Аймак

КЫРГЫЗСТАН ОРУСИЯГА КООН-ДАРБЫЗ-ЭКСПОРТТОЙ БАШТАДЫ

КЫРГЫЗСТАН ОРУСИЯГА КООН-ДАРБЫЗ-ЭКСПОРТТОЙ БАШТАДЫ

 249 Бардыгы /

Кыргызстандын Айыл чарба министирлиги Жалал-Абад облусунун фермерлерине логистикалык жактан үзүлтүксүз жардамдашып жаткан чагы. Анткени, калкыбыз мындан ары Орусияга коон жана дарбыздарын такай гана экспорттомокчу.

         Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда быйыл 2242 гектарга бахча эгилди. Мунун азырынча 700 гектарынын түшүмү гана жыйналды. Ошентип, 17 500 тонна түшүм, булардын ичинен 15 929 тонна – дарбыз, ал эми 1571 тонна – коон жыйналды.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлиги тарабынан ушул тапта дарбыздарын жана коондорун Орсияга, ошондой эле Казакстанга соодалоого ниеттенишкен Аксы районунун фермерлерине ар тараптуу кызат көрсөтүп жаткан чагы. Маселен, чек аралардан тоскоолдуксуз жана өндүргөн түшүмдөрдү аталган өлкөлөрдүн базарларында тоскоолдуксуз соодалоо жагы Кыргыз Өкмөтү тарабынан дээрлик чечилген.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17