Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,483 Бардыгы / БАТКЕН. УКМК тарабынан Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүндө трансформацияланбаган жерлерди жеке турак жай куруу максатында мыйзамсыз берүү фактылары боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде козголгон кылмыш ишин тергөө абдан кызыды. УКМК тараткан маалыматка караганда, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн […]
1,484 Бардыгы / БАТКЕН. УКМК тарабынан Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүндө трансформацияланбаган жерлерди жеке турак жай куруу максатында мыйзамсыз берүү фактылары боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде козголгон кылмыш ишин тергөө абдан кызыды. УКМК тараткан маалыматка караганда, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн […]
БАТКЕНДЕ КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ҮЧ КЫЗМАТКЕРИ КАРМАЛЫП, МУРДАГЫ ЖЕР АДИСИНИН МҮЛКҮ КОНФИСКАЦИЯЛАНДЫ
30.10.2023 / Автор anarkan_kg

1,485 Бардыгы /
БАТКЕН. УКМК тарабынан Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүндө трансформацияланбаган жерлерди жеке турак жай куруу максатында мыйзамсыз берүү фактылары боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде козголгон кылмыш ишин тергөө абдан кызыды.
УКМК тараткан маалыматка караганда, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн айрым кызмат адамдарынын Д.Д.М., КА.С. жана T.A.C. мыйзамсыз иш-аракеттери акыры аныкталды. Булар 2016-2023-жылдар аралыгында 61,37 гектар жер тилкесин жеке турак жай куруу үчүн бөлүп берүү боюнча мыйзамсыз чечимдерди чыгарган. Мындан тышкары жер тилкесин мыйзамсыз берүү боюнча башка фактыларды жашырууну дагы көздөшүп, аталган адамдар жеке баюу максатында Кадамжай райондук жер мунапыс комиссиясы менен алдын ала жең ичинен сүйлөшүп, 600,53 гектар жерди мыйзамдаштыруу боюнча арыз дагы беришкен. Бирок, иш жүзүндө 624 гектар жер экендиги аныкталды. Булардын арасынан 61,37 гектар мыйзамсыз токтом чыгаруу менен берилген. Ал эми 6 гектар Д.Д.М. тарабынан 12 жакын байланыш адамдарына белек катары тартууланган. Ал эми 556,63 гектар жер мунапыс боюнча комиссиясы менен макулдашып, жергиликтүү тургундар тарабынан басып алынган деп киргизилип, үй ээлеринин бар экендиги тууралуу маалыматтар жасалма көбөйтүлүп берилген. Ошол эле учурда көз карандысыз эксперттин корутундусуна ылайык, мыйзамсыз берилген 624 гектар жердин баасы 1 миллиард 63 миллион сомго бааланса, булардын арасынан мыйзамсыз чечимдин негизинде берилген 61,37 гектар жердин баасы 103 миллион 743 миң 145 сомду түзөт. Ошентип, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында баасы 1 миллиард 63 миллион сомдук 624 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды жана Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарынын жеке кызыкчылыгын көздөгөн кадамдарына бөгөт коюлду.
УКМКнын дагы бир маалыматына ылайык, мурда УКМК органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын И.Ж. аттуу жаранына жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп берүү үчүн мурда алынган 106 миң сом өлчөмүндөгү паранын 50 миң сомун кайтарып жаткан жеринен Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси К.А.С. кармалды.
Акыры соттук бир катар териштирүүлөрдүн жыйынтыгында, кармалган К.А.С.нын турак-жайы, айыл чарба багытындагы жер тилкеси жана «Хундай Портер» үлгүсүндөгү унаасы, жалпы суммасы 5 млн 450 миң сом мамлекетке конфискацияланды. Ушул тапта аталган мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды дагы аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары кызуу жүрүп жатат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
-
-
24.06.2024 / Автор anarkan_kg УКМК МЫЙЗАМСЫЗ ИШТЕГЕН КЫЗДАР ҮЧҮН ДИНИЙ ЛАГЕРДИ АШКЕРЕЛЕДИ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.