Аймак

МУГАЛИМ – ЭСКИРБЕГЕН КЕСИП ЭЭСИ

МУГАЛИМ – ЭСКИРБЕГЕН КЕСИП ЭЭСИ

 13,729 Бардыгы /

 

КРдин Өкмөтүнүн  2008-жылдын 5-февралындагы №36 токтому  менен «Октябрь айынын биринчи жекшемби күнү” – жыл сайын мугалимдердин профессионалдуу майрамы белгиленип келет. Мугалимдик кесипти кылымдардан бери келе жаткан эскирбеген кесип катары билип келебиз. Быйыл облус боюнча Жалал-Абад шаарынан эки мугалим «Кыргыз Республикасынын эмгек сиирген мугалими» наамына татыды. Айлык маянанын аздыгына карабай ары ардактуу, ары жооптуу кесибинде ыссык-суугуна чыдап, башка жумушка алмаштырбай иштеп келе жаткан бул тармактын кызматкерлерин сөзгө тарттык.

 

Анарбек ТОКТОСУНОВ, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими:

 «АК ЭМГЕГИМДИ МАМЛЕКЕТ БААЛАДЫ»

-Мен 1980-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетин бүтүргөм. Алгачкы эмгек жолумду Сузак районуна караштуу №4 Интернационал орто мектебинде математика мугалими болуп иштөөдөн баштагам. 1987-жылы Жалал-Абад шаарындагы №9 мектепте иштедим. 1992-жылы шаардык билим берүүдө инспектор,  ошол эле жылдын сентябрынан №4 мектеп-гимназиясында 1999-жылга чейин директор болуп иштедим. Андан кийин №14 мектеп-лицейине директор болуп которулдум. 2010-жылы №3 мектебине директор, сентябрда ротация болуп кайра №14 мектепке бардым. Быйыл 2018-жылдын сентябрынан №4 мектеп-гимназиясына директор болуп келдим. Педагогикалык стажым 40 жыл. Ушул кылган эмгектеримди мамлекет баалады деп ойлойм. 30-августта Президенттин указы менен “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” наамын бергенине кубанычтамын. Кыргыз мамлекетинде жашап, ак эмгегим менен акылым жетишинче кызмат кылдым, ошону баалаган мамлекетке ыраазычылык билдирем.

Мугалимдик кесип өтө түйшүктүү жана сыймыктуу кесип. Ар ким эле мугалим болушу кыйын. Мисалы, 11-класстар бүтүп кетип жатканда «Ким мугалим болот?» деп кызыгып сурап калсам, кээ бир класстарда бирден-экиден болбосо, дээрлик мугалим болом дегендер жокко эсе. Эмне үчүн мугалим болбойсуңар десем, кайсы бир жылы болгон да бир окуучу «мугалимдик кесип жаман» дейт, ал адашып жатат, мен аны билип турдум. Оор деген сөздү адаштырып, жаман деп алган. Кийин «жок агай, мен адашып калдым, жаман эмес оор кесип деп айткым келген» деген. Чындыгында оор кесип экени талашсыз. Азыркы балдардын көз карашы өзгөрүп, сырткы маалыматтар менен  таанышуусу күч алган. Алар мугалимдердин жашоосу менен прокурор, дипломат, экономист, чиновниктердин жашоосуна салыштырып алышат. Мугалимдер азыркы алган айлыгы менен алардын жашоосуна эч качан жете алышпайт, алар жашаган үйдү дагы, минген машинасын, кийген кийимин дагы кие алышпайт. Ошондон окуучулар жыйынтык чыгарышып, мугалимдик кесиптен баш тартып жатышат.

