Аймак

КОЛ КҮРӨШ БОЮНЧА МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАРАН АЛТЫН МЕДАЛГА ЭЭ БОЛДУ

КОЛ КҮРӨШ БОЮНЧА МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАРАН АЛТЫН МЕДАЛГА ЭЭ БОЛДУ

 1,557 Бардыгы /

21-26-ноябрь күндөрү Өзбекстанда өткөн кол күрөш боюнча Азия кубогунда Чаткал районунун тургуну Чолпонбай Жаркулов (мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында) биринчи орунду багындырып алтын медалга ээ болду.

Чолпонбай Жаркулов буга чейин 14-23-октябрь күндөрү Турцияда мамлекетинде өткөн дүйнөлүк чемпионатта кол күрөш боюнча экинчи орунду багындырган эле. Аталган чемпионатка 55 мамлекеттен келген спортчулар катышып күч сынашкан.

Мындан башка эл аралык жана Кыргызстанда өткөрүлгөн  кол күрөш боюнча мелдештерде көптөгөн ийгиликтерге жетишкен.

Мухамедалы ЭШНАЗАРОВ, ЧАткал району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17