Аймак

ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА БИР ЖУМА ИЧИНДЕ 26 916 ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗУУ ФАКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА БИР ЖУМА ИЧИНДЕ 26 916 ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗУУ ФАКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

 3 Бардыгы /

 Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2026-жылдын 9-февралдан 15-февралга чейин алдын ала маалымат боюнча 26 916 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, алардын ичинен:

 -Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-2 974;

-Мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу -427;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-151;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-627;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3 751;

-Авто ээнбаштык -22;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 2 629;

-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 4;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –12 628.

 Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 703 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

 КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17