Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
259 Бардыгы / Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы мамлекеттик мекемесинин Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Алишер Сатыдалиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгында дал ушул тапта жумуш кызыган маалы. Андыктан, бул жерде эмгектенгендерди, арийне, жумуш ордунан эмес жалаң гана талаалардан гана табасыз… Абубакир САКЫЕВ, Ноокат районундагы Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу […]
260 Бардыгы / Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы мамлекеттик мекемесинин Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Алишер Сатыдалиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгында дал ушул тапта жумуш кызыган маалы. Андыктан, бул жерде эмгектенгендерди, арийне, жумуш ордунан эмес жалаң гана талаалардан гана табасыз… Абубакир САКЫЕВ, Ноокат районундагы Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу […]
НООКАТТАГЫ НАЙМАН СУУ САКТАГЫЧЫ АРАВАНДАГЫ ТӨӨ-МОЮН АНКЛАВЫН СУГАТ СУУ МЕНЕН ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ КАМСЫЗ ЭТИП КЕЛАТАТ
12.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна

261 Бардыгы /


Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы мамлекеттик мекемесинин Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Алишер Сатыдалиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгында дал ушул тапта жумуш кызыган маалы. Андыктан, бул жерде эмгектенгендерди, арийне, жумуш ордунан эмес жалаң гана талаалардан гана табасыз…
Абубакир САКЫЕВ, Ноокат районундагы Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгынын мурабы:


– Дал шул тапта биздин түйшүгүбүз көбөйдү. Ошондуктан, таң аткандан каш карайганга чейин ар бирибизде дегеле тыным жок. Баш көтөрбөйт моминтип дагыле иштеп жатабыз. Арийне, биздин мээнетибиз чоң болгону менен маянабыз, чындыгында, өтө эле аз. Борбордо, Бишкекте, олтурушкан биздин жетекчилигибиз ушул жагын ойлонуштуруп, биздин айлыгыбызды заман талабына жараша көтөрсө, албетте, сообубузга гана калышмак…
Алмазбек БЕМУРАТОВ, Ноокат районундагы Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгынын күзөтчүсү:


– Таң калбай эле коюнуз? Бул жер, Найман суу сактагычы – мамлекеттик маанидеги олуттуу стратегиялык обьект. Ошону үчүн бул аянтты күн-түн бою автоматчан гана кайтарабыз. Бул жакка дейди баскандарды жана дагы суусун башка жактарга бурууга далбаса жасагандарды эч жолотпойбуз. Азырынча орчундуу ЧП каттала элек. А андай шартта биз адекваттуу жана мыйзам чегинде катаал чараларды көрүүгө мажбурбуз!
Абдыкаар МАМАТКАРИМОВ, Ноокат районундагы Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгынын башкы инженери:


– Бүгүнкү күнгө карата Найман суу сактагычында 26 миллион 982 миң куб суубуз бар. Жаан дагы, кудай жалгап, быйыл армансыз эле жаабадыбы. Ошондуктан, быйылкыга керектүү суу ресурстарыбыз дээрлик жетиштүү. Дыйкандарыбыз тээ мурункудай суу талашып ъз ара араздашып-чабышып, къз тийбесин, быйыл сугат сууга таптакыр зарыгышкан жок!
Жумабек ТАШПОЛОТ уулу, Ноокат районундагы Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгынын механиги:


– Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы – Кыргызстандын Түштүк жергесиндеги эң ири суу ресурстарынын бири. Тилекке каршы, биз ушул тапта заманбап техникаларга абдан эле муктажбыз! Өзүбүздөгүлөр дээрлик эскирип бүттү. Учурдан пайдаланып айтып коюуга тийишмин: айлыгыбыз, чындыгында. абдан аз. Маселен, менин колума 12 миң сом араң тийет. А мынча каражатка азыркы кымбатчылык заманда – рынок шартында бир үй- бүлөнү гана эмес, өзүндүн кара жаныңды бакканга деле кыйын. эй! Ошол себептүү бизге жаш адистер дээрлик жолошпойт. Келишсе дагы, узакка иштешпестен кетип калып жатышпайбы…
Баса, биз Ноокат районундагы Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгынын жетекчиси Шавкат БОЛТАБАЕВди деле Найман суу сактагычындагы суунун көлмөүн жеринде сүрүштүрүп жүргөндө кармап, капыл-тапыл кепке тарттык.


