Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
3,625 Бардыгы / Кылым карытып келе жаткан кыргыз тилибизди бүгүнкү күндө бутуна тургузуп, өйдө көтөрүп, кадыр -баркын көтөрүү болбой жатат. Бүгүн кыргыз тилине кандай мамиле кылсак, келечекте тарыхыбыз ошого карап өсөт. Тилсиз маданият да болбойт. Тилсиз тарых да өспөйт. Баарынын башаты өзөгү, тамыры бул биздин эне тилибиз. Эне тилди өнүктүрүү бир гана тил комиссиясында же болбосо […]
3,626 Бардыгы / Кылым карытып келе жаткан кыргыз тилибизди бүгүнкү күндө бутуна тургузуп, өйдө көтөрүп, кадыр -баркын көтөрүү болбой жатат. Бүгүн кыргыз тилине кандай мамиле кылсак, келечекте тарыхыбыз ошого карап өсөт. Тилсиз маданият да болбойт. Тилсиз тарых да өспөйт. Баарынын башаты өзөгү, тамыры бул биздин эне тилибиз. Эне тилди өнүктүрүү бир гана тил комиссиясында же болбосо […]
КЫРГЫЗ ТИЛГЕ КӨӉҮЛ БУРУУ СОЛГУНДАП КЕТТИ
24.09.2018 / Автор aymak

3,627 Бардыгы /
Кылым карытып келе жаткан кыргыз тилибизди бүгүнкү күндө бутуна тургузуп, өйдө көтөрүп, кадыр -баркын көтөрүү болбой жатат. Бүгүн кыргыз тилине кандай мамиле кылсак, келечекте тарыхыбыз ошого карап өсөт. Тилсиз маданият да болбойт. Тилсиз тарых да өспөйт. Баарынын башаты өзөгү, тамыры бул биздин эне тилибиз.
Эне тилди өнүктүрүү бир гана тил комиссиясында же болбосо тил коомунда иштегендердин эле эмес ар бир мен кыргызмын деп жүргөндөрдүн да милдети. Ооба, патриоттор бар, алар “Эмне үчүн шаар, област тил боюнча иштебей жатат, алар эмне кылып олтурат?”- деп мени кайсыл жерден көрүшсө ушул суроону беришет.
Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 29 жылы болуп олтурат. Тилибиз дагы эле өз максатына жете албай ара жолдо келатат. Себеби мамлекеттик камкордук болбой жатат. Мисалы, көчөлөрдү эле алалы. Тиешелүү адамдар көрнөк-жарнактарга рейд уюштуруп окуу жайларга, мектептерге, мекеме-ишканаларга тапшырма берип, көзөмөлдөп койсо жакшы болмок.
Алар иштебей жатышат, көрнөк-жарнактар узун-туурасынан каалагандай илинген. Ал эми тилдин мааракесинен дайын жок. Тилге карата жүрөктөн чыккан, мекенчилдик, улуттук сезимди козгогон ураан- чакырыктар мэриянын, областтык администрациянын алдында илингендери көрүнбөйт. Мурда бир жума алдын ала илип, даярдачубуз. Ошол кезде да акча маселесин көйгөй кылышчу, бирок талашып- тартышып жүрүп жетишчүбүз. Ал үчүн адис жумушуна тыӊ болуп, аракет кылышы керек.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын тил боюнча жүктөлгөн адиси жыл башынан аракет кылып бюджеттен акча бөлдүрүп албагандыктан тил майрамы күнү мааракени өткөрүүгө каражат жок мэрдин резервдик фондунан алышты. Бул деген ошол адистин чабалдыгы.
Андан сырткары дагы бир өкүнүчтүүсү мамлекеттик тил күнүн белгилөө бир гана мектеп жана окуу жайларда гана болуп калды. Эмне үчүн мекеме- ишканаларда тил маарекесине карата эч кандай иш-чара болбойт? Мен иштеп турганда мекеме- ишканаларда, жаштар, студенттер арасында, аймактык башкаруучулар арасында кароо-сынактар өтүп турчу, азыр алардын бири да жок. 3 айдан кийин жыл жыйынтыкталат. Эмдигиче бир түзүгүрөөк бир иш-чара, кароо-сынактар өткөрүлө элек. Көрнөк-жарнактарга 2-3 күн мурун эскертүү берип, кийин алып салчу элек. Азыр ал нерсе да жок, себеби эскертүү да бере алышпайт.
Чакыруу боюнча окуу жайлардагы, мектептердеги тил майрамына карата иш-чараларга барып катышып күбө да болдум. Алардын бири Сузак районуна караштуу Жаңы-Дыйкан айылындагы мектеп. Ал мектепте көбү түрк, өзбектер окуйт экен Кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалиминин улуту түрк экен. Мамлекеттик тил майрамына карата жогорку деңгээлде иш-чара өткөрүштү. Ошондой эле Таш – Булак айыл өкмөтүндөгү өзбек- орус тилдүү мектептеги иш-чарада да болдум. Бардыгы талапка ылайык. Кааналардын жасалгалары да мыкты экен. Жакшы көрсөткүчтөрү үчүн аталган мектеп директору Бактыгүл Паизова жана Жаңы-Дыйкан айылындагы мектептин кыргыз тили мугалими “Ыйык тили” төш белгиси менен сыйланды.
Ал эми тилге болгон кош мамилебизден дагы эле арыла албай келебиз. Ага мисал, Базар-Коргон районунун билим берүү бөлүмүндө август кеңешмеси өтүп, анда бир мугалим орусча баяндама жасады. Отургандардын баары эле кыргыз. Ошол учурда чыдай албай акимге жана анын орун басарына дароо айттым. «Мамлекеттик тил кабыл алынгандан кийин тилдин 24-беренесинде жазылган: бүт чогулуштар, семинарлар, кеңешмелер баары тең мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн” деген десем, ал орус тилчи мугалим дешет. Анда эмне үчүн кыргыз тилчи мугалим жасабайт? Мына ушинтип өзүбүз тилибизди кадырлабай, жыйналыш, чогулуштарды кыргыз тилинде өтпөй, аз улуттун өкүлдөрүнө муктаждык жарата албайбыз. Анан алар кантип тилди үйрөнүшсүн. Кайсыл жерди жердесең, ошол ырдын ырын ырда дегендей, Кыргызстанда жашап жаткан ар бир атуул улутуна карабай кыргыз тилинде сүйлөп, ырдоо керек.
Үпөл АСАНАЛИЕВА, КРдин Кыргыз тили коомунун Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg “ЖОЛ ТАРТИБИ, КООМ ТАРТИБИ – 2026” АТАЛЫШЫНДАГЫ ФОРУМ ӨТТҮ
-
31.03.2026 / Автор anarkan_kg МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
-
09.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШМУда ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН ЖУМАЛЫК ЖҮРҮП ЖАТАТ
-
18.04.2025 / Автор anarkan_kg “КЫРГЫЗНЕФТЕГАЗ” ААКтын АКЦИОНЕРЛЕРИНИН ЖАЛПЫ ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ
-
26.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ АНТИКИНОТЕАТРЛАРДЫ ЖАБУУНУ ТАЛАП КЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.