Аймак

ТАЗАБЕК САМАНЧИНДИН ИЛИМИЙ ЖАНА КӨРКӨМ ЧЫГАРМАЛАРЫН КАМТЫГАН ЭМГЕК ЖАРЫК КӨРДҮ

ТАЗАБЕК САМАНЧИНДИН ИЛИМИЙ ЖАНА КӨРКӨМ ЧЫГАРМАЛАРЫН КАМТЫГАН ЭМГЕК ЖАРЫК КӨРДҮ

 3,084 Бардыгы /

Кыргыз адабият таануу илиминдеги алгачкы илимий диссертациялык эмгектин автору  Тазабек Саманчиндин илимий жана көркөм чыгармаларын камтыган  “Репрессияланган адабият: Тазабек Саманчин” китеби “Манас” улуттук академиясы тарабынан жарык көрдү.

Совет мезгилинде улутчул көз карашы жана аракети үчүн абакка кесилген Т. Саманчиндин чыгармаларын жайылтуу максатында жарык көрүп жаткан “Репрессияланган адабият: Тазабек Саманчин” китебининбет ачар аземи 2023-жылдын 27-апрелинде саат 11:00дө “Манас” улуттук академиясынын “Манас” залында өтөт.Бет ачарга КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, КР ЖКнин депутаттары, Улуттук Илимдер Академиясынын профессор-илимпоздорукатышат.

Бул жыйнакка Т.Саманчиндин  адабият, аны окутуудагы кѳйгѳйлүү маселелер, фольклор, акындар поэзиясы жаатындагы изилдѳѳ жана сын макалалары, кѳркѳм чыгармалары топтоштурулду. Ошону менен бирге Т.Саманчиндин чыгармачылыгы аркылуу ошол мезгил тууралуу маалымат камтуу аракети кѳздѳлдү.

Байланыш:0(312) 30-10-20,

0(997) 30-10-20.

Instagram– ManasNationalAcademy

Facebook– Facebook: Манас Улуттук Академиясы

Вконтакте:National Academy-Of-Manas

Телеграм:Manas Academy

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17