Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,355 Бардыгы / ЧОЛПОН-АТА. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБ Евразия Өкмөттөр аралык Кеңештин делегация башчылары менен жолугушту. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков адегенде Кыргызстанга келген Өкмөт башчылары менен жылуу маанайда учурашып, баарын биримдик жөнүндө Келишимге кол коюунун беш жылдыгы жана Евразия интеграция идеясынын 25 жылдыгы менен кызуу куттуктады: – Бул мезгилдин ичинде ЕвразЭБ […]
1,356 Бардыгы / ЧОЛПОН-АТА. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБ Евразия Өкмөттөр аралык Кеңештин делегация башчылары менен жолугушту. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков адегенде Кыргызстанга келген Өкмөт башчылары менен жылуу маанайда учурашып, баарын биримдик жөнүндө Келишимге кол коюунун беш жылдыгы жана Евразия интеграция идеясынын 25 жылдыгы менен кызуу куттуктады: – Бул мезгилдин ичинде ЕвразЭБ […]
ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ЕАЭБ ЕВРАЗИЯ ӨКМӨТТӨР АРАЛЫК КЕҢЕШТИН ДЕЛЕГАЦИЯ БАШЧЫЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
09.08.2019 / Автор aymak

1,357 Бардыгы /
ЧОЛПОН-АТА. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБ Евразия Өкмөттөр аралык Кеңештин делегация башчылары менен жолугушту.
Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков адегенде Кыргызстанга келген Өкмөт башчылары менен жылуу маанайда учурашып, баарын биримдик жөнүндө Келишимге кол коюунун беш жылдыгы жана Евразия интеграция идеясынын 25 жылдыгы менен кызуу куттуктады: – Бул мезгилдин ичинде ЕвразЭБ күчтүү жана натыйжалуу интеграциялык Бирикмеге айланды. Товарларды, кызмат көрсөтүүнүн, капиталды жана жумушчу күчтү жүгүртүүнүн эркиндигин ишке ашыруу боюнча биргелешкен чаралар көрүлүп жатат. Акырындап өз ара жана тышкы соода-сатыктын көлөмү дагы улам өсүүдө. Биримдик боюнча ИДПнын өсүшү 2018-жылы жалпысынан 2,5 пайызды түздү, — деп терең канаттануу менен белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, Биримдиктин эл аралык ишмердиги дүйнөлүк айдыңда дагы чоң кызыгуу жаратты. Соода-экономикалык мамилелер жана кызматташуунун географиялык картасы улам кеңейүүдө. Кытай жана Иран менен макулдашууларга кол коюлду. Вьетнам менен эркин соода аймагы иштеп жатат. Израиль, Сингапур, Сербия, Индия жана Египет менен активдүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Бир катар ири аймактык бирикмелер менен кызматташуу жөнүндө меморандумдарга дагы кол коюлду.
– Кантсе дагы, өз ара соода-сатыктын процедураларын жөнөкөйлөштүрүп жаткан өлкөлөрдүн тизмесин жагы кеңейтүүнү улантуу абдан маанилүү. Ошондой эле аракеттерибизди инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга дагы багытташыбыз керек! Мисалы, Кыргызстан үчүн темир жол транспорту абдан эле кызыктуу жана пайдалуу. Бул өңүттө биргелешкен долбоорлор баарыбызга жакшы экономикалык дивиденддерди гана алып келип, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн биздин интеграциялык бирикмебизге болгон кызыгуусун ого бетер арттырат, — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, ЕвразЭБ тарыхый өнүгүүнүн абдан маанилүү баскычында турат. Аракеттин баарын интеграциялык байланыштарды мындан ары бекемдөө, тоскоолдуктарды биротоло жоюу, бизнес жана экономикаларды теңдештирүүгө багытталган финансылык институттарга жагымдуу шарттарды түзүүгө багыттоо абдан маанилүү. Сооронбай Жээнбеков «Өнөр жай кооперациясынын Евразия түйүнү» долбоору биримдиктин ичинде чыгарылган сырье жана продукцияны колдонууга алып келээрин баса белгиледи. бирикменин товарларын маркирлөө жөнүндөгү макулдашууну ишке ашыруу контрабанда жана «көмүскө» импорт менен болгон күрөшүүнүн натыйжалуулугун айгинеледи. Бул ишти мындан ары дагы улантуу керек жана бирикмедеги мамлекеттердин мүмкүнчүлүктөрүн жана ошондой эле кичи жана орто бизнестин даярдыгын эске алуу абзел! Бирикменин ички рыногунун иштөөсү, тагыраак айтканда, товарлардын эркин жүгүртүлүшү бүгүн өтө эле маанилүү. Ошондой эле ал бирикменин ички рыногундагы тоскоолдуктарды натыйжалуу жоюуда комиссияга тийиштүү укуктарды берүү зарылдыгына көңүл бурду жана мындай демилге кеңештин жыйындарында бир канча жолу көтөрүлгөндүгүн, маанилүү маселелердин бири кирип жаткан бажы салыктарынын суммаларын бөлүштүрүү нормативдери экендигин баса белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков жыйындын күн тартиби актуалдуу экендигин дагы унуткан жок. Бүгүн кабыл алынуучу чечимдер ЕвразЭБ максаттарын практика жүзүндө жүзөгө ашырууга кошумча дем берет.
Өкмөт башчыларынын атынан сөз сүйлөгөн Орусиянын Премьер-министри Дмитрий Медведев Кеңешти Ысык-Көлдүн жээгинде уюштуруу жана өткөрүү үчүн чакырууга терең ыраазычылыгын билдирди: – Сиз ЕАЭБдин беш жылдыгын эске салдыңыз. Чынында эле биз бул мезгилде белгилүү бир ийгиликтерге жетиштик. Административдик тоскоолдуктар төмөндөп, бизнес жүргүзүү, элдердин баарлашуусунда тоскоолдуктар бара-бара жокко чыгып жатат. биримдиктин мамлекеттери бир бүтүн катары дүйнөлүк атаандаштык талаасында чыгып жатышат. Эң башкысы: биздин биримдиктин курамына кирген адамдар, компаниялар, ишканалар, коомдук уюмдардын ортосундагы байланыштар ишенимдүү.
Орусиянын Өкмөт башчысы Дмитрий Медведев бүгүнкү жыйында биримдиктин ишмердигинин актуалдуу маселелери, улуттуктан жогору жөнгө салууну уюуштуруу маселелери талкууланарын кошумчалап, бардык маселелер оң жагына гана чечилээрине бекем үмүттөнгөндүгүн билдирди. Ал эми Кыргыз Президенти Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ Евразия Өкмөттөр аралык Кеңештин катышуучуларына Биримдиктин өнүгүүсү жана бекемдөөсү үчүн жемиштүү иштөөсүн жана Ысык-Көлдө жагымдуу убакыт өткөрүүнү гана каалады.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
-
10.10.2025 / Автор anarkan_kg РАЙОНДО ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫ КАТЫШКАН 3 КҮНДҮК МАШЫГУУ ӨТҮҮДӨ
-
04.11.2025 / Автор anarkan_kg КЫТАЙЛЫК ИНВЕСТОР МЕНЕН ЗАВОД КУРУУ ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.