Аймак

МОСКВАДА КЫРГЫЗ ЖАНА ТАЖИК ЖАРАНДАРЫНЫН ӨЛҮМҮ БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

МОСКВАДА КЫРГЫЗ ЖАНА ТАЖИК ЖАРАНДАРЫНЫН ӨЛҮМҮ БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

 1,098 Бардыгы /

Москвада суу коллекторунда каза болгон үч жумушчунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул трагедиянын жыйынтыгында эки кыргыз, бир тажик жараны көз жумган.

Маалыматка ылайык, каза болгондор 20 жана 22 жаштагы кыргызстандыктар болгон. 7-августта Москвадагы суу коллекторлорун тазалап жаткан учурда катуу жааган жамгырдан улам суу толуп калып, үч адамды агызып кеткен.

“Коммерциялык уюмдардын жооптуу кызматкерлеринин иш-аракеттеринде кылмыш белгилери болгондуктан, прокуратура материалдарды тергөө органына жиберди”, – деди Москва прокуратурасынын расмий өкүлү Людмила Нефедова.

Эмгекти коргоо талаптарын жана коопсуздук эрежелерин бузуу айыбы менен кылмыш иши козголду.

Орусиянын Кылмыш кодексинде бул айыптоолор боюнча 5 жылга чейин кара жумушка кесүү, айрым кызматтарда иштөөгө жана айрым иштер менен алектенүүгө тыюу салуу же 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17