Аймак

ГЕРМАНИЯДА АЛИШЕР УСМАНОВДУН “ДИЛЬБАР” СУПЕРЯХТАСЫ ТИНТҮҮГӨ АЛЫНДЫ

ГЕРМАНИЯДА АЛИШЕР УСМАНОВДУН “ДИЛЬБАР” СУПЕРЯХТАСЫ ТИНТҮҮГӨ АЛЫНДЫ

 1,119 Бардыгы /

Германияда орусиялык миллиардер Алишер Усмановго таандык 156 метрлик “Дильбар” яхтасы тинтүүгө алынды. Бул тууралуу Der Spiegel басылмасы кабарлады.

Усманов Германияда “Арам акчаны адалдоо”, “Тышкы соода мыйзамын бузуу” жана “Салык төлөөдөн качуу” беренелери боюнча шектелүүдө.

Маалыматка караганда, яхтаны тинтүү иштерине 60ка жакын киши катышты – атайын түзүлгөн “Украина” комиссиясынын мүчөлөрү, Кылмыш полициясынын федералдык мекемесинин кызматкерлери жана Түндүк Рейн – Вестфалия жергесинин салык тергөөчүлөрү.

Усманов 2016-жылы 600 миллион долларга сатып алган “Дильбар” яхтасы азыр Германиянын Бремен шаарында турат. Аны жергиликтүү бийлик 2022-жылы мартта конфискациялаган.

Өткөн жумада немис полициясы Алишер Усмановго таандык бир нече кыймылсыз мүлктү, анын ичинде Бавариянын Тегернз көлүндөгү вилласын тинтүүгө алган. Ал жактан түрдүү документтер жана Фаберже фирмасынын ювелирдик төрт жумурткасы алынган. Сейрек кездешкендиктен алардын баасын аныктоо оор. 2007-жылы Фаберже фирмасы 1902-жылы жасаган ювелирдик “Ротшильдов жумурткасы” 12,5 миллион еврого сатылган.

Дүйнөдө Карл Фаберже императордун үй-бүлөсү үчүн жасаган 50гө жакын ювелирдик жумуртка бар. Алардын көпчүлүгү түрдүү музейлерге коюлган.

69 жаштагы Алишер Усманов Орусиянын эң бай адамдарынын бири. Forbes журналы анын байлыгын 11,5 миллиард долларга баалаган. Февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин ал эл аралык, анын ичинде Европа өлкөлөрүнүн санкциялык тизмелерине киргизилген. Май айында ал өзүнө каршы санкцияларды жоюу өтүнүчү менен Европа сотуна кайрылган. Сентябрда Венгрия Европа биримдигинен Усмановду санкциялык тизмеден чыгарууну талап кылганы кабарланган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17