Аймак

АВАЗБЕК АСАНОВ: “БИЛИМ БЕРҮҮДӨ АТААНДАШТЫКТЫ ЖАРАТМАЙЫНЧА, МУГАЛИМДЕРДИН САПАТЫ ЖАКШЫРБАЙТ!”

АВАЗБЕК АСАНОВ: “БИЛИМ БЕРҮҮДӨ АТААНДАШТЫКТЫ ЖАРАТМАЙЫНЧА, МУГАЛИМДЕРДИН САПАТЫ ЖАКШЫРБАЙТ!”

 1,677 Бардыгы /

Авазбек АСАНОВ Ош шаардык билим берүү башкармалыгын жетектейт. Дээринен демократ. Билим берүү тармагында туруктуу атааандыштыкты жаратууну демилгелегендердин бири. Өзү дагы ушул тапта дал ушундай системаны түзүүнүн үстүндө үзгүлтүксүз мээнеттенип келе жатат.

– Авазбек агай, жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТнын) жыйынтыгында жогорку чекти багындырыпсыздар. Мунун сыры эмнеде?

– Ооба. ЖРТнын жыйынтыгы республикабыз боюнча 121 упайды көрсөтсө, Ош шаары андан ашып 123,8 упайды багындырды. Демек, Бишкек шаарынан кийинки эле орунду ээледик. Былтыркыга караганда 2,8 упай көбүрөөк топтодук.

ЖРТнын жыйынтыгына таянсак, билим сапаты Ош шаарында өтө жогорулагандыгын гана айгинеледи. Маселен, “Курманжан датка-Ош” лицейинин эки, “Сема” лицейинин бир, Ага Хан жеке мектебинин бир окуучусу Алтын сертификатка татышты. Албетте, мында мугалимдерибиздин аракети дагы абдан күч, мээнети өтө чоң экендигин айтып коюуга тийишмин!

– Мугалимдердин диагностикалык аттестациясын (МДАны) өткөрүшүңүздөр деги оң натыйжасын берчүдөйбү?

– Ананчы! Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-усулдук каанасы Кыргызстандын түштүк башкалаасында быйыл дагы мугалимдердин диагностикалык аттестациясын (МДАны) өткөрүп, иш-чарага жалпысынан миңден ашуун агартуу кызматкерлери тартылды. Дараметти сыноонун бул заманбап түрү Ош шаарында үчүнчү ирет өткөрүлүп, бул ирет он эки предмет боюнча кызуу таймаш жүрдү. Сынак баракчасында кырк чакты суроо камтылып, ар бир пердметке бир сааттан убакыт ыроолонду. Жыйынтыгында ким канча баа алгандыгы сыр бойдонгана сакталды. Бирок, сынакка катышкандар өз баллын атайын код менен билгенге жарашты. Мыкты көрсөткүчтү багындыргандар Ардак Грамоталар менен сыйланышып, ошондой эле баалуу белек-бескектерге дагы татышты.

– Байкашыбызча, соңку мезгилде түрдүү кароо-сынактарды үстөккө-босток уюштуруп келатасыздар. Деги мунун үзүрү барбы, ыя?

– Албетте! Билим берүүдө атаандаштыкты жаратмайынча, мугалимдердин сапаты дегеле жакшырбайт! Биз байма-бай өткөрүп келе жаткан кароо-сынактардын негизги эле максаты – атаандаштык аркылуу агартуучулардын чыгармачылык менен иштөөсүнө туруктуу демөөр гана байлатуу, предметтик мугалимдердин ортосундагы байланыштарды ого бетер күчөтүү, алдыңкы тажрыйбаларды мектептерде кеңири жайылтуу.

– Авазбек агай, республикабызда биринчи ирет окуучулардын шаардык Олимпиадасын Электрондук тартипте гана өткөрүп келатасыздар. Быйыл деле ушул салтты дагы улантасыздарбы?

– Ооба. Мындай ыкмага бекем ыктаганыбызга мына беш жылга айланды. Бардык иш-аракеттер он-лайн түрүндө ачык бойдон чагылдырылып турат. Демек, мында жемкорлукка, тааныш-билишчиликке жана жең ичинен жардамдашууга биротоло бөгөт коюлду. Мындан тышкары мектептер аралык билим сапатын аныктаганга дагы мыкты шарттар түзүлдү. Мындай жөрөлгө жаратман окуучуларды сыйлап, жаңы ийгиликтерди багындырганга өбөлгө гана жаратып олтурат.

Акырында мыкты жетишкендиктерди жаратышкан алдыңкы мектептердин директорлорунун иш-аркеттери оң баага гана татыды. Ал эми запманбап иштөөгө моюн сунбаган, агартуу тармагын артка тартышкан он мектеп жетекчисине катуу чаралар көрүлдү.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

Ош шаарында ушул тапта 78 мектеп бар. Мунун жыйырмасына мектеп-гимназия макамы ыйгарылган. Эки мектепте гимназиялык класттар ачылган. Эки Кыргыз-Түрк лицейи, эки жеке менчик лицей, мындан тышкары он тогуз менчик мектеп жаш муундарды заманбап окутуп-тарбиялап келе жатышат.

 

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17