Аймак

ЧОҢ-АЛАЙДА ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАР ҮЧҮН ЗАМАНБАП ҮЙ КУРУЛА БАШТАДЫ

ЧОҢ-АЛАЙДА ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАР ҮЧҮН ЗАМАНБАП ҮЙ КУРУЛА БАШТАДЫ

 858 Бардыгы /

ОШ. Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылына Ооганстандан көчүрүлүп келүүчү этникалык кыргыздар үчүн алгачкы эки батирдин курулушу башталды.

          Маалыматка караганда, Чоң-Алай районунун акими Темирболот Абыкеев, Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери курулуштун пайдубалына капсула салышты. Район жетекчиси өз сөзүндө президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинети тарабынан башка мамлекеттердеги боордош этникалык кыргыздарга соңку тапта абдан жакшы көңүл бурулуп жаткандыгын, көчүрүлүп келинген этникалык кыргыздарга акырындык менен толук кандуу шарттар түзүлөөрүн дагы баса белгиледи.

          Чоң-Алай районунун акими Темирболот Абыкеев Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2023-жылдын 16-майында атайын тескемеси чыккандыгын эскертип, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө өз компетенцияларына кирген маселелерди кечеңдетпестен чечүүнү катуу тапшырды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17