Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,693 Бардыгы / Орусияда жүздөгөн борбор азиялык мигрант шылуундарга алданып, ири өлчөмдөгү насыяларды төлөөгө аргасыз болууда. Бул тууралуу “Мигрант Медиа” долбоору кабарлады. Маалыматка караганда, шылуундар мекенине “Золотая корона” тиркемеси менен акча которгон мигранттарга телефон чалып, алардын атынан насыяларды алып алышкан. Ишенимдүү болуш үчүн алдамчылар абоненттин аты-жөнүн, акыркы акча которууларын айтып, СМС менен келе турган кодду айтууну […]
1,694 Бардыгы / Орусияда жүздөгөн борбор азиялык мигрант шылуундарга алданып, ири өлчөмдөгү насыяларды төлөөгө аргасыз болууда. Бул тууралуу “Мигрант Медиа” долбоору кабарлады. Маалыматка караганда, шылуундар мекенине “Золотая корона” тиркемеси менен акча которгон мигранттарга телефон чалып, алардын атынан насыяларды алып алышкан. Ишенимдүү болуш үчүн алдамчылар абоненттин аты-жөнүн, акыркы акча которууларын айтып, СМС менен келе турган кодду айтууну […]
ОРУСИЯДА ЖҮЗДӨГӨН БОРБОР АЗИЯЛЫК МИГРАНТ ШЫЛУУНДАРГА АЛДАНДЫ
06.03.2023 / Автор anarkan_kg

1,695 Бардыгы /
Орусияда жүздөгөн борбор азиялык мигрант шылуундарга алданып, ири өлчөмдөгү насыяларды төлөөгө аргасыз болууда. Бул тууралуу “Мигрант Медиа” долбоору кабарлады.
Маалыматка караганда, шылуундар мекенине “Золотая корона” тиркемеси менен акча которгон мигранттарга телефон чалып, алардын атынан насыяларды алып алышкан. Ишенимдүү болуш үчүн алдамчылар абоненттин аты-жөнүн, акыркы акча которууларын айтып, СМС менен келе турган кодду айтууну өтүнүшкөн.
“Алгач 100 миң рубль болчу, азыр пайыздарын кошкондо 249 миңге чыгып кетти”, – деди жабырлануучулардын бири.
“Мен телефонго келген кодду айтып бергенден кийин алар “Золотая коронанын” кызматкерлери кайра чаларын билдирип, тиркемеге кирбей турушубузду эскертишкен. Алгач картамдан 30 миң рубль алышкан, азыр пайыздары менен 50 миң карыз болуп калдым”, – деди Бакыт аттуу дагы бир мигрант.
“Эң кызыгы, шылуундарда менин жеке маалыматтарым болгон. Алар мен качан, каякка жана канча акча которгонумду билишкен. Мен кодду айткандан кийин 50 миң рублдик насыя төлөшүм керек болуп калды”, – деди Максуда деген мигрант.
Мындай жол менен алдангандар жүздөп саналат. Шылуундар айрымдарынын атынан 10 миң, башкаларыныкынан 200 миң рубль насыя алышкан. Жабырлануучулардын айтымында, насыяга берилген сумма алгач алардын эсебине түшүп, кийин жоголуп кетип турган.
“Менин Кыргызстанда да насыям бар болчу. Орусияга ошону төлөйүн деп келгем. Эми бул жакта да насыя төлөшүм керек болуп калды. Кантип төлөйм билбейм”, – деди Жанарбү аттуу мигрант.
“Золотая коронанын” колдонуучуларынын жеке маалыматтары кантип шылуундардын колунда болуп калганын азыр полиция иликтеп жатат. Сервистин атынан насыя берген “Страна экспресс” микрокредиттик компаниясы ички иликтөө жүргүзгөнүн, жеке маалыматтар үчүнчү тараптын колуна тийгени аныкталбаганын билдиришти.
Москва полициясы алдамчылык фактылары боюнча бир нече кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн жүрүшүндө “Золотая корона” колдонуучуларынын жеке маалыматтарын эрежеге ылайык сактабаганы аныкталып, сот аны ырастаса, мигранттарга берилген насыялар жокко чыгарылышы керек. Болбосо мигранттар пайыздары күн сайын өсүп жаткан башка бирөөлөрдүн насыясын төлөөгө аргасыз болушат.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg ““УЛУУ ЖЕҢИШКЕ – 80 ЖЫЛ” ДЕГЕН КҮМҮШ МОНЕТА ЖҮГҮРТҮҮГӨ ЧЫКТЫ
-
-
28.05.2025 / Автор anarkan_kg АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.