Өлкө аймактары менен кубаттуу
АТАЙЫН РОТАНЫН БЕШ АЙЫНЫН ЖЫЙНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ СЫЙЛАДЫ
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
994 Бардыгы / Ош облусуна караштуу Алай районундагы «Сары-Таш» машыгуу майданында «Сары-Таш—2019» атайын аскердик-тактикалык биргелешкен машыгуусунун жыйынтыктоочу этабы жүргүзүлдү. Бул машыгуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын планына ылайык Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн абдан активдүү катышуусунда өткөрүлдү. Айтмакчы, аталган машыгуунун жүрүшүнө […]
995 Бардыгы / Ош облусуна караштуу Алай районундагы «Сары-Таш» машыгуу майданында «Сары-Таш—2019» атайын аскердик-тактикалык биргелешкен машыгуусунун жыйынтыктоочу этабы жүргүзүлдү. Бул машыгуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын планына ылайык Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн абдан активдүү катышуусунда өткөрүлдү. Айтмакчы, аталган машыгуунун жүрүшүнө […]
КУРАЛДУУ КҮЧТӨРДҮН БАШКЫ ШТАБЫ «САРЫ-ТАШ—2019» БИРГЕЛЕШКЕН АСКЕРДИК ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУСУНУН ЭКИНЧИ ЭТАБЫН ИЙГИЛИКТҮҮ АЯКТАДЫ
23.07.2019 / Автор anarkan_kg996 Бардыгы /
Ош облусуна караштуу Алай районундагы «Сары-Таш» машыгуу майданында «Сары-Таш—2019» атайын аскердик-тактикалык биргелешкен машыгуусунун жыйынтыктоочу этабы жүргүзүлдү. Бул машыгуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын планына ылайык Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн абдан активдүү катышуусунда өткөрүлдү.
Айтмакчы, аталган машыгуунун жүрүшүнө Кыргыз Республикасынын Президенти, өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Сооронбай Жээнбеков өзү байкоо жүргүздү.
Президент адегенде аскерлердин курал-жарактары, аскер шаймандары, согуштук техникалары жана каражаттары менен кең-кесири таанышты. Андан соң «Сары-Таш—2019» аскердик тактикалык машыгуусунун алкагында өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрү жана башка аскердик түзүмдөрү ведомстволор аралык координациялоо жана өз ара аракеттенүүдөгү даярдыкты жана мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү жок кылуу боюнча атайын операцияны жүзөгө ашырышты. Мамлекеттик Чек араны коргоо, жергиликтүү тургундарды ыкчам көчүрүү, туткундарды токтоосуз бошотуу, ошондой эле согушкерлерге бөгөт коюу жана токтоосуз жок кылуу боюнча тапшырмаларды дагы абдан абийирдүү аткарышты.
Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти, өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздукту бекемдөө — биздин ички жана тышкы саясатыбыздын негизги багыты экендигин баса белгиледи: – Коопсуздукту толук кандуу камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө өзгөчө милдет жүктөлгөн. Ошондуктан, өз ара аракеттерди мындан ары токтоосуз бириктирүүбүз абзел жана Куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийликтин аракеттерин натыйжалуу жөнгө салууну толук кандуу камсыздообуз керек! Мында бардык мамлекеттик органдардын иши натыйжалуу координацияланбаса, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу дегеле мүмкүн эмес! Ушул максатта “Сары-Таш — 2019” машыгуусу чоң ынтаа менен өткөрүлүп жатат.
Мамлекет башчысы мындай машыгууларды ыраатуу түрдө өткөрүү мамлекеттин коопсуздугунун бекемделишине гана өбөлгө жаратаарын жана кошуна өлкөлөр менен тыгыз кызматташтыктын духуна шайкеш келээрин кошумчалады.
– Ар түрдүү уюмдарга жана союздарга биригүү менен көпчүлүк мамлекеттер эл аралык терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө активдүү көмөктөшүп жатышат. Бул күрөштө биздин республика башка мамлекеттер жана эл аралык коомчулук менен бир катарда турат. Кыргызстандын БУУга, ШКУга жана ЖККУга катышуусу учурдун чакырыктарынын жана коркунучтардын алдын алууда бардык мамлекеттердин жалпы дараметин ого бетер жогорулатат, — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти, өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Сооронбай Жээнбеков.
Буга улай Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын армиясынын дараметин жогорулатууга жардам берип жатышкан өнөктөш мамлекеттердин өкүлдөрүнө дагы терең ыраазычылыгын ачыктады. Анткени, бул маанилүү иш-чарага Орусиянын, Казакстандын, Индиянын аскер атташелери, орусиялык «Кант» аскерий базанын жетекчилиги жана Эл аралык Кызыл Крест комитетинин өкүлдөрү дагы катышышты.
Ошентип, Алай районунун «Сары-Таш» машыгуу майданындагы «Сары-Таш—2019» атайын аскердик-тактикалык биргелешкен машыгуусунун соңунда өлкөбүздүн Президенти, Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин кол башчысы Алмазбек Карасартовго Алайдагы «Сары-Таш» машыгуу майданынын инфратүзүмүн мындан дагы жакшыртуу максатында 300 миң сомдук тастыктамасын тапшырды.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
12.06.2025 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ МИЛИЦИЯНЫН МАЙОРУ АКЧА ТОПТОП ЖАТКАНДА КАРМАЛДЫ
-
12.06.2025 / Автор anarkan_kg АТАЙЫН РОТАНЫН БЕШ АЙЫНЫН ЖЫЙНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
12.06.2025 / Автор anarkan_kg МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ СЫЙЛАДЫ
-
-
-
05.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ЖКККББНЫН 88 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА СПОРТТУК ИШ-ЧАРАЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.