Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

ЭРДОГАН КАХОВ ГЭСиндеги ЖАРДЫРУУНУ ИЛИКТӨӨ БОЮНЧА КОМИССИЯ ТҮЗҮҮНҮ СУНУШТАДЫ

ЭРДОГАН КАХОВ ГЭСиндеги ЖАРДЫРУУНУ ИЛИКТӨӨ БОЮНЧА КОМИССИЯ ТҮЗҮҮНҮ СУНУШТАДЫ

 654 Бардыгы /

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусия менен Украинанын президенттери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Кахов ГЭСинин дамбасынын жарылышын иликтөө боюнча комиссия түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу  Hurriyet басылмасы жазды.

Эрдогандын айтымында, иликтөөгө согушуп жаткан тараптардын эксперттери, БУУнун жана эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү да кошулушу керек.

Түрк президенти Анкара иликтөө жүргүзүү үчүн колдон келген аракетин кылууга даяр экенин белгиледи.

Украина президенти Владимир Зеленский Түркиянын президенти менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Эрдоганга апаатты жоюу үчүн керектүү муктаждыктарынын тизмесин бергенин кабарлады. Зеленский ГЭСтин талкаланышын Орусиянын террордук чабуулу деп атады.

Кремль тараткан билдирүүдө Путин бул окуя үчүн Украинаны айыптап, жардырууну “варвардык акция” деп атаганы айтылат. Бул Путиндин Херсон аймагындагы дамбанын жарылышы боюнча биринчи комментарийи болду.

Эрдогандын комиссия түзүү сунушуна Зеленский менен Путин кандай жооп бергени айтылган жок.

Кахов ГЭСинин дамбасы 6-июнга караган түнү жардырылган.


Днепр дарыясындагы ири дамбаны жардырганы үчүн Киев Москваны айыптаган. Кремль Кахов ГЭСиндеги жардырууга тиешеси жок экенин билдирген.

1956-жылы курулган дамбанын бийиктиги 30 метр, узундугу 3,3 чакырымды түзгөн. Ал Москва аннексиялап алган Крым жарым аралын толугу менен суу менен камсыздайт.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17