Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,433 Бардыгы / Аялуу жанга аяр мамиле зарыл “Данакер” коомдук бирикмеси 2010-жылы каргашалуу Ош окуясынан кийин түзүлгөн. Карап турсаң мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көбү эле жөнөкөй жардамдарды да ала албай жатышыптыр, деги эле паспорту жоктору, пенсия ала албагандары бар экен, ошол маалда биз коомдук бирикменин негизинен көп жардамдарды бердик. Жергиликтүү бийлик менен биз тыгыз байланыштабыз, өзүбүз бейөкмөт […]
2,434 Бардыгы / Аялуу жанга аяр мамиле зарыл “Данакер” коомдук бирикмеси 2010-жылы каргашалуу Ош окуясынан кийин түзүлгөн. Карап турсаң мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көбү эле жөнөкөй жардамдарды да ала албай жатышыптыр, деги эле паспорту жоктору, пенсия ала албагандары бар экен, ошол маалда биз коомдук бирикменин негизинен көп жардамдарды бердик. Жергиликтүү бийлик менен биз тыгыз байланыштабыз, өзүбүз бейөкмөт […]
Аялуу жанга аяр мамиле зарыл
27.11.2013 / Автор Orozaly2,435 Бардыгы /
“Данакер” коомдук бирикмеси 2010-жылы каргашалуу Ош окуясынан кийин түзүлгөн. Карап турсаң мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көбү эле жөнөкөй жардамдарды да ала албай жатышыптыр, деги эле паспорту жоктору, пенсия ала албагандары бар экен, ошол маалда биз коомдук бирикменин негизинен көп жардамдарды бердик.
Жергиликтүү бийлик менен биз тыгыз байланыштабыз, өзүбүз бейөкмөт уюм болгонубуз менен жергиликтүү бийликсиз иш кылбайбыз, себеби конституциядан чыга албайбыз. Ал эми мэрия каржылоо жаатында бизге көп жардам берет. Бийлик менен биргеликте биз ынтымактуулукта иш алып барабыз.
Мындан сырткары Жалал-Абад областы боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны абдан көп. Ачыгын айтканда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар коомдон сырткары калышып, ушул күндөрдө көпчүлүк балдар мектепте окубастан үйлөрүндө калып жатышат. Коом буга көңүл бөлбөй келген. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды социалдык жактан коргоо жана аларга билим берүүнү жакшыртуу долбоору Евразия фонду тарабынан колдоого алынып, 2012-жылдан бери тыгыз байланышта иштеп келүүдө.
Алардын негизги максаты –мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды билим берүүгө кошуу. Бул боюнча областта 2012-жылы Аксы, Сузак, Жалал-Абад шаары камтылган, ал эми 2013-жылы болсо Базар-Коргон, Ноокен райондорунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга үзгүлтүксүз билим берүүнү жакшыртуу долбоору иштелип чыгып, тренингдер өткөрүлгөн.
Евразия фонду тарабынан жакшы көңүл бөлүнүп 2 жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жакшы билим берүүнү жакшыртуу боюнча китептер менен камсыз кылууда. Бул китеп «Мен жасап алам» деген аталышта. Ушул китептерди биз Аксы, Сузак району, Жалал-Абад шаарына таркатканбыз. Быйыл да бул китептин 2 тому чыгып, биринчи 90, кийин 100 китепти област боюнча тараттык. Бирок бул китеп биздин област боюнча аз, жетишсиз болууда.
Областын аймагында кеңеш берүүчү комиссияларды (ПМПК) ачуудабыз. Комиссияга педагогдор, медиктер жана соцпедагогдор келишет, ошол бала ал жерде окуй алабы жокпу тактап, тыянак чыгарып беришет, ата-энелерге да жеңил болот. Ошонун негизинде тактамаларды алып, мектептерге бара беришет. Бул Жалал-Абад шаарында түзүлдү, кийинки жылдан иштей баштайт.
Бизге жакындан жардам көрсөткөн координаторубуз Анара Надырбекова өзүнүн жакшы темалары боюнча тренингдерди өткүлө деп сабактарын берип келүүдө. Биз ага ыраазыбыз. Мына ушундай комиссия мурда “АРИС” программасынын негизинде Сузак районунда ачылган экен, биз Аксы районунда, Жалал-Абад шаарында ачтык, ал эми быйылкы жылга област боюнча Ноокен менен Базар-Коргон райондору каралган. Кандайдыр бир деңгээлде түшүнүктүү иштердин жүргүзүлбөгөнүнө байланыштуу бул иш жүзөгө ашпай турат .
Менин да буга чейин инклюзивдик окуу боюнча түшүнүгүм жок болчу. Кийин мектептерге барып мугалимдер менен, ата-энелер менен сүйлөшүп көрүп инклюзивдик билим берүү керек экенин билдим. Бул тажрыйба бизде жок болгону менен Европа өлкөлөрүндө 70 жыл мурун жанданган. Ал жакта ар бир мүмкүнчүлүгү чектелген балага бир педагог, бир мугалим, бир соцпедагогдон кам көрүлүп, мамлекет тарабынан каржыланып берилет.
Негизинен инклюзивдик деген сөздүн мааниси коомго кошуу дегенди билдирет. Биздин ата-энелер да муну терең түшүнүү менен балдарын өздөрү коомго кошуп жатканы албетте ийгиликтин жышааны.
Айжамал Тарыхчиева, “Данакер” коомдук уюмунун төрайымы
Автор Orozaly
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
29.11.2023 / Автор anarkan_kg СҮЛҮКТҮДӨ САЛЫКТАН КАЧКАН “КӨМҮР МАФИЯСЫ”
-
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.