Баланы сүймөйүнчө чыныгы мугалим болуш кыйын. Кантип сабакка киресиң баланы сүйө албасаң. Кесип тандоодо адашып калган же ата-энесинин сунушу менен окууну бүтүп иштеген мугалимдер педагогика, психологияны окуса да, окуучу менен келишпей, мен иштей албайм деп артка кетип жатат. Кээ бир мугалимдер айтат «окуучулар укпай жатат, тартиби жок» деп, албетте тартиби жок болот да окуучуларды өз багытына салып ала албаса. Биз 5 жылдык окуу менен анан мектепте канча жыл иштесек, ошончо жыл тажрыйба менен окутуу жетишсиз экен. Биз тынымсыз китеп окуп, жаңылыктардан кабардар болуп, өнүгүп өсө беришибиз керек. Булардан кабарсыз болсок балдардан артта калып, аларды түшүнбөй ортодо конфликт жаратып алабыз. Биз анан аларды урганга, урушканга жарап калабыз. Биздин азыркы мугалимдер ушундай болууда. Азыркы окуучулар сабакка киргиси, окугусу келбейт. Анткени сабак кызыксыз болуп калууда. Ошондуктан мугалим болуш кыйын. Окуучулар окуткан мугалиминен жана окуган мектебинен бүткөнүнө ыраазы болуш керек. Мына ошол мугалим менен мектептин сыймыгы.

Бардык мугалимдерди келе жаткан майрамы менен куттуктайм! Кайталап айтам, мугалимдик кесип оор, ошону менен катар сыймыктуу. Башка кесиптегилер эмнеси менен мактанышы мүмкүн мисалы, прокурор болсо мынча адамды камадым деп мактана албайт. Биз мугалимдер мактана алабыз. Менин окуучуларым, илимдин докторлору болду Америкада, БиБиСиде, Англияда иштеп жатышат. Бул менин эмгегимдин жемиши, мен аларга сыймыктанам. Көчөдө көрүп калышса «Саламатсызбы агай» деп окуткан окуучуларым учурашат. Ошолорду көрүп, айрым учурда мен мугалимдик кесипти бекеринен тандабаптырмын деп калам.

 

Айнагүл АБДУСАТТАРОВА, башталгыч класс мугалими:

ИДИРИС АЙТБАЕВ МЕНИН ОКУУЧУМ”

 

-Менин педагогикалык эмгек стажым 22 жыл. Алгачкы ишмердүүлүгүмдү жаштар уюмунда жетекчи болуп баштап, кийин лицейден уланттым. №26 “Балапан” балдар бакчасында да тарбиячы болуп иштедим. Азыркы күндө Жалал-Абад шаарындагы №21 Ж.Болотов атындагы орто мектебинде башталгыч класс мугалими болуп иштеп келем. Мугалим деген балдарга өзүн арнаган, жан-дүйнөсү таза, боорукер, өзүндөгү бар нерсени балдарга жеткирүүгө аракет кылган адам.

Азыр биз техниканын өнүккөн заманында жашап жатабыз, жаш муундар компьютер, телефон менен алек болуп калышты. Ооба, өнүккөнү жакшы, бирок балдардын китептен алыстаганы жаныңды кейитет жана балдардын кабыл алуусу да начар, бүгүн айтсаң эртең унутканы аябай өкүнүчтүү. Негизи башталгыч класстын окуучулары менен иштешүү өтө кыйын. Бир окуучум башталгыч класска алгачкы жолу келгенде “үйгө тапшырмага эмне берилди” десем эле ыйлай берет болчу. Жаш бала болгондуктан катуу урушсаң андан өтүп ыйлашы мүмкүн. Ага аяр мамиле жасап олтуруп адатынан арылттым. Дагы бир окуучум “эжеке”деп кайрыларда “апа” деп айтып алат, бирок оңдоп кетет. Бул да болсо мугалим экинчи эне дегенге бир далил болсо керек.

Учурдагы дагы бир  көйгөй нерсе айлык маянанын аздыгынан жаңы окууну бүткөн адистер чет жакка кетип же башка жумуш (базарга чыгып) жасап жүрүшөт. Бул албетте өкүнүчтүү, биз жаш кадрларды жумушка орноштуруу менен өнүгүп-өсүшүбүз керек. Алар сабырдуу болуп иштесе, албетте кийин өз жемишин берет. Сен окуткан балдар билимдүү, илимдүү болуп эл керегине жараса, бул мугалим үчүн айтып бүткүс сыймык. Мисалы, менин лицейде окуткан окуучуларым азыркы күндө жакшы кызматтарда иштеп, чет жерлерде да өз билимдерин өркүндөтүп жүрүшөт. Айтсам, Кореяда,  АКШда, Кыргызстанда. Алардын бири белгилүү төкмө ырчы Идирис Айтбаев. Мен алар менен сыймыктанам. Өз ишмердүүлүгүмдө “Жыл мугалими 2017” кароо – сынагында  2-орундун ээси болгом. Эң улуу кызым азыркы күндө педагогика жаатында бүтүрүүчү курста окуйт, бул да болсо менин кесибимдин таасири.

