Аймак

СОТ АТКАРУУЧУГА БИЙЛИКТЕН АША ЧАБУУ МЕНЕН КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

СОТ АТКАРУУЧУГА БИЙЛИКТЕН АША ЧАБУУ МЕНЕН КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

 321 Бардыгы /

БИШКЕК. Прокуратура 29 млн. 715 миң сомго бааланган 424 миң 500 куту тамекини мыйзамсыз жок кылган сот аткаруучуга кылмыш иши козголду.

КРдин Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы билдиргендей, Башкы прокуратурасы тарабынан соттук чечимдердин аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлүп, текшерүүдө Бишкек шаарынын Свердлов САКБнын сот аткаруучусу Э.С.кылмыш иш боюнча далил буюм катарында табылган 29 млн. 715 миң сомго бааланган 424 миң 500 куту (пачка) тамекини Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жок кылбастан, кызмат абалынан аша чаап пайдаланып, тамеки кутуларын мыйзамсыз негизде жок кылгандыгы аныкталган.

Сот аткаруучу Э.С. өзүм билемдик менен далил заттарды кампадан мыйзамсыз алып чыгып, саламаттык сактоо жана башка органдардын катышуусунда атайын комиссия түзбөстөн, жашаган жери жана паспорттук маалыматтары жок күбө-калыстардын катышуусунда буюм далилдерди видеого тартуу аркылуу жок кылуу көрүнүшүн көрсөтүп, калктуу пункттардын аймагында иштеп жаткан от казандар, жылуулук электр борборлору, ошондой эле металлды ысык иштетүү цехтери бар ишканаларга алып барбастан, такталбаган белгисиз коробкаларды талаадан өрттөп, актысын түзүп, мыйзамсыз топтолгон документтерди үйүндө сактап жүргөн.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (Бийликтен аша чабуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү үчүн УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө тапшырылды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17