Аймак

ОШ ШААРЫНДА МУНИЦИПАЛДЫК КҮРӨШ ЗАЛЫ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

ОШ ШААРЫНДА МУНИЦИПАЛДЫК КҮРӨШ ЗАЛЫ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

 366 Бардыгы /

        Ош шаарынын №2-«Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын Орозбек Акимбаев көчөсүнүн (мурунку Сай-Бою көчөсү) №1-дарегинде жайгашкан курулушу токтоп турган имараттын ордуна жаңы муниципалдык күрөш залы курулушу аяктап, аны менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жеринде таанышты.

        Аталган күрөш залынынын курулушу Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, ырааттуу жүргүзүлдү. Муниципалдык күрөш залында спортчулар үчүн бардык керектүү шарттар түзүлүп, машыгуу жана спорттук мелдештерди өткөрүү үчүн зарыл болгон жабдуулар, коммуналдык жайлар менен камсыз этилген. Спорттук залдын узундугу – 38 метр, туурасы – 18 метр.

        Ошентип, аталган муницпалдык күрөш залынын долбоорун «Адис Алай» ЖЧС түзүп, курулуш иштерин «Гранд Сити» ЖЧК жүргүздү. Келишим өткөн жылдын 18-декабрында түзүлүп, курлуштун сметалык 36 миллион  210 миң  286 сомду чапчыды.  Келишим боюнча курулуш 33 миллион  239 миң  754 сомго бүткөрүлдү.

        Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17