Жалпы кесиптештеримди мугалимдер майрамы менен куттуктайм! Ар дайым балдарга билим берүүдө талыкпастан эмгектене беришиңиздерге тилектешмин.

 

Анипа САТАРОВА, КРдин эмгек сиңирген мугалими:

«ПЕНСИЯГА 1200 СОМ МЕНЕН ЧЫККАМ»

-Канчалык мээнет кылып эмгектенсең, баары бир анын акыбети кайтат экен. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” наамы бир гана менин сыйлыгым эмес, коллективимдин, окуучуларымдын, ата-энелердин да ийгилиги десем болот. Адамдын эмгек жолу бааланып жатса, демек ал жалгыз адамдын ийгилиги эмес. Анткени педагогикалык татаал жолдо мына ушул курам  менен тыгыз иш алып баргам, алардын да үлүшү бар.

Кыргыз тили жана адабияты предметинен сабак берип, педагогикалык жалпы стажым 44 жылды түзөт. Ушул жылдардын аралыгында канча окуучуларга билим берип, мектеп босогосунан чыгардык. Азыр ошондогу окуучуларым өздөрү балдарын мектепке жетелеп келип жатат. Бул дагы чоң ийгилик, анткени мурунку окуучуларым менен кайрадан учурашып туруу бул сыймык.

Менин эмгек жолум деле, өмүр жолум деле жупуну. Бирок мен ардактуу кесиптин ээси болгонума сыймыктанам. Өмүр жолум ушул окуучулар менен абдан кызыктуу өттү. Мугалимдик кызматым менен пенсияга 1200 сом менен чыккам. Ошол мезгилдеги мугалимдердин пенсиясы өтө-өтө аз болгон.  Андан бери иштеп олтуруп кошулду.

Мугалим –  баарына тегиз тийип турган күн сымал.

Урматтуу мугалимдер, сиздердин жакындап келе жаткан кесиптик майрамыңыздар менен куттуктаймын. Иштериңиздерге ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалайм!

 

 

Тавалдыбек МАДИМАРОВ, Эл агартуунун отличниги: «МУГАЛИМБУЛ КЕСИПТЕРДИН ТӨРӨСҮ»

-Билимим жогорку, педагогикалык стажым 37 жыл. 1981-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун математика мугалими адистигин аяктагам. Өмүрлүк жолдошум Жунусбаева Зульпия да педагог, англис тил мугалими.  Алгачкы эмгек жолумду Сузак районундагы №3 Чапаев (азыркы Чаңгыр-Таш) орто мектебинде математика мугалими болуп иштеп баштагам. Кийин курстан өтүп, информатика предмети боюнча да сабак бере баштадым. Андан кийин Жалал-Абад шаарындагы К.Ш.Төрөмаматов атындагы Эл аралык университетте иштеп келдим. Учурда Кара-Дарыя айыл аймагындагы №19 А.Абдукаимов атындагы орто мектепте директор болуп иштеп келүүдөмүн.  Билим берүү тармагында аткарган жумуштарым мамлекет тарабынан эске алынып райондук, областтык сыйлыктар, билим берүү министрлигинин грамоталары, «Эл агартуунун мыктысы» төш белгиси менен сыйлангам.

Мугалимдик кесип-бардык кесиптердин төрөсү десем болот. Мугалим – адамдардын акыл эмгегин дарылоочу дарыгер, психолог, артист ошону менен катар акын-жазуучу.

Азыркы коомдогу мугалим ар тараптуу болуусу зарыл. «Атагы бир жылга калчуулар эгин эксин, беш-он жылга калчуулар бак эксин, ал эми түбөлүккө калчуулар бала тарбияласын» деген экен бир даанышман. Андыктан мугалимдер, бар болгула. Кесиптик майрамыңыздар менен!

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, «Аймак»

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17