Аймак

БАТКЕНДЕ БИР ЖЫЛДА ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТУН 327 УЧУРУ КАТТАЛДЫ

БАТКЕНДЕ БИР ЖЫЛДА ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТУН 327 УЧУРУ КАТТАЛДЫ

 348 Бардыгы /

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, өткөн 2023-жылдын ичинде Баткен облус аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун 327 учуру катталып, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү тарабынан жапа чеккендерге 327 коргоо ордери берилген.

          Баткен облустук милициясынын жыйынында жар салынгандай, жер-жерлерде зордук-зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш мерчемдер бекитилди. Учурдун көйгөйүнө айланган үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды алдын алуу, катталган арызга ыкчам жана адекваттуу иликтөөлөрдү жүргүзүү – бул милициянын түздөн-түз милдети. Ошого карабастан, зордук-зомбулуктун курмандыктары көбүнчө аялдар, же жаш балдар гана болуп жатат. Ошондукта,н ар бир милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү өздөрү тейлеген аймактын жашоочулары менен тыгыз иш алып баруусу зарыл!

          Ал эми Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өткөн 2023-жылы Кыргызстанда 13 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 32,6 пайызга көп. 2022-жылы жалпы өлкө боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктун 9880 учуру катталган.  Бугу улай Дүйнөлүк WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун адам укугу боюнча рейтингинде Кыргызстан эки жыл катары менен кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп атады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17