Аймак

БАҢГИ ЗАТЫН МЫЙЗАМСЫЗ ТАШЫГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

БАҢГИ ЗАТЫН МЫЙЗАМСЫЗ ТАШЫГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

 921 Бардыгы /

ИИМдин КИББнын кызматкерлери тарабынан баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кылмышка шектүү жаран кармалды. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан мурда бир нече жолу соттолгон жаран, баңги заттарды эркинен ажыратуу жайларына ташып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факт ИИБде катталган. Алынган маалыматтардын негизинде мындан аркы
иштеп чыгуу иштери жүргүзүлдү. Тактап айтканда, бир күн мурун кылмыштын
бетин ачууга багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлдү.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттерге шектелип, 1976-жылы туулган, Чүй облусунун тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон А.О. аттуу
жаран кармалган.
Аталган жаран кылмыш дүйнөсүнүн авторитеттери менен тыгыз байланышта
болуп, “смотрящий” деген криминалдык макамга ээ. Жеке тинтүү учурунда
андан баңги заты табылып алынган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында (КР
Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси) тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Азыркы учурда айрым адамдардын убактылуу кармоочу жайларга баңги затын
жеткирүү каналын уюштурууга катыштыгы текшерилүүдө.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17