Аймак

МЭРДИН ТАПШЫРМАСЫ МЕНЕН ПАРКТАРДЫ ИРЕТКЕ КЕЛТИРҮҮ УЛАНЫП ЖАТАТ

МЭРДИН ТАПШЫРМАСЫ МЕНЕН ПАРКТАРДЫ ИРЕТКЕ КЕЛТИРҮҮ УЛАНЫП ЖАТАТ

 1,125 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 15-февралда  Жалал-Абад шаарындагы  Токтогул атындагы эс алуу паркын иретке келтирүү  жумуштары  жүрдү.  Мында негизинен  эскилиги жеткен, парктын көркүн бузган оюн атракциондору, соода күркөлөрү  алынды.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору маалымдагандай, буга чейин  бир нече жолу эскертүү  берилгендигине карабай, ижарачылар соода күркөлөрүн  албай, жаңылабай  келишкен.  Шаар мэринин орун басары Элдос Таев белгилегендей,  эгерде коюлган талаптар аткарылбаса, ижарачылар менен бир тараптуу келишим токтотулат.

Белгилей кетсек,  буга чейин шаардагы “Жеңиш”  паркында да дал ушундай иретке келтирүү иши жүргөн болчу.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17