Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА РЕЙД УЧУРУНДА БИР НЕЧЕ КЫЛМЫШТЫН БЕТИ АЧЫЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАДДА РЕЙД УЧУРУНДА БИР НЕЧЕ КЫЛМЫШТЫН БЕТИ АЧЫЛДЫ

 1,446 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 2023-жылдын 27-29-апрель күндөрү Жалал-Абад облусунун аймагында “Мал ууру” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Рейд учурунда буга чейин катталган бир нече уурулук фактыларынын бети ачылды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, жабырлануучулардын бири 2023-жылдын 22-апрелине караган түнү үйүнүн короосунан базар баасы 100 000 сомдук тайын уурдаткан. Бул кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун тургуну 1997-ж.т. С.А. кармалган. Ал эми дагы бир Сузак районунун тургуну 2023-жылдын 1-апрелине караган түнү базар баасы 42 000 сомдук тайын белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин билдирген. Аталган кылмыш ишине шектелип Сузак районунун тургуну 1970-ж.т. С.И. кармалган. Токтогул районунун аймагынан 2022-жылдын ноябрь айында жайыттан 50 000 сомдук 1 баш букасын уурдаткандыгын айтып жергиликтүү тургун милицияга арыз менен кайрылган. Бул кылмышка шектелип Токтогул районунун тургуну 2004-ж.т. К.М. кармалган.

Ошондой эле Жалал-Абад ШИИБге 1-апрель күнү саат 16:00 чамасында автоунаа жуучу жайдын алдынан базар баасы 10 000 сомдук велосипедин уурдаткандыгын айтып дагы бир жаран кайрылган. Бул факты боюнча Сузак районунун тургуну 1979-ж.т. К.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга  киргизилген. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары кармалган жаран Жалал-Абад шаарынын аймагында бир нече уурулук, тоноо, мал уурулук фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталган. Мындан сырткары рейд учурунда мал союлуучу жана эт сатуучу жайлар текшерилип, эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17