Аймак

БАӉГИ ЗАТЫН САТУУГА ШЕКТҮҮ ЖАРАНДЫ КАРМАЛДЫ

БАӉГИ ЗАТЫН САТУУГА ШЕКТҮҮ ЖАРАНДЫ КАРМАЛДЫ

 1,071 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Облустук милициясы баӊги затын сатууга шектүү жаранды кармады.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, ОИИБдин баӊгизаттарын мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмчөсү (БМЖККБ) тарабынан облус аймагында “М” каймана аттуу атуул баӊги затын сатып жана сактап жүргөндүгү боюнча ыкчам маалыматтар алынган.  Бул факты Жалал-Абад ОИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын 17-март күнү саат 23:40 чамасында Жалал-Абад ОИИБдин БМЖККБ кызматкерлери тарабынан Токтогул районунун аймагынан Токтогул районунун тургуну 1972-ж.т. А.У. 10 даана ширеӊке кутучасынын формасындагы кара күрөӊ түстөгү өзгөчө кескин жыты бар затты, 1 литрлик банкага салынган “марихуана” баӊгизатына окшогон затты сатып жаткан жеринен кармалган. Ошондой эле өз ыктыяры менен өзү жашаган үйдөн 1 капка салынган “марихуана” баӊгизатына окшогон затты тапшырган. Жалал-Абад ОИИБдин криминалистикалык кызматынын корутундусуна ылайык  кара күрөӊ түстөгү өзгөчө кескин жыты бар зат 74 гр “гашиш” баӊгизаты, 1 литрлик банкага салынган зат 178 гр “марихуана” баӊгизаты жана 1 капка салынган зат 7 кг “марихуана” баӊгизаты  экендиги аныкталган.  Кармалган атуул Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17