Аймак

Мен жөнүндө азыраак сүйлөгүлө

 2,190 Бардыгы /

Мен жөнүндө азыраак  сүйлөгүлө

Албетте бул болгон окуя. Жаштык, достук кандай керемет! Баарынан да азилкеч достук бир эсе жылмайтып, бир эсе олуттуу тарттырат. Анан азилдешип атып эле жашоонун олуттуу жагдайын алып чыкканыбызды билбей калабыз.

Аке дос, үкө достор бизде көп. Бирок билинбеген, сый, урмат да унутта калбайт. Менден эки жаш улуу, ыр жазган Нурбек Ахматкулов деген досубуз бар. Токтоо, тартынчаак, анан мүнөзүнө жараша көлөмдүү жигит. Ушунчалык токтоо дейсиңер, Дөөлөт Мадымаевдин уулу Талант: “Бу Нурбек эгерде чок басып алса, беш метр жерге чейин кенебей барып, “Неге таманым ысып атат? Көрсө, чок басып алган турбаймынбы”, – десе керек деп күлдүргөн эле.

Анан абдан ак көңүл, айкөл бала. Өзү токтоо болгону менен ырлары шок. Ушул досубузду абдан сагындык. Шашпай окуган куйкумдуу ырларын, суроолорго оо бир оокумда берген олуттуу жоопторун сагындык. Ал азыр Орусияда эмгектенип жүрөт. Обладминистрацияда маданият тармагы боюнча жетектөөчү адис болуп эмгектенчү. Ишин камчы салдырбай так аткарчу. Айлыктын аздыгынан эле кетип калды. Нуке досубуз окуп калса, биз менен өткөргөн күндөрүн эстеп, бир жылмайып алаар. Анан кабарлашып койсо жакшы болмок. Ал досубузга байланышкан бир окуяга назар салыңыздар.

2011-жылдын 12-декабрь күнү Нукенин туулган күнүн белгилегенче, Түмөнбай Колдошов деген ырчы досубуздун концертине даярданганы анын үйүнө чогулдук. Биз менен мамилеси жакшы, окуу жайдын биринде иштеген токтоо мүнөз, жылдызы жарык кызды (атын жазбай эле коеюн, уялып калбасын) Нукеге таңуулай берчүбүз. Экөөнүн мүнөздөрү окшош эле.

Ал кызды “Айпери Кулбаева кыздардан жалгыз келди, ага шерик бол” деп чакыртып алдык. Ошентип туулган күн, анан концертке даярдык да бүттү. Бир убакта достор учурду колдон чыгарбай, той баштап жиберүүгө белсенип калышты. Нурбек аке тамашалап жатат дедиби, “Качырсаңар качыргыла” деп көз ымдады. Биз кызга айттык да, Эрнист Нурматовдун машинесине салып, Оштон Лангардини (Нукенин айылы) көздөй жөнөдүк.

Кыйла жерге жеткенде Нукебиз: “Кайткыла, мен үйлөнбөйм”, – деп рулга асылып, таптакыр кашайса болобу! Аяш аталарга уят дедиби, же алып качууну намыс көрдүбү, а десек да, бу десек да көгөрүп койду.

Кыз да абдан түшүнүктүү эле. “Койгула тамашаңарды, концертиңерди эртең элге койгула, бизге эмес. Нурбек ала качып кыз албайт. Туурабы? Кеттик, Нуке! Бул маселени өзүбүз чечебиз”, – деп тамашага ороп, кырдаалдан чыгып кетти. Эртеси университетте концертке даярданып жатсак Түмөкеге Нукеден (Нурбек) смс келиптир ыр менен. Мен ага ошол телефондон жооп жаздым. Ошентип айтышып жаткан кербезибиз.

Нурбек: Ала качуу бей адеп салт болорун,
Эскертемин, силерге шарт коёмун,
Бармактарды кеңешип кеселичи,
Иштетпестен сүйүүнүн карт боёгун.

Мен: Төп келишсе жаштардын жылдыздары,
Ала качуу жакшы салт кыргыздагы.
Бармактарды кесалбай ойлонгуча,
Калбай калат ылайык бир кыз дагы.

Нурбек: Тоодой алтын үйсөң да мүшөк менен.
Пикиримден кайтпаймын, күчөп келем.
Деген сөзгө ишенип мен жүрөмүн,
“…Таш ыргытсаң башыңа түшөт”,-деген.

Мен: Жалаңдаган куу мезгил желип кетет,
Жакшыларды жакшыдан бөлүп кетет.
Курт алмалар шагырап кала берип,
Кызылдарын башкалар терип кетет.

Нурбек: Дарылаган алманы бакчы болот,
Сыр билем деп алдаган бакшы болот.
Бешенеге жазганын көрөттүрбүз,
Ойлоп турам баарысы жакшы болот.

Мен: Болсун сага бакыттын көзү жакшы,
Тирүүлүктүн өмүрдө өзү жакшы.
Так ошону тилейбиз биз да досум,
Жакшылыктын а бирок тези жакшы.

Нурбек: Сага рахмат мен үчүн күйгөнүңө,
Бактылуу бол жетипсиң сүйгөнүңө.
Ала качып кыз албайм өлсөм дагы,
… Мен жөнүндө азыраак сүйлөгүлө!

Мен: (Жаагым жап болду)

Нуке дос, сени сагындык. Дале ыр жазып жатасыңбы? Чыдап иштеп турсаң, коллективиң бааласа, токтоо мүнөз, көзгө толумдуу, сабырдуу мамлекеттик кызматкер болуп жетилмексиң. Иштеп кайра кел. Сендей жигитти кайсы мекеме болбосун жумушка алат. Бүгүн кыргызга сага окшогон токтоо, сабырдуу кызматкерлер керек. Баары эле шашкалак, ачуусу чукул. Ырларыңдан жөнөт. Биз сен жөнүндө дале көп-көп сүйлөшөбүз. Анткени достукка татый турган керемет жигитсиң. Эгер азыраак сүйлөшүүбүздү кааласаң, кел тезирээк. Же бир кабарыңды билдир.

Досторуң…

Улукбек Омокеев
Ош шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17