Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

УКМК: ЖУРАТ АБДУЛЛАЕВДИН 800 МИЛЛИОН СОМУ МАМЛЕКЕТКЕ ЧЕГЕРИЛДИ

УКМК: ЖУРАТ АБДУЛЛАЕВДИН 800 МИЛЛИОН СОМУ МАМЛЕКЕТКЕ ЧЕГЕРИЛДИ

 523 Бардыгы /

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) камактагы ишкер Журат Абдуллаевдин кылмыш ишине байланыштуу маалымат берди. Анда мыйзамсыз курал сактоого шек саналган бизнесмен “айыбын мойнуна алганы, соттун чечими менен 100 миң сом айып пул салынып, 800 миллиондон ашык сому мамлекетке чегерилгени” айтылат.

“Козголгон кылмыш ишинин алкагында бюджетке 800 миллион сомдон ашык акча чегерилди. Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучунун демилгеси менен ага коюлган кылмышты мойнуна алуу тууралуу келишим түзүлгөн. Тергөө амалдары аяктап, материалдар Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген. 12-сентябрда аталган соттун өкүмү менен күнөөлүү деп табылды, жаза катары 100 000 сом айып пул салынды”,-деп жазылган маалыматта.

Журат Абдуллаев жана анын жакындары буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

УКМК 19-августта Абдуллаев мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалганын билдирген. Анда кылмышка шектүүнүн үйүн жана иштеген жерин тинткенде “БРДМ-2” үлгүсүндөгү аскер техникасы, танктын үстүнө орнотулган “Калашников” үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат алынганы айтылган.

Атайын кызмат тараткан кабарда Абдуллаев “такай аскер формасын үстүнөн түшүрбөй кийип жүрөрү, агрессияга жакын экени” белгиленген.

УКМК кийинчерек ишкердин үйүн жана иштеген кеңсесин тинтүү маалында маңзат жана ар кандай валютада жалпысынан 822 миллион сомдой акча алынганын кабарлаган.

Сүт азыктарын чыгарган “Үмүт жана Ко” фирмасынын ээлери, ага-ини Кайрат жана Журат Абдуллаевдер Токмоктогу “Гавайи” ири эс алуу жайынын кожоюндары катары да белгилүү.

Булак: centralasian.org

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17