Аймак

Таирбек Чойбеков, Жалал-Абад шаарынын 1-вице мэри: “Бүгүнкү күндө шаарда иш жок, болбой жатат деп айткандарга мен таптакыр макул эмесмин

 3,580 Бардыгы /

-Тайирбек Орозбекович, 2012-жылдын аягында шайланып келген үч партиянын ичинен эки партиянын фракциялары – “Ата Журт” жана КСДП биригип “Ак ниет” коалициясын түзүп, шаар башкаруу жоопкерчилигин алгансыздар. Ошонун ичинен сиз 1-вице-мэр кызыматын аркалап реалдуу секторду башкарып келе жататсыз. Мына, андан бери бир жылдан ашык өттү. Сиз тейлеген тармак жылды кандай жыйынтыктады?

-Бүгүнкү күндө шаарда иш жок, болбой жатат деп айткандарга мен таптакыр макул эмесмин. Биз башкаруу бийлигине келгенде 2013-2017-жылдарга шаардын орто мөөнөттөгү социалдык -экономикалык өнүгүү программасын кабыл алып, аткарууну максат кылганбыз. Ал максаттын үсүндө аракет кылып жатабыз. Өткөн жылы өнөр жай, курулуш жана башка тармактар да бир топ өбөлгөлүү жетишкендиктер менен аяктады. Шаарда жайгашкан “Келечек”, “Нур”, “Борбордук Азиядагы ташты кайра иштетүүчү завод”, “АИГ-СМ” , “Сладости Багери”, “Назик ИРИ” ЖЧК, “Ширин” АК жана башка ишканалар шаар өнүгүүсүнө бараандуу салым кошту. “Кыргыз көзү азиз жана дүлөйлөр”, “Курулуш тетиктер комбинаты” ЖЧКтар жана бир катар мамлекеттик ишкалар да жашкы иштешти. Эң негизгиси – шаарда пайдаланылбай жаткан жаратылыштын табигый ресурстарын аныктап ички инвестициялардын эсебинен жаңы 4 ишкананы ишке киргиздик.Таирбек  Чойбеков, Жалал-Абад  шаарынын 1-вице  мэри: “Бүгүнкү күндө шаарда иш жок, болбой жатат деп айткандарга мен таптакыр макул эмесмин

– Кайсы ишканаларды?

-“Келечек” ААК тарабынан 500 миң сомдук каражатка пластик жана целлофан чыгындыларынан пластмасс суу түтүктөрүн жасоо боюнча цех ишке киргизилип 10 жаңы иш оруну түзүлдү. Шаар мэриясы тарабынан 13,3 млн. сомго муниципалдык асфальт заводу курулуп иштеп баштады. Бул ишканада 37 жумуш орундары түзүлдү. “СКАЙ” ЖЧК ишканасынын жетекчилери 8,3 млн. сомго ташты майдалоочу заводу иштетилип 17 жумуш орду түзүлдү. Ошондой эле “Саймалуу Таш” ишканасы ички инвестициянын эсебинен 5,9 млн. сомдук ташты кайра иштетүү өндүрүшү ишке киргизилип, мында да 10 жаңы иш орундары түзүлдү.

– Иштеп иштебей, токтоп калган ишкалар да болдубу?

– Ооба, баарына белгилүү “ЖанДОС” ишканасы менен “Лиматекс пахта корпорациясы” 2010-жылдан бери иштебей токтоп турат. Жалал -Абад нефтини кайра иштетүүчү Кыргыз-азербайжан биргелешкен ишканасы , “Мариям” ишканасы 2011-жылдан бери толугу менен иштеген жок. Мунун себеби алардын продукциясына чет элдик рынокто кардар жоктугу жана каражаттын жетишсиздиги.
2013-жылга белгиленген өнөр жай продукциясын өндүрүүгө терс таасирин тийгизген ишканалар да бар. Алар мурдагы жылга караганда өткөн жылы “Дан ЮГ” ЖЧК 100,7 млн.сомго, “Ак алтын” ЖЧК 4,7 млн.сомго жана “Мата” ишканасы 3,3 млн.сомго кем продукция өндүрүштү. Мындан сырткары шаарыбыздагы 25 негизги өнөр жай ишканалары ар түрдүү себептерге – чийки заттардын жетишсиздиги, жүгүртүүгө каражаттардын жоктугу, ички жана тышкы рынокто өндүрүлгөн продукцияларга суроо-талаптардын жоктугуна байланыштуу 5%дан- 70%га чейин иштөөдө.
Быйыл биз 2014-жылга белгиленген 3 млрд.139,7 млн. сомдук продукция өндүрүү үчүн аракет кылабыз. Азыр мүмкүнчүлүктөрдү жана кесепеттерди талдап, андан чыгуунун жолдорун издеп жатабыз.

