Аймак

УКРАИНА ЖОГОРКУ РАДАСЫНА АЛГАЧКЫ ЖОЛУ КАРА ТЕРИЛҮҮ ДЕПУТАТ ШАЙЛАНДЫ

 532 Бардыгы /

Украинадагы парламенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыктарына ылайык, Жогорку Радага алгачкы жолу кара терилүү депутат келди. Ал президент Владимир Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясынан талапкер болгон Жан Беленюк.

Саясатка аралашканга чейин грек-рим күрөшү менен машыккан Беленюк 2016-жылы Рио Олимпиадасында күмүш медаль тагынган. Ал шайлоодон кийин дагы спортту таштабай турганын жана 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына катышуу ниети бар экенин билдирген.

Беленюк учурда 28 жашта. Ал Киевде төрөлгөн, апасы украин, атасы Руанданын жараны. Атасы 1994-жылы бул өлкөдөгү жарандык согуш маалында каза болгон.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17