Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,646 Бардыгы / 2018-жыл Жалал-Абад шаары үчүн бир топ жаңылануунун жылы болду десек жаңылыштык болбос. Анын бир бөлүгү таза суунун жаңы түтүккө улоо иштери болду. Жаңылануу, жаңылык жасоо жакшы. Бирок ал элге канчалык пайдасын тийизип жатат? Таза суу багытында жаңы бүткөрүлүп жаткан иштерде кемчилик жокпу? Таза суунун басымы кандай, суу качан өчпөй калат деген суроолордун айланасында […]
2,647 Бардыгы / 2018-жыл Жалал-Абад шаары үчүн бир топ жаңылануунун жылы болду десек жаңылыштык болбос. Анын бир бөлүгү таза суунун жаңы түтүккө улоо иштери болду. Жаңылануу, жаңылык жасоо жакшы. Бирок ал элге канчалык пайдасын тийизип жатат? Таза суу багытында жаңы бүткөрүлүп жаткан иштерде кемчилик жокпу? Таза суунун басымы кандай, суу качан өчпөй калат деген суроолордун айланасында […]
ЖАЛАЛ-АБАД: СУУ КАЧАН ӨЧПӨЙ КАЛАТ?
26.11.2018 / Автор anarkan_kg

2,648 Бардыгы /
2018-жыл Жалал-Абад шаары үчүн бир топ жаңылануунун жылы болду десек жаңылыштык болбос. Анын бир бөлүгү таза суунун жаңы түтүккө улоо иштери болду. Жаңылануу, жаңылык жасоо жакшы. Бирок ал элге канчалык пайдасын тийизип жатат? Таза суу багытында жаңы бүткөрүлүп жаткан иштерде кемчилик жокпу? Таза суунун басымы кандай, суу качан өчпөй калат деген суроолордун айланасында Жалал-Абад шаардык сууканал башкармалыгынын башчысы Төлөнбек Бакиров менен маек курдук.
-Төлөнбек Калдарбекович, саламатсызбы? Таза сууга улануу долбоору 2018-жылдын аягына бүтүшү керек болучу. 1 ай мөөнөт калды. Жетишесиздерби?
-Негизи бул долбоордун аткаруучулары шаардык сууканал башкармалыгы эмес. Ошентсе да маалымат берип койсом ашыктык кылбас. Ооба, жыл бүтөрүнө аз гана убакыт калды. Бирок биздин иш да соңуна чыгып жатат. Азыр долбоор алкагында кайсы аймактар таза сууга уланышы керек болсо дээрлик анын бары уланып бүттү. Айрым гана жер үйлөрдү эске албаганда баарысы аягына чыгып калды десек болот.
-Долбоор го аяктап баратыптыр, бирок анын сапаты кандай?
-Сапатсыз деп айтууга негиз жок. Анткени жаңы сууга улангандан кийин эч кимден даттануу түшүп же авариялык абал боло элек. Бул деген иш сапаттуу эле жүрүп жатканынан кабар берет. Азыркы күндө бүтө элек жерлери казылган жолдорду асфальттоо жана майда барат азыраак иштери калды.
-Анда эмнеге жаңы түтүктөр жарылууда?
-Жок. Түтүктөр сапатсыз деп айта албайм. Анткени жаңы түтүктөн көйгөй болгон жок. Айрым учурда жер үйлөргө суу алып кирип жатканда ички түтүктөрүнүн эскилиги жеткендигине байланыштуу гана жарылуу же авариялык абал болуп жатат. Суунун басымы бир ыкка түшүп, түтүктөргө оорчулук келген жок.
-Кечиресиз, акыркы күндөрү шаарда тез-тез суу өчүп жатат. Аны оңдоо иштерине байланыштырасыздар. Долбоор эки жылдан берип жүрүп жатса, күн сууктаган мезгилде оңдоо иштерин жүргүзүү кандай болуп калды?
-Туура. Суу өчүп, кээ бир учурда сууну кечирээк берип калган кездер болду. Бирок бул баарын башынан оңдоп жатат дегени эмес. Андан башка учурда суу өчүп жатат деп айтуудан да алысмын. Кээде эле жер үйлөрдөн бир үйгө жаңы сууну улаган учурда гана бир көчөнүн суусун өчүрүүгө туура келди.
-Ушул өчүрүүлөр боюнча элге өз убагында маалымат берсеңиздер болбойбу? Азыр интернеттин өнүккөн заманы эмеспи?
-Акыркы убактарда интернет аркылуу маалымат берүүнү жолго коюп жатабыз. Аны менен гана чектелбей аймактык башкармалыктарга, андагы үй комитеттерине маалымат берилип, алар жергиликтүү жашоочуларга айтып, түшүндүрүп турушат. Акырындык менен сууну өчүрбөөгө, эгер өчүрүүгө себеп болуп калса өз убагында маалымат таратуу аракетиндебиз.
-Маалымат берүү го жолго коюлат. А суу качан өчпөй калат?
-Экинчи долбоорду ишке ашырып, шаарды бүтүндөй таза сууга улап алсак анан суу өчпөй калат деп айтсак болот. Бирок кээ бир учурда өчүрүү болуп калышы ыктымал. Такыр эле өчпөйт дегенден да алыс болуш керекпиз.
Маектешкен: Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Аймак”
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
05.06.2024 / Автор anarkan_kg ШААРДА “МЕКЕН АРТЫК ӨМҮРДӨН” АТТУУ КОНЦЕРТ ӨТТҮ
-
13.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ЖЕРГЕСИ СПОРТ МЕКТЕПТЕРИНЕ ЖАНА МАШЫКТЫРУУЧУЛАРЫНА ӨЛӨ МУКТАЖ!
-
24.06.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДЫН ИДПсы КҮМӨН ГАНА ЖАРАТАТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.