-Инвестиция тармагындагы абал кандай?

-Өткөн жылы Жалал-Абад шаарына жалпы көлөмү 1 млрд. 538 млн. 653,6 сомду түзүп, 2012-жылга салыштырмалуу 166,6 пайызды түздү. Мында биз ички инвестицияларды тартууда ийгиликтерге жетише алдык. Натыйжада ички инвестиция каражаты 1 млрд. 469,5 млн. сом тартылып өсүү темпи 174,2 % пайызды түздү.
Өкүнүчтүүсү тышкы инвестиция начар болду. Жыл ичинде 69,2 млн. сом гана тышкы инвестиция тартылып, ал 2012-жылга салыштырмалуу 86,5 пайызга төмөндөп кеткен. Ошол инвестиция тартуунун эсебинен Жалал-Абад шаар аймагына 329 жаңы ишканалар ачылды, анын ичинен 263 жеке ишкерлер жана 66 юридикалык ишкана ишин жүргүзүп жатат.Таирбек  Чойбеков, Жалал-Абад  шаарынын 1-вице  мэри: “Бүгүнкү күндө шаарда иш жок, болбой жатат деп айткандарга мен таптакыр макул эмесмин

-Таирбек Орозбекович, шаардын борбордук базарын тазалоо, иретке келтирүү иши коомчулукту канааттандырбай жатат.

-Туура, биз да бул багытта тынбай иш алып барып жатабыз. Бирок базар ээлеринин көбү менчик болгондуктан иретке келтирүүгө жолтоо болууда. Ошого карабастан биз бир нече жолу рейд өткөрүп, өрт коопсуздугун эскертип, милдеттендирип жатабыз. Базардын Нагима Айтматова жана Ленин көчөсү тарабын тазаладык. Мэриянын алдындагы керек-жарак рыногу жана департаменти 2013-жыл ичинде 4 млн. 654 миң сом акча каражатын топтоп, белгиленген планды толугу менен аткарды. Ал эми мэриянын колдоосу менен муниципалдык базардын кызматкерлери үчүн эки кабаттуу имарат ишке берилди. Мындан сырткары базардын сатуучулары жана аламандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында ашар ыкмасы менен 1 млн. 112 миң сомдук жумуштар аткарылды.

-Мэриянын жүргүзгөн саясатынын өзөгү -бул шаарды көрктөндүрүү, көчөлөрдү кеңейтүү, шаарды тазалоо, оңдоо, жарыктандыруу эмеспи. Бул багытта кандай иш жасалып жатат?

