Аймак

ИИМ: ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА 633 МИЛЛИОН СОМДОН АШЫК СУММАГА БААЛАНГАН “ГАШИШ” БАҢГИЗАТЫ АНЫКТАЛЫП АЛЫНДЫ

ИИМ: ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА 633 МИЛЛИОН СОМДОН АШЫК СУММАГА БААЛАНГАН “ГАШИШ” БАҢГИЗАТЫ АНЫКТАЛЫП АЛЫНДЫ

 792 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад областынын аймагында баңги заттарды таратуу жөнүндө маалымат
боюнча узак убакыт иштеп чыгуунун жыйынтыгында, айрым адамдар узак
убакыт бою баңги заттарды сатуу менен алектенишери аныкталган.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган факт боюнча КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.
2023-жылы 23-июль күнү саат 20:40 чамасында Жалал-Абад облусунун
Базар-Коргон районунун Акман талаасында баңгизат сатуу аракетинде үч
мүчөсү кармалган: 1991-ж.т. А. уулу Э., 1981-ж.т. Т.К.А. жана 1981-ж.т.
Н.И.Ж., “ВАЗ-2107” жана “ВАЗ-2106” үлгүлөрүндөгү 2 жеңил унаа менен
келишип, алардын ичинен афган тектүү “гашиш” (чарс) баңгизаты бар полимердик пакет алынган, анын таңгагы менен салмагы 1 кг 29 гр түзгөн. Жогоруда аталган шектүүлөр КР ЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, Аксы районунун ИИБдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Кармалган “гашиш» баңги каражаттары мыйзамсыз базарга түшкөн учурда, кармалгандар 633 миллион 864 миң сом пайда көрүүнү көздөшкөн. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17