Аймак

ЭКИ ЭЛДИН ДОСТУГУ МИҢ БЕЛДЕН АШЫРАТ

ЭКИ ЭЛДИН ДОСТУГУ МИҢ БЕЛДЕН АШЫРАТ

 4,563 Бардыгы /

Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулдугунун демилгеси менен жалпыга маалымдоочу каражаттардын өкүлдөрүнүн катышуусунда эки кошуна өлкөнүн – КНР менен Кыргызстандын достук мамилесининин жана өз ара кызматташтыгынын далили болгон Ош шаарындагы мекемелерге медиа-тур уюштурулду.

Өткөн жумада КНРдин кайтарымсыз гранты менен пайданалууга берилген Ош шаарындагы жалпы аяты 2 500 чарчы метр аятты түзгөн 150 койкалуу жаңы оорукана менен таанышса, бул аптада Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы достук жана билим берүү жаатындагы мамилени чыңдоо максатында Бейжиндеги Конфуций институттарынын башкы башкармалыгы Hanban (кытай тилин жана маданиятын жайылтуунун Мамлекеттик канцелариясы) менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде 2013-жылы ачылган Ош мамлекеттик университетинин Конфуций Институту менен кенен-кесири тааныша алышты.

Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулдугунун вице-консулу Хань Минь Юн мырзанын айтуусунда бул институт эзелтеден кошуна болгон эки өлкөнүн бири-бири-менен маданий жана гуманитардык байланышынын далили жана өз ара карым-катышуусунун көпүрөсү катары кызмат кылууда. Ошондуктан Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулдугу аталган институтка ар тараптан колдоо көрсөтөт.

Институт мамлекеттик структураларында, коомдук уюмдарда, эл аралык компанияларда иштей ала турган жогорку квалификациялуу адистерди даярдоону ишке ашырат. Институттун максаты – эл аралык талаптарга ылайык, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо, окутуунун жаңы технологияларын пайдаланып, билимдин сапатын жакшыртып, кытай тилин, тарыхын, маданиятын, экономикасын, саясатын жана эл аралык жүрүм-түрумдун этикалык жана нравалык талаптарына жооп бере турган татыктуу адистерди даярдоо. Азыркы учурда Конфуций Институтунда 211 студент “Кытай таануу” жана “Лингвистика” багыттары боюнча билим алып жатышат. Лингвист адистигине ээ болгон студенттер кытай тилин мыкты өздөштүрүп, кытай тилинде жана башка тилдерде ооз эки жана жазма иш кагаздарын которо алат.

Ал эми кытай таануу адистигин бүтүргөндөр кытай тилин гана үйрөнбөстөн коңшу өлкөнүн тарыхы, экономикасы, саясаты географиясы маданияты жана башка тармактар боюнча кеңири билим алышат.

Бакалавр тепкичин окугандар жана бүткөндөр кытайдын алдынкы университеттеринде жарым жылдык, бир жылдык кытай тили боюнча стажировкага барууга жана магистратурага бюджеттик негизде окууга мүмкүнчүлүк алышат. Алсак, 2014-2015 -окуу жылында – 34, 2015-2016- окуу жылында – 38, 2016-2017- окуу жылында – 60, 2017-2018- окуу жылында – 50 студент КНРдин каражаты менен Кытайдын 28 шаарында жайгашкан ири жогорку окуу жайларында болуп кайтышкан. 2018-2019-окуу жылында 94 студент жөнөтүлдү.

Медиа-турдун катышуучулары Ош мамлекеттик университетинин Конфуций Институтунун материалдык-техникалык базасы менен танышып чыгышып, окуу жайдын лингафондук, компьютердик жана маданий ийримдер кааналары, кытай таануу борбору, концерттик жана конференция залдары, китепкана акыркы муундагы 120 компьютер, 6 нуска көчүрүү аппараттардын 6 даана принтердин, 6 проектор, 6 сканер жана ар бир аудитория интерактивдүү (акылдуу) доскалар менен камсыз болгондугуна күбө болушту.

Жалпыга маалымдоочу каражаттардын өкүлдөрү Конфуций Институтунун кытай тили жана адабияты китепканасына, 2 лекциялык залга, ар бири заманбап видео-проекторлор менен жабдылган 14 окуу каанасына, интернетке туташкан 3 компьютердик класска, 1 башкаруучу пульт менен жабдылган лингафондук каанасы (307-ауд.), Кытай-Кыргызстан өнүгүү борборуна, инновациялык лабораторияга, кытай тилинин деңгээлин аныктоо максатында түзүлгөн HSK жана HSKK тест борборуна киришип, анын иштери менен таанышып чыгышты. Студенттердин илим-изилдөө иштеринде дүйнөлүк илимдин өнүгүү тенденцияларына ылайык маалыматтарды алуу максатында кафедра жана компьютердик класстар бүткүл дүйнөлүк Интернет түйүнүнө улангандыгына ынанышты.

Ош мамлекеттик университетинин Конфуций Институтунун деканы Токтосун Айтикеевдин айтуусунда Конфуций институтунун окутуучу-профессордук курамын Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларынан кызматташтык келишимдин негизинде келген окутуучу-волонтерлор жана ОшМУнун тажрыйбалуу окумуштуу-адистери түзөт. Институтта кытай тили жана кытай таануу кафедрасы иш алып барат. Учурда

кафедрада ОшМУ тараптан 7 окутуучу, Синьцзян педагогикалык университети тарабынан 20 окутуучу-волонтер эмгектенет. Кафедранын окутуучу-профессордук курамы 1 илимдин доктору (PhD), профессор, 2 илимдин кандидаттары, 3 ага окутуучу, 2 окутуучу жана 20 окутуучу-волонтерлордон турат.

Кафедрада 2013-2014-окуу жылында 20 окутуучу жана 2014-2015 – окуу жылында 23 окутуучу болсо, 2015-2016- окуу жылында 27 адам эмгектенип келүүдө. Институтта илим-изилдөө иштерин жана окуу процессин уюштуруу үчүн тиешелүү базалык билими, илимий даражасы бар, ар кандай коомдук уюмдарда жана долбоорлордо иштеген практикалык тажрыйбасы бар окутуучулар жетиштүү.

Институт Кытайдын Синьцзян Педагогикалык Университети (Урумчи шаары), Шэньян педагогикалык университети (Шэньян шаары), Чаньань университети (Сиань шаары), Пекин тилдер жана маданият университети (Бейжин шаары), Шанхай Чыгыш Кытай педагогикалык университети (Шанхай шаары), Ганьсу Саясий-Юридикалык университети (Ланьчжоу шаары) менен байланыш түзгөн.

Эл аралык кызматташуу багытында институттун Россиянын, СНГ өлкөлөрүнүн, КЭРдин окуу мекемелери менен илим изилдөө, студент алмашуу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана маданият тармагында кызматташуу боюнча байланыштары бар.

Өндүрүш менен байланышты өркүндөтүү максатында Институт тарабынан алгылыктуу иштер алып барылган. Кыргызстандын түштүк аймагында жайгашкан мамлекеттик структуралар жана кытай компаниялары менен үзгүлтүксүз байланыштар түзүлгөн. Алар: Ош шаардык мэриясы, КЭРдин Ош шаарындагы консульствосу, Тышкы Иштер Министрлиги, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтык администрациялары; “China Road” жол жана көпүрө куруу компаниясы, “Кайди” алтын өндүрүү компаниясы, “Кыргызжер нефтегаз” нефть өндүрүү компаниясы, “ТБЕА” электр чубалгыларын тартуучу компаниясы, “Датка” соода борбору.

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ, Ош шаары.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17