Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЧЕК АРАДА ЖҮРҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮРҮЛДҮ
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
25 Бардыгы / Ушул тапта Ош облусунун аймагындагы автоунаа жолдорун катарынан асфальттоо, аң-чөнөктөрдү толтуруу жана дагы жол белгилерин заман талабына жараша жаңылоо иштери абдан кызуу жүрүп жатат. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Ошентип, маалыматка караганда, № 37-Жол тейлөө ишканасы Ноокат районуна караган Ноокат-Папан автоунаа жолунун 11-20-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө жумуштарын жүргүзүп жатат. Ошондой эле […]
26 Бардыгы / Ушул тапта Ош облусунун аймагындагы автоунаа жолдорун катарынан асфальттоо, аң-чөнөктөрдү толтуруу жана дагы жол белгилерин заман талабына жараша жаңылоо иштери абдан кызуу жүрүп жатат. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Ошентип, маалыматка караганда, № 37-Жол тейлөө ишканасы Ноокат районуна караган Ноокат-Папан автоунаа жолунун 11-20-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө жумуштарын жүргүзүп жатат. Ошондой эле […]
ОШ ОБЛУСУНУН АВТОУНАА ЖОЛДОРУ ОҢДОЛУП-ТҮЗӨЛҮҮДӨ
09.09.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна27 Бардыгы /
Ушул тапта Ош облусунун аймагындагы автоунаа жолдорун катарынан асфальттоо, аң-чөнөктөрдү толтуруу жана дагы жол белгилерин заман талабына жараша жаңылоо иштери абдан кызуу жүрүп жатат. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.


Ошентип, маалыматка караганда, № 37-Жол тейлөө ишканасы Ноокат районуна караган Ноокат-Папан автоунаа жолунун 11-20-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө жумуштарын жүргүзүп жатат. Ошондой эле Тельман-Кара-Кой жолунда (0-6-чакырымдар аралыгы) жөө жүргүнчүлөр өткөн жол сызыктары дагы тегиз жаңыланууда. № 16-Жол тейлөө ишканасы Чоң-Алай районундагы Ачуу-Суу-Кара-Шыбак автоунаа жолунун 66-68-чакырымдар аралыгында асфальт төшөөгө кызуу даярдыктарды көрүүдө. № 5-Жол тейлөө ишканасы аркылуу Өзгөн-Заргер автоунаа жолунун 15-18-чакырымдар аралыгында жер иштери жүрүп жатат.
Ал эми №-956-Жол тейлөө ишканасы Куршап-Жалпак-Таш автоунаа жолунун 0-7-чакырымдар аралыгында жаралган аң-чөнөктөр жамап жаткан чагы. №-26-Жол тейлөө ишканасы аркылуу Таш-Кыя-Киров-Жийделик автоунаа жолунда дагы асфальт төшөө иштери абдан кызуу жүрүүдө.
№4- Жол тейлөө ишканасы тарабынан Кара-Суу районуна караштуу Аэропорт-Кашкар-Кыштак автоунаа жолунун 0-1,2-чакырымдар аралыгын асфальттоого даярдыктар көрүлүүдө. Ошондой эле айылдар ичиндеги көчөлөргө шагыл төшөө жумуштары дагы активдүү жүрүп жатат.
№960-Жол тейлөө ишканасы Ош-Сары-Таш-Эркечтам автоунаа жолунун жээгиндеги арыктарды тазалоо иштерин дадил аткарууда. №21-Жол тейлөө ишканасынын жолчулары тарабынан Актерек-Папан-Кожокелең жолундагы аң-чөнөктөрдү жамоо, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолундагы жол белгилерин жаңылоо, Кеңеш-Жапалак автоунаа жолунун 5-7-чакырымдар аралыгында асфальт төшөөгө даярдык көрүү иштери дагы кызуу жүрүп жатат.


Кыскасы, республикабыздын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөнүн башка облустарында дагы жолдорду оңдоп-түзөө жараяны мындан ары кызуу улантылаарын убада кылууда.
Автор Акбермет Орозалиевна
-
14.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
-
-
-
18.04.2025 / Автор anarkan_kg МЫЙЗАМСЫЗ ЖЕР БЕРҮҮ ФАКТЫЛАРЫ БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
-
-
12.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ПРЕЗИДЕНТ ИШ САПАРЫ МЕНЕН ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНА БАРАТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.