Аймак

ИИМ: МЕЧИТТЕРДЕ ДИНИЙ РАДИКАЛДАШУУНУ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

ИИМ: МЕЧИТТЕРДЕ ДИНИЙ РАДИКАЛДАШУУНУ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

 804 Бардыгы /

БИШКЕК. Кечээ, 4-апрелинде 2022-2026-жылдар ичинде мамлекеттин диний чөйрөдөгү концепциясынын пландарынын тийиштүү пункттарын аткаруу
максатында Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан мечитте ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда жарандарга “Кыргызстандагы диний радикалдашуунун алгачкы белгилери
жана аларды алдын алуу”, “Экстремисттик жана террористтик уюмдардын
коркунучтары, өзгөчөлүктөрү”, “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү
мамлекеттик саясаты”, “Жаштар арасында диний радикалдашууну жана улуттар
аралык чыр-чатактарды алдын алуу” темасындагы түшүндүрүү иштери
жүргүзүлдү.
Өткөрүлгөн иш-чаранын экинчи этабында маалымат алмашуу, сунуш-пикирлерди
алуу максатында суроо-жооптор жүргүзүлүп, жарандар тарабынан берилген
суроолорго кенен түшүндүрмө беришти.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17