-Ырас бул багытта ар кандай пикирлер айтылууда. Бирок мен ачыгын айтайын, мэрия ар кандай популисттик адамдардан алыс болуп, алынын жетишинче эле иштеп жатат. Шаардык кеңештин депутаттары бюджеттен карап берген каражатка ылайык иштер жүргүзүлүүдө. Шаардын тургундарына ыңгайлуу шарт түзүү максатында Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти тарабынан шаар көчөлөрүн жамап-жасоо, жаракаларга чакыч куюу, көчөлөрдү кеңейтүү, жаңы жолдордун тротуарларын куруу боюнча иштер болуп жатат жана мындан ары да улана берет. Мурунку жылдары арыктар тазаланбай шаардын борборун суу басып жатчу эле, мэрия Сел-Арык, Хан-Арык, Чоко-Арык каналдарын тазалап, суу өтүүчү темир бетон латокторун өткөрүп, үстү жабылууда. Жалпысынан бул тармакка 11 млн. 817 миң сом жумшалды. Шаардын көчөлөрүндөгү жарака, чуңкурчалар жамалып, асфальтталды. Шаардын бир канча кыска көчөлөрү асфальтталды. Мындан сырткары депутаттын наказдарын аткарууга 1 млн. 954 миң сом, мэриянын жана шаардык кеңештин буйруктарынын негизинде эски жана жаңы светофорлорду орнотуу жана башка жумуштарга 5 млн. 194 миң сомдук жумуштар аткарылды. Шаардагы жылуулук берүүчү ишканага туташтырылган үйлөр, мекемелер бар. Мына ошо жылуулук энергиясын үнөмдөө максатында түтүктөрдү ороп жылуулоо, оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бүгүнкү күнгө шаардагы Токтогул көчөсүнүн №8 көп кабаттуу үйү, №12 үйүнүн батири, Бабкин чолок көчөсүнөн 2 жер үй, Манас проспектисинен №65 үйүнүн 16 батири жана шаардык каржылоо бөлүмү толугу менен жылуулук системасына туташтырылды. Ошондой эле №33 “Бермет” мектепке чейинки билим берүү мекемесин да жылуулук түйүнүнө кошуу иштери аяктап калды. Бул багытта иш уланууда.
Таирбек  Чойбеков, Жалал-Абад  шаарынын 1-вице  мэри: “Бүгүнкү күндө шаарда иш жок, болбой жатат деп айткандарга мен таптакыр макул эмесмин
Шаар тургундарынан чыккан турмуш тиричилик калдыктарын убагында жыйнап, аны шаардан сырткары таштандыларды төгүүчү жайга жеткирүү боюнча иш кетип жатат. Бирок ачык эле айтып коёюн, бул үчүн жеке эле мэрия жана анын кызматы эмес коомчулук чогуу аракет кылышыбыз керек. Айрым жарандар туш келди жерлерге таштандыларды төгүп салууда. Биз аракет кылып мурдагы жылга салыштырмалуу абоненттерди кошумча 12 миңге көбөйттүк. Мекеменин өз каражатынын эсебинен 184 миң сомдук курулуш иштери аткарылып, 70 даана таштанды салуучу контейнер жасалды. “Санитардык тазалыкты сактоочу муниципалдык атайын автобазасы” жыл ичинде 11 млн. 358 миң сом акча каражатын жыйнаган. Шаарда жолбун иттер көбөйүп кетип 2474 кароосуз жүргөн ит мышыктар атылды.
Шаардын калкын таза суу ичүүчү суу менен камсыз кылуу багытында “Жалал-Абад суу канал” башкармалыгы жыл ичинде сатылган жана саркынды сууларды тазалоонун жана башка кирешелердин эсебинен 41 млн. 698 миң сом киреше таап, чыгаша 40 млн. 623 миң сомду түзүп, ишкана 1 млн. 77 миң сом пайда менен жыйынтыктаган. Буюрса, март айынан баштап шаардын борборундагы участоктордун суу түтүктөрүн алмаштыра баштайбыз.
-Эмне, шаарда кемчиликтер жок, баары эле жайында дегиңиз келип жатабы?
-Андай деле оюм жок. Албетте, иш болгондон кийин кемчиликтер да болот экен. Көрүп жаткан аракеттерибизге карабай бир катар кемчиликтерге жол берилген. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан шаардагы 10 көп кабаттуу үйлөрдү коммуналдык отканаларга туташтыруу боюнча тапшырманы аткара албай калдык. Шаардык транспорттук пассажирдик агенттиги тарабынан белгиленген мөөнөттө маршруттук таксилердин тендери өткөрүлбөй калды. Шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы жеке жарандардын арыз каттары менен иштөөдө арыз ээлеринин талаптарын толук чечүүгө жетише алышпады. Ошондой эле “Сууканал” жана “Жалал-абадгаз” чарба башкармалыктары дебитордук карыздарды жоюуда толук кандуу иштеше алышкан жок. (7 млн.807 миң сом; 8 млн. 636 миң сом)
Өткөн жылдын экинчи жарымында ишкананын финансылык абалын жакшыртуу жана эмгек жамаатынын айлык акыларын убагында берүү багытында да муниципалдык автобазада көңүл жылытарлык иштер аткарылган жок.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү багытында шаар ичиндеги жеңил автоунаа токтоочу жайлардын, парковкалардын санын көбөйтүү боюнча муниципалдык менчикти башкаруу комитети да шаар ичиндеги аянттарды толук камтый алган жок.
Калкка кызмат көрсөтүү жана аларды тейлөө мекемелеринин абоненттер менен иштөөсү талаптагыдай болбой жатат. Ошондуктан шаардык мэрияга келип түшкөн арыз каттардын 80-90%ы калкка кызмат көрсөтүү жана тейлөө мекемелеринин дарегине таандык.
Ошондуктан үстүбүздөгү 2014-жылы жогоруда аталып өткөн кемчилдиктерди азайтуу жана жоюу багытында аталган мекеме-уюм жана ишканалар кечиктирилгис аракеттерди көрүп, иш-чараларды кабыл алуусу зарыл.

Маектешкен: Орозалы Карасартов, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17