Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,699 Бардыгы / БАТКЕН. «Баткен облусунун чек ара аймагындагы кырдаал менин туруктуу жеке көзөмөлүмдө гана турат», — деп ишендирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 26-июлдагы Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары менен болгон жолугушуусунда. Мамлекет башчысы аксайлыктар менен Тажикстандын Исфара шаарына сапарлап бара жатып жолугушту. Президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарына, Куралдуу күчтөргө, бардык министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине тийиштүү тапшырмалар берилгендигин дагы эске […]
2,700 Бардыгы / БАТКЕН. «Баткен облусунун чек ара аймагындагы кырдаал менин туруктуу жеке көзөмөлүмдө гана турат», — деп ишендирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 26-июлдагы Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары менен болгон жолугушуусунда. Мамлекет башчысы аксайлыктар менен Тажикстандын Исфара шаарына сапарлап бара жатып жолугушту. Президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарына, Куралдуу күчтөргө, бардык министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине тийиштүү тапшырмалар берилгендигин дагы эске […]
ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: “БАТКЕН ОБЛУСУНУН ЧЕК АРА АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ МЕНИН ЖЕКЕ КӨЗӨМӨЛҮМДӨ ТУРАТ”
29.07.2019 / Автор aymak

2,701 Бардыгы /
БАТКЕН. «Баткен облусунун чек ара аймагындагы кырдаал менин туруктуу жеке көзөмөлүмдө гана турат», — деп ишендирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 26-июлдагы Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары менен болгон жолугушуусунда. Мамлекет башчысы аксайлыктар менен Тажикстандын Исфара шаарына сапарлап бара жатып жолугушту.
Президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарына, Куралдуу күчтөргө, бардык министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине тийиштүү тапшырмалар берилгендигин дагы эске салды: – Тажик тарап менен биргеликте көрүлгөн ыкчам чаралардын жыйынтыгында гана кырдаал азыр кыйла эле турукташты. Баткен облусунун чек ара аймагына Ички иштер органдарынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кошумча күчтөрү дагы жиберилди. Өткөндөгү Сиздер менен жолугушуудан кийин бул иш ыкчам түрдө аткарылгандыгын көрүп турасыздар. Эми чек ара аймактарын көзөмөлдөгөн патрулдук иш туруктуу негизде гана жүргүзүлөт. Чек ара толугу менен биздин көзөмөлдө болуп турат.
Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Аскер кызматчыларынын жана Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин саны чек арага жакын айылдардын аймагында бир кыйла көбөйтүлгөндүгүн дагы ачыктады: – Сиздердин коопсуздугуңуздар жана өлкөбүздүн кызыкчылыктары, албетте, мындан ары дайыма биринчи планда болот. Азыркы учурда бардык чек ара маселелерин чечүү боюнча иштерди активдүү жүргүзүп жатабыз. Мен, Өкмөт жетекчилери — Тажикстандын жетекчилери менен туруктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Кечээ эле Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр жана айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери катышкан жумушчу кеңешме өткөрдүм. Кеңешменин жыйынтыгында жакынкы убакта социалдык жана инфратүзүмдүк обьектилердин курулушун баштоо боюнча чечим кабыл алынды.
Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын август айында өрт жана куткаруу кызматтарын жайгаштыруу үчүн имараттардын курулушу аяктап, эки адистештирилген транспорт берилээрин жана эки жуманын ичинде чек арага жакын жайгашкан аймактардын жашоочулары тез жардамдын жаңы автомашинасы менен камсыз болоорун дагы катуу убадалады. Ошондой эле буга чейин талкаланган Ак-Сай айылындагы көпүрө толугу менен калыбына келтирилет жана жакын арада таза суу менен камсыз кылуу үчүн жаңы насостук бекеттин курулушу башталат. Чек арага жакын жерлерди сугат суу менен камсыз кылуу үчүн иш-чаралар кабыл алынат. Ошондой эле кээ бир айылдарда жаңы мектептерди куруу боюнча чечим дагы кабыл алынды.
-Социалдык маселелер дээрлик толук бойдон чечилет. Баарынан маанилүүсү —Сиздерди провокаторлордун чагымчыл аракеттерине алдырбоого гана чакырам! Күч органдарынын кызматкерлери менен эриш-аркак аракет кылыңыздар? Элибиз байыртадан кең пейил, меймандос. Биз коңшу өлкө менен жакшы мамилени сактоого, бекемдөөгө гана умтулушубуз кажет! Чыр-чатактын кайсыл гана түрү болбосун—зыян гана алып келет. Сабыр күтүп, токтоо бололу? Баардык маселени чечебиз, ага убакыт гана керек! Балдарыбыздын келечеги үчүн, өлкөбүздүн болочогу үчүн — тынчтыкты сактообуз зарыл! — деп баса белгилеп, Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушууга келген аксакалдар менен жергиликтүү жашоочуларга кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылып жаткандыгына терең ыраазычылыгын билдирди.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
-
24.07.2024 / Автор anarkan_kg БИШКЕК-ОШ УНАА ЖОЛУНДА ДРОН МЕНЕН ЖОЛ ЭРЕЖЕСИН БУЗГАНДАР АНЫКТАЛУУДА
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.