Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,062 Бардыгы / Өзгөн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө мурдагыдай узун кезек таптакыр жок. Өтө зарыкканда алыскы айыл-кыштактардан бери агылып келишкендер жарандарды тейлөөнүн ыкчамдыгына жана сапатына абдан эле ыраазы. Матлюба МАМАЖАНОВА, Өзгөн райондук Аялдар Кеңешинин төрайымы, Баатыр Эне: – Башыбыздан далай өтпөдүбү, эй! Жашырып не. Паспорт үстөлү Ички иштер министрлигине карап турганда, жемкорлук балакети аябай […]
2,063 Бардыгы / Өзгөн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө мурдагыдай узун кезек таптакыр жок. Өтө зарыкканда алыскы айыл-кыштактардан бери агылып келишкендер жарандарды тейлөөнүн ыкчамдыгына жана сапатына абдан эле ыраазы. Матлюба МАМАЖАНОВА, Өзгөн райондук Аялдар Кеңешинин төрайымы, Баатыр Эне: – Башыбыздан далай өтпөдүбү, эй! Жашырып не. Паспорт үстөлү Ички иштер министрлигине карап турганда, жемкорлук балакети аябай […]
ПАСПОРТ АЛУУ ТҮЙШҮГҮ ЖЕҢИЛДЕДИ
01.10.2019 / Автор aymak

2,064 Бардыгы /
Өзгөн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө мурдагыдай узун кезек таптакыр жок. Өтө зарыкканда алыскы айыл-кыштактардан бери агылып келишкендер жарандарды тейлөөнүн ыкчамдыгына жана сапатына абдан эле ыраазы.
Матлюба МАМАЖАНОВА, Өзгөн райондук Аялдар Кеңешинин төрайымы, Баатыр Эне:
– Башыбыздан далай өтпөдүбү, эй! Жашырып не. Паспорт үстөлү Ички иштер министрлигине карап турганда, жемкорлук балакети аябай өөрчүгөн. Милицияга сураганын сөзсүз бербесең, ишиң эзели бүтпөйт эле. Азырчы? Баары мынтип ачык-айкын. Канча күнгө канча сом төлөйсүң, мобул эле тактайчада баары тең бадырайта жазылган. Ошондуктан, Өзгөн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө иштегендер андан ашыкча акча сурай дагы алышпайт. Анткени, буларда ар тараптуу көзөмөл күч!
Төлөгөн ЖОЛДОШЕВ, 7-Апрель Ыңкылабынын Баатыры, эмгек ардагери:
– Мурун паспорт үстөлүндөгүлөр сураганын берсең деле, ишти сүйрөп жүрүшүп жалдыратып жатып араң бүтүрүшчү. Баамымда, азыр мындай жемкорлук дээрлик тыйылыптыр. Албетте, ушундай заманбап шарттын жаралышына – Өзгөн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Урматбек Асанбековдун мээнети абдан чоң! Анткени, бул жигит мен билгенден Ош облусундагы эң чоң Кара-Суу райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө дагы абдан эле таза иштептир. Артынан дегеле жаман сөз ээрчиткен жок! Анан дагы кол алдына жалаң гана иштин көзүн билген, жүрөгү жана абийири таптаза кызматкерлерди топтоптур. Команда деп ушуну айт! Баары тең адегенде аны уят кылышпастан, анан эч камчы салдырбастан тегиз иштеп жатышат.
-Туруктуу кардарларыбызды – жарандарды жогорку даражада тейлеп жатканыбызга бүгүнкү паспорттоштуруу түйүнүнүн бүтүндөй автоматташтырылгандыгы дагы сонун ыңгай жаратты, – деп кепке аралашты Өзгөн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Сагынбек ЭРМЕКБАЕВ.
– Ошентип, кыска аралыкта заман талабына жараша тейлөөнүн электрондук форматына жабыла көчтүк. Дал ушунун аркасында эзели түгөнбөгөн көйгөйүбүз – жемкорлук түп тамырынан дээрлик тыйылды. Анан, кудайга шүгүр, өзүбүз деле мекендештерибизден илгеркидей тил дагы жана каргыш дагы укпай калдык.
Өзгөн шаарына күүгүм кирди. Иңирде деле Өзгөн райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн дээрлик бардык бөлмөлөрүндө дагыле жарык күйүп турат. Бул мекемеде эмгектенишкендер бүгүн бүтпөй калган жумушун эртеңкиге жылдырышпастан, ушинтип жумуштан соң деле кадимкидей иштеп олтурушат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
16.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ОШКО ӨЗБЕКСТАНДАН ЖАЛПЫ 200 ТОННАЛЫК ГУМЖАРДАМ КЕЛДИ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.