- Дал ушул саатка карата топтолгон сугат суубуздун көлөмү 25 миллион 982 миң куб. Мурда 2 миллион куб эле суубуз бар болчуу. Бактыбызга жараша, быйыл жамгыр көз ачырбастан жаап таштады. Ошентип, заматта суубуздун көломү дагы дээрлик 23 миллион 982 миң кубду чапчып олтурат, – деп сүйүнүчүн жашырган жок Ноокат районундагы Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгынын жетекчиси Шавкат БОЛТАБАЕВ.
– Найман суу сактагычына негизинен Ноокат районундагы Кыргыз-Ата, Чили-Сай, Косчан жана Апшыр-Ата дарыяларынын суусу куюлат. А акыркы кезде нөшөрлөгөн жамгыр биздин кендирди кескен маселебизди дагы заматта оң жагына гана оодарды. Мындайча айтканда, көйгөйүбүздү оң жагына биржаңсыл жайгарды. Ошентип, быйылкы жайкы сезондо Араван районундагы Төө-Моюн анклавынын – айыл өкмөтүнүн дыйкандары сугат сууга таптакыр зарыгышпайт!
Ош облусунун Ноокат районундагы Найман суу сактагычы Ноокат районундагы Көк-Жар кыштагынан 5—6 чакырым түштүгүрөөктө жайланышкан. Ал ъткън кылымда, тактап айтканда, 1963-жылы курула баштап, 1968-жылы гана пайдаланууга тапшырылган. Бул суу сактагыч Ноокат районудагы Кыргыз-Ата, Чили-Сай, Косчан жана Апшыр-Ата дарыяларынан суу алат. Сыйымдуулугу 39,5 миллион м3, узундугу 8 чакырым, жазы жери 2 чакырым, терең жери 37,6 м, суу толгондогу аянты 4,23 км2. Найман суу сактагычы аркылуу Ош облусуна караштуу Араван районундагы Төө-Моюн талаасынын 6 миң гектар жери сугарылат. Суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү 15,2 м3 секундасына аккан канал чыгарылган. Плотинанын узундугу 265 метр, туурасы 6 метер, эң бийик жери 40,5 метр. Суу толтуруу жана сугатка чыгаруу иштери автоматташтырылып, телемеханикалаштырылган.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
С/РЪТТЪРДЪ: 1) Абубакир САКЫЕВ, Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгынын мурабы. 2) Алмазбек БЕМУРАТОВ, Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгынын к\зътч\с\. 3) Абдыкаар МАМАТКАРИМОВ, Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгынын башкы инженери. 4) Жумабек ТАШПОЛОТ уулу, Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгынын механиги. 5), 6) Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгынын жетекчиси Шавкат БОЛТАБАЕВ. 7) Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгы. 8) Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычынан Араван районундагы Тъъ-Моюн анклавына кеткен канал. 9), 10), 11) Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы.
С\ръттър автордуку
Автор Акбермет Орозалиевна
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
11.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖКККББ: БЕШ АЙДЫ ЖЫЙЫНТЫКТОО БОЮНЧА ЫКЧАМ КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА ЖАЙКЫ ТУРИСТТИК СЕЗОН САЛТАНАТТУУ АЧЫЛДЫ
-
01.07.2024 / Автор anarkan_kg АРАВАН РАЙОНДУК СУУ ЧАРБАСЫ БАШКАРМАЛЫГЫ ЗАМАНБАП БАССЕЙНГЕ МУКТАЖ!
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.