Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,193 Бардыгы / ОШ. Бул жолдор согуштан башы арылбаган Сирия, Ирак, же Ооганстанда эмес, мобул эле Кыргызстандын Ош шаарында жайланышкан. Катарынан казылып, басымдуулугу кадимки траншейге (аңга) айланган бир нече чакырымды жергиликтүү тургундар жана калаа коноктору жөө-жалаңдап басып гана өтүшөт. Же эпчилдери велосипед минип, ар көчөнү кыдырып, акырында машине жолго араң кошулушат. Арзыкан КАНЫБЕКОВА, Баткен шаарынын тургуну: – […]
1,194 Бардыгы / ОШ. Бул жолдор согуштан башы арылбаган Сирия, Ирак, же Ооганстанда эмес, мобул эле Кыргызстандын Ош шаарында жайланышкан. Катарынан казылып, басымдуулугу кадимки траншейге (аңга) айланган бир нече чакырымды жергиликтүү тургундар жана калаа коноктору жөө-жалаңдап басып гана өтүшөт. Же эпчилдери велосипед минип, ар көчөнү кыдырып, акырында машине жолго араң кошулушат. Арзыкан КАНЫБЕКОВА, Баткен шаарынын тургуну: – […]
КАТАРЫНАН КАЗЫЛГАН ЖОЛДОР. ТАЗА АБА ОРДУНА ЧАҢ ЖУТУШКАН ОШТУКТАР…
16.08.2019 / Автор anarkan_kg1,195 Бардыгы /
ОШ. Бул жолдор согуштан башы арылбаган Сирия, Ирак, же Ооганстанда эмес, мобул эле Кыргызстандын Ош шаарында жайланышкан. Катарынан казылып, басымдуулугу кадимки траншейге (аңга) айланган бир нече чакырымды жергиликтүү тургундар жана калаа коноктору жөө-жалаңдап басып гана өтүшөт. Же эпчилдери велосипед минип, ар көчөнү кыдырып, акырында машине жолго араң кошулушат.
Арзыкан КАНЫБЕКОВА, Баткен шаарынын тургуну: – Ош шаарынын Аскар Шакиров атындагы көчөсүндө жашап жатышкан туугандарыма конокко келген элем. Алардын үйлөрүнө жеткиче оор жүгүм менен жөө басып, тим эле суй жыгылдым. Угушума караганда, мындай көрүнүш дагы үч-төрт айга улантылат экен. Жергиликтүү бийликтер адегенде атаандаш жол салып, анан гана бул жерди бара-бара оңдошсо болмок…
Хамракул ДАДАЕВ, Ош шаарынын тургуну: – Жаштарыбыз го эптеп чыдап жатышат. А биз өңдөнгөн кары-картаңдарга абдан эле убал болду. Чыдатпаган аптапта көчөдө узакка жөө басып көрүңүзчү? Чоңдорубуздун баары тегиз ЖИП минип жүрүшөт. Алар деле биз азыр тартып жаткан азаптын чекесин дагы көрүшө элек. Кыргызстандын Түштүк баш калаасындагы бул башаламандыкты Президентибиз Сооронбай Жээнбеков таптакыр билбейт өңдөнөт. Болбосо, катарынан казылган жолдор аркылуу аткаминерлерди өзү тегиз бастырып, анан аларга таза абанын ордуна чаң жуткузат эле… Ошондо гана булар курулушту кашаңдатпастан эртелетип, анан сапаттуу дагы бүткөргөнгө аргасыздан ыкташмак.
Нематилла АБДУЛЛАЕВ, Ош шаарынын тургуну, окуучу: – Көргүлүктү окуу башталганда көрөбүз, эй! Анткени, мобул чаң жолдо ак көйнөктөрүбүз бат-бат карарып, кийим-кечелерибиз тез эле кирдейт. Биздин чоңдорубуз ушуну ойлошмок беле? Анткени, алардын балдары бакчаларга, мектептерге жана жогорку окуу жайларына жалаң гана машинелер менен ташылат. Дагы эле турмуш-шарты оорлор – бей-бечаралар ого бетер кыйналчудайбыз…
Мындай пикирди коомдук ишмер Махмуд ЮСУПОВ дагы кубаттады.
– Биринчиден, адегенде жаңы жол курулуп бүткүчө, жергиликтүү тургандарга кошумча трасса сунуш этилсе жакшы болмок. Бул жалгыз эле Аскар Шакитров атындагы көчөнүн жашоочуларынын эле эмес бүтүндөй Ош шаарынын тургундарынын дагы жалпы көйгөйү! – деп агынан жарылды коомдук ишмер Махмуд ЮСУПОВ. – Экинчиден, адатынча бул жолду кургандар дагы эле курулуштан сөзсүз үнөмдөшүп, эбин таап, анан акча дагы жешет. Мындайга таптакыр жол бербөө максатында Ош шаарындагы Жол курулуш башкармалдыгынын алдында Коомдук Кеңеш уюшулуп, курамына коомчулуктун – Элдин өкүлдөрү дагы киргизилиши кажет! Ансыз күмөн саноолор дегеле тыйылбайт.
Бирок, Ош шаардык Жол башкармалыгынын жетекчиси Арзыбек ЖУНУСОВ алардын дарегине айтылган ачуу сын-пикирлерди четке какты.
– Ош шаарына караштуу Аскар Шакиров атындагы көчөсүнөн Апсамат Масалиев атындагы кең көчөгө дейре курулуп жаткан автожолдун узундугу – 2,4 чакырым. Кеңдиги эки метр, – дейт Ош шаардык жол башкармалыгынын жетекчиси Арзыбек ЖУНУСОВ. – Дал ушул 2,4 чакырымга таза суу түтүктөрүн дагы кошо жайланыштырып жатабыз. Мындан тышкары жолду бойлото 11 аялдама, төрт машина токтоочу жай курулат. Курулуштун бүт наркы 120 миллион сом эле. Тендерде «ТАКСиКо» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алды. Ал бүт жумушту 69,2 миллион сомго бүткөрмөкчү. Бул саатта Ош шаарынын бюджетинен 48 миллион сом каралып атат. «ТАКСиКо» ЖЧКсы тендерден утушуна эч ким деле кийлигишкен жок. Болгону ал жумушту сапаттуу жана кыска мөөнөттө аяктоону гана катуу убадалады. Айрым
жердештерибиздин Ош шаарындагы жолдордун курулушунун сапатынан катуу шектенгендиги таптакыр жөнсүз. “Мындан акча жасап жатышат” дегени дагы дегеле акылга сыйбайт. Анткени, биздин ар бир кадамыбызды жана тыйыныбызды укук коргоо органдары, Экологиялык тана Техникалык коопсуздук инспекциясы, ошондой эле жарандык коом тынбай акмалап, а түгүл тыкыр көзөмөлдөп дагы турушат.
Не демекчибиз. Ош шаарынын Аскар Шакиров атындагы көчөсүндөгү автожол дагы үч айдан кийин гана пайдаланууга толук кандуу тапшырылат. Анын сапатына ошондо гана эл өзү баасын берээр. Ага дейре күтө туралычы???
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
17.07.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
25.01.2024 / Автор anarkan_kg ДЕПУТАТ ЭМИЛ ЖАМГЫРЧИЕВ 26-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИН КАМАЛДЫ
-
31.01.2024 / Автор anarkan_kg АРАВАН ЖЕРГЕСИНДЕ ДАГЫ ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛАТ
-
07.02.2024 / Автор anarkan_kg КОРООСУНДА САМЫН ЧЫГАРГАН ИШКЕР
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.