Гейтс, Майкрософт тууралуу көп окуган болчумун. Анан ошол багытты тандадым. Себеби келечектебардык тармактарда IT колдонушун адистер айтып жүрүшкөн. Бирок экономика илимин окубай калганыма кичине капа болгонмун.Университетке тапшырып жатканда атам Жалал-Абадга алып  келип тайкемдин үйүнө калтырып 1500 сомдой таштап кеткен. Ошол мезгилде маршруткада жүрүү 2 сом болчу. Менин сага бере турган акчам ушул. Окууга өтсөң өттүң, өтпөсөң кичине ойноп акчаң бүткөндө үйгө келе бер, экөөбүз дыйканчылык кылабыз талаада деп өзү үйгө кеткен. Менде окууга өтпөгөнгө айла жок болчу. Анан Керимбек тайкем саат эртеӊ мененки 6:00дө уйкудан тургузуп, кечки саат 12:00де жатасыӊ деп график түзүп берген. 20 күн бою, 6 саат кана уктап улуттук тесттин топтомундагы суроолор менен даярданып бюджеттик группага алдыӊкы 10 абитуриенттин катарында окууга өттүм. Негизинен студенттик күндөрдө адамдар менен иштөөнү үйрөндүм. Баары адамдын ишеними жана аракетинен болуусун түшүндүм. Эмнени эксең ошону аласын дегендей, биз коомдо жалгыз эмеспиз, эгер коомго бир пайдалуу жумуш кыла алсаӊ жыйынтыгы кайтат. Окуп жүргөндө тайкемден акча сурасам, акча берчү эмес, бирок компьютердик жумуш берип аны аткарып бүткөндөн кийин программистке төлөгөн акча катары гонорар формасында бергени мени кызмат көрсөтүү менен акча таап, жөн карыз алып үйрөнбө деген тарбиясы болгон экен. 3-курстун аягында Тинатин деген группалашым Муратбек деген досум экөөбүздү Сорос Фондунун дебат программасына барып келели деп чакырып калды. Бул программа оратордук искусствого үйрөтөт экен. Туура сүйлөө, чечендик өнөр аркылуу ушул программада иштеп калдым. Кийинчереек коммерциялык эмес уюмдарда иштеп, жаштар уюмун негиздедик. 2010-жылы Жаштар иштери боюнча министрлик түзүлүп Жалал-Абад областында иштөөнү сунушташты, 2012-жылы Бишкек шаарына борбордук аппаратка чакырышты. Жумуш баштагыга караганда кыйла масштабдуу жана татаал, бирок кызыктуу болуп калды. Көпчүлүк жаштар өзү кызыккан багытта окуп, иштебей эле агым кайсы жакка жүрсө ошол агым менен эле кетип калышат. Андыктан ар бир адам мүмкүнчүлүк, талантына карап, коомдогу муктаждыкка, талапка карап өз жашоосун пландай алса көбүрөөк утушка ээ болот.

 АР БИР КАЛК УНИКАЛДУУ

– Кийинчерээк болсо да экономика илимин, ишкердикти үйрөнүшүм керек деген ойдо жүрүп 36 жашымда ошол мүмкүнчүлүк буйруду. Ага чейин деле Жапонияга мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин барып стипендия алып окугандыгын угуп жүргөнмүн. Анан 2015-жылы JICE-JDS Кыргыз-Жапон өкмөттөрүнүн гранттык программасына тапшырып, 2016-2018-жылдары Жапония эл аралык университетинде, эл аралык башкаруу багытында магистр наамын алдым.

