Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
948 Бардыгы / Жаңы саясий сезондун башталышы менен партиялар 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого даярдана башташты. Жогорку Кеңеште мандат саны боюнча экинчи орунда турган «Республика – Ата Журт» фракциясы шайлоого азыркы курамында катышпайт. «Азаттык» маалымдагандай, «Ата Журт» Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги алдында шайлоого өз бетинче барууга ниеттенүүдө. «Республика» азыр бир чечимге келе элек, жарышка Өмүрбек Бабановдун катышар-катышпасы […]
949 Бардыгы / Жаңы саясий сезондун башталышы менен партиялар 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого даярдана башташты. Жогорку Кеңеште мандат саны боюнча экинчи орунда турган «Республика – Ата Журт» фракциясы шайлоого азыркы курамында катышпайт. «Азаттык» маалымдагандай, «Ата Журт» Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги алдында шайлоого өз бетинче барууга ниеттенүүдө. «Республика» азыр бир чечимге келе элек, жарышка Өмүрбек Бабановдун катышар-катышпасы […]
ӨЛКӨДӨ АЙРЫМ ПАРТИЯЛАР ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО ДАЯРДЫК КӨРӨ БАШТАШТЫ
09.10.2019 / Автор aymak

950 Бардыгы /
Жаңы саясий сезондун башталышы менен партиялар 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого даярдана башташты. Жогорку Кеңеште мандат саны боюнча экинчи орунда турган «Республика – Ата Журт» фракциясы шайлоого азыркы курамында катышпайт.
«Азаттык» маалымдагандай, «Ата Журт» Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги алдында шайлоого өз бетинче барууга ниеттенүүдө. «Республика» азыр бир чечимге келе элек, жарышка Өмүрбек Бабановдун катышар-катышпасы да белгисиз.
2014-жылдагы парламенттик шайлоо алдында «Республика» менен «Ата Журт» партиялары биригип, Жогорку Кеңеште депутаттардын мандаты боюнча экинчи орунга ээ болгон. Бирок 2020-жылы алар шайлоого өз-өзүнчө барууну чечишти.
«Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин айтымында, ал бул кызматташуудан натыйжа көргөн эмес.
– Биз, албетте, шайлоого камданып жатабыз. Азыр даярдык жүрүп жатат. Шайлоодо жеңишке жетебиз деген үмүт бар. «Ата Журт» «Республика» менен бирикпейт жана 2010-жылдагы ийгиликти кайталайбыз деп ишенем. Өмүрбек Бабанов менен көптөн бери сүйлөшө элекмин, көрүшкөн да жокмун. Ал шайлоого барабы-жокпу, билбейм, – деди Ташиев.
Ошол эле маалда эл өкүлдөрү «Республика» шайлоого катышар-катыпшасын да так айта алышпайт.
– Түшүнүксүз абал, «Республика» партиясын ким жетектей турганы белгисиз. Лидер алмашса, партиянын курамы толугу менен өзгөрүшү мүмкүн, эгер жаңы лидер саясатчыларды канааттандырбаса, алар басып кетишет. Негизинен жаңы жылга чейин баары аныкталышы керек жана ким кайсы партия менен шайлоого барарын айтса болот, – деди аталган партиядан депутат Марлен Маматалиев.
«Республиканын» лидери Өмүрбек Бабанов менен «Ата-Журттун» лидери Камчыбек Ташиев «Республика – Ата-Журт» деген аталыш менен 2014-жылы парламенттик шайлоо алдында Юстиция министрлигинде өзүнчө партия каттатып, ал ушундай эле аталыштагы фракция болуп парламентке келген. Анда Бабанов менен Ташиев партиянын тең төрагалары болгон. Бирок кийин жергиликтүү шайлоолор алдында тандем күчүн жоготкону жарыяланган. Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата-Журт» деген аталыш менен иштеп жаткан фракцияда 28 депутат бар.
Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) жана Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) өзүнө байланыштуу баш-аягы сегиз иш иликтенип жатканын айткан.
Буга чейин «Кыргызстан» партиясы да 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышууга даяр экенин маалымдаган.
www.
Автор aymak
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
-
02.02.2026 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО ОКУУЧУЛАР МУЗ ҮСТҮНДӨ КҮЧ СЫНАШТЫ
-
13.02.2026 / Автор anarkan_kg Президент С.Жапаров: МЫЙЗАМ ЖАНА ЭЛДИН ТЫНЧТЫГЫ БААРЫНАН ЖОГОРУ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.