Аймак

БАТКЕН ЖАНА ЛЕЙЛЕК РАЙОНДОРУНДА СЕЛ ЖҮРҮП, ИЧКИ ЖОЛДОР ЖАБЫЛДЫ

БАТКЕН ЖАНА ЛЕЙЛЕК РАЙОНДОРУНДА СЕЛ ЖҮРҮП, ИЧКИ ЖОЛДОР ЖАБЫЛДЫ

 108 Бардыгы /

8-июлда, Баткен жана Лейлек райондорунда жүргөн селдин кесепетинен ички чарбалык жолдор жабылгандыгын Өзгөчө кырдаалдар миинстрлиги билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар миинстрлигининбасма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, селден улам Баткен районундагы Айгүл-Таш – Согмент – Таян автоунаа жолу жабылып, унаа кыймылына дагы чектөө киргизилди. Кара-Булак айылында сел суусу агуучу сай толуп калган. Бул аймактарга Өзгөчө кырдаалдар миинстрлигинин  жана аймактык башкармалыгынын куткаруучулары, тиешелүү техника тартылды. Лейлек районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам Раззаков – Андарак – Көк-Таш жолун суу каптап, Тогуз-Булак – Миң-Жыгач каттамы жабылган. Ынтымак айылында эки үйдүн короосун суу каптаган. Селдин кесепетин жоюуда ӨКМдин жергиликтүү башкармалыгынан тиешелүү кызматкерлер жана техника иштеп жатышканы кабарланды.

Мындан тышкары Ош облусунун Алай районунун Үч-Коргон — Дароот-Коргон жолун суу каптап, автоунаа жолу дагы убактылуу жабылган. Ош — Сары-Таш — Эркечтам жолунун бир нече жеринде сел агындылары жолду бөгөп калгандыктан, кыймылга убактылуу чектөө киргизилгени, тазалоо иштери жүрүп жатканы кабарланган.

Айтмакчы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 12-июлга чейинки аралыкта туруксуз аба ырайы жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаандан улам тоолуу аймактарда, тоо этектеринде сел жүрүү коркунучу бар экендигин эскертүүдө. Министрликтин маалыматы боюнча, быйыл жалпысынан 236 сел жүрүп, андан 17 адам каза тапкан. Булардын он чактысы – балдар. Селдин чыгымы 170 миллион сомдон ашты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17