Жапондо канчалык өнүгүү болсо дагы адамдарды жумуш, убакыттын тардыгы ойго, стресске салат. Баары график менен болгондуктан чайканада чай ичип, эркин жатканга шарт жок. Убакытка зар болушат. Стресстин айынан көп жаштар өзүн курмандыкка чалышат деп айтышты. Бирок андай окуяны өзүм көргөн жокмун.Табият кырсыктары да жапондуктарды бир команда болуп, бири бирине камкордук көргөндү мектеп жашынан тарбиялашат. Тазалыкка да мектептеги жашоодон үйрөнгөндүктөн өз үйүн, көчөлөрдү таза кармаганга ар бири салым кошушат. Бул жөн жеринен андай болуп калган эмес да. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Жапониянын коргонуу бюджети кыйла кыскарып билим берүү жана социалдык инфраструктурага чоң каражат жумшалган. Билим берүү алардын негизги стратегиялык багыты болуп келет азыркы күнгө чейин.

Кыргыз жана Жапон элдеринин меймандостугу окшош. Сылык мамиле жасоо боюнча дүйнө чемпиону десем болчудай. Андыктан Жапониянын коопсуздугунан, адамдарынын кичи пейилдигинен 3-8 миллион чет элдик туристтер жыл сайын келип турушат. Туристтердин эсебинен миллиондогон кирешелерге жетишет. Эки элдин окшоштугу бир гана сырткы келбети эмес баалуулуктарыбыз, меймандостугубуз, кичипейилдигибиз менен да окшошпуз. Айырмабыз бул коомдук саясий, маданий жана руханий системаларда экен. Ар бир калк уникалдуу. Бир калк экинчисине толугу менен окшош болбойт тура. Жапондорду мектеп жашынан бири-бирин урматтаганы, улууларга, бейтааныш болсо да ийилип салам берүүгө же рахмат айтууга үндөшкөнүнө, Мухаммед пайгамбардын “Таанысан-тааныбасаң дагы туш келген адамга салам бер, салам мамилени жакшыртат” деген осуятын жапон элдери да аткарганына күбө болдум.

 ПЛАНДАР ИШКЕ АША БАШТАДЫ

– Пландарым тууралуу айта турган болсом, алган билимимди жаштарга жеткирүү жана өлкөбүзгө кандай формада болсо да салым кошуу. Социалдык тармактар аркылуу азыр таштандыларды сорттоо системасын киргизүүнү сунуштап атабыз. Тазалык бул ишембиликтерди өткөрүү эмес башынан баштап чөйрөнү булгабоону жаш муундарга жеткирүү. Экономика жана бизнес, ишкердик тууралуу онлайн сабактарды, пикир алмашууну баштадык. Бул долбоорлор системалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында болмокчу. Ошондой эле кыргыз жаштарынын эл аралык кызматташуусун, ошонун катарында жапон жаштары менен мамилелерин өркүндөтүүгө салым кошуучу долбоорлорду аткаруу максатыбыз бар.

 ТОБОКЕЛЧИЛИК ӨЗҮН АКТАСА…

-Тобокелге бизде чечим кабыл алууга маалымат жетишсиз учурда, убакыт тар болгон учурда барабыз. Кээ бир учурда тобокеличиликке баруу зарыл себеби жумуштун алдыга жылуусу үчүн керек.  Бирок максатка жетүүдө тобокелчилик өзүн актаса, оң жыйынтыгына ишенгенде баруу зарыл. Болбосо күтө турган дурус. Антпесең топтогон каражатынды тез эле коротуп кайрадан тас кейпин кийип калууң мүмкүн. Биздеги 90% жаңы башталган бизнес 2 жылдын ичинде банкроттука учурашат. Бул дагы сокур тобокелчиликтин айынан, так эсеп кысаптын жоктугунун, анализди жана планды үстүртөн жасагандыктан кыйынчылыктарга туруштук бере албай калат. Тобокелге барууда бир нече запас вариант менен болуусу максатка ылайык. План-А иштебесе, план-В. Ал да иштебесе План-С ж.б. Бул нерсени тобокелдин диверсификациясы деп коебуз. Эгер чоң жоготууга алып баруучу тобокелден өзүндү алыс тутсан, чоң терс кесепеттерден да алыс болосун.

Акылай КАРАБАЕВА

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17