Аймак

PEN INTERNATIONAL МИТИНГДЕРДЕГИ КАРМОО ҮЧҮН КАЗАК БИЙЛИГИН СЫНДАДЫ

PEN INTERNATIONAL МИТИНГДЕРДЕГИ КАРМОО ҮЧҮН КАЗАК БИЙЛИГИН СЫНДАДЫ

 576 Бардыгы /

Эл аралык PEN International уюму Казакстан бийлигинин митингге чыккандарды күч менен кармоо аракетин сындады. Уюм Нур-Султан жарандардын тынч жыйын өткөрүүсүнө жана өз оюн эркин билдирүүсүнө шарт түзүшү керек деп эсептейт.

Уюмдун 9-июлда жарыялаган билдирүүсүндө “9-июнда президенттик шайлоого нааразылыгын билдирип митингге чыккан миңдеген киши бийликтин бутасына алдынды” деп айтылат.

PEN International уюмунун аткаруучу директору Карльз Тонер тынч митингге келгендерди жапырт түрдө кармоону – адамдардын боштондугу менен укугун тебелөө, оппозициянын үнүн күч менен басуу катары сыпаттады.

PEN International — 1921-жылы негизделген жазуучулардын эл аралык ассоциациясы. Адамдардын укуктарын жана эркиндигин коргоо – уюмдун негизги миссияларынын бири.

Казакстанда акыркы жолу 6-июль – Борбор калаанын туулган күнүндө жүздөгөн киши кармалган.

Казакстанда каршылык акцияларын күч менен басууну ЕККУ, Human Rights Watch жана БУУ сыяктуу эл аралык уюмдар сынга алган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17