Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
835 Бардыгы / Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбаев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Сириядагы атайын лагерлер менен түрмөлөрдө беш жүздөй кыргызстандык кармалып турганын маалымдады. Анын айтымында, учурда ал жактагы аялдар менен балдарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат. — Сирияда жүргөн жарандар анын ичинде аялдар, балдар боюнча идентификациялоо иштери […]
836 Бардыгы / Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбаев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Сириядагы атайын лагерлер менен түрмөлөрдө беш жүздөй кыргызстандык кармалып турганын маалымдады. Анын айтымында, учурда ал жактагы аялдар менен балдарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат. — Сирияда жүргөн жарандар анын ичинде аялдар, балдар боюнча идентификациялоо иштери […]
УКМК: СИРИЯДАГЫ ЛАГЕРЛЕРДЕ 500ДӨЙ КЫРГЫЗСТАНДЫК КАРМАЛЫП ТУРАТ
17.10.2019 / Автор aymak

837 Бардыгы /
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбаев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Сириядагы атайын лагерлер менен түрмөлөрдө беш жүздөй кыргызстандык кармалып турганын маалымдады.
Анын айтымында, учурда ал жактагы аялдар менен балдарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат.
— Сирияда жүргөн жарандар анын ичинде аялдар, балдар боюнча идентификациялоо иштери жүрүп жатат. Беш жүздөн ашык кыргызстандык качкындар лагеринде, түрмөлөрдө жатат. Аларды алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат, — деди Тургунбаев.
Буга чейин Сириядагы качкындар лагеринде кармалып жаткан кыргыз жарандары менен жолугуп, дайынын билиш үчүн эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык корпусу аркылуу жүрүп жатканы айтылган. Сирия менен Ирактагы кыргызстандыктарды кайтарып келиш үчүн өкмөттө вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган жумуш тобу түзүлгөн. Разаков Иракта согуш тутанган аймактардагы лагерлерде кыргызстандык 78 бала бар экени такталганын, алардын апалары түрмөдө отурганын айткан.
2013-2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы жоочуларга 800дөй кыргызстандык барып кошулганын, 200гө чамалуусу каза болгонун күч органдары расмий кабарлаган. Кеткендердин 150гө жакыны аялдар.
«Азаттык» Түркиянын аскердик операциясы жүрүп жаткан аймактагы лагерлерде кармалган кыргызстандыктардын тагдыры боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен маалымат алууга аракеттенип жатат.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун өзбек кызматы Сириянын түндүгүндөгү лагерлерде кармалган аялдар менен байланышканда алар эки лагерде өзбекстандык 80дей кыз-келин, 200дөн көп бала бар экенин билдирген. Дагы бир лагерде канча өзбекстандык кармалганы белгисиз.
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети болсо Жакынкы Чыгышта согуш башталгандан бери ал жакка өлкөдөн 800 чамалуу адам кеткенин кабарлаган. «Жусан» операциясынын негизинде ал жактан 516 казакстандык кайтарылган, көпчүлүгү балдар болгон.
www.
Автор aymak
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫТАЙ МЕНЕН ЧЕКТЕШКЕН ЧЕК АРАДА ӨТКӨРҮҮ БЕКЕТТЕРИ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛАТ
-
12.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна БАЗАР-КОРГОН ШААРЫНЫН МЭРИ БАЛА БАКЧАЛАРДЫ ТЕКШЕРДИ
-
28.05.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ ЧЕК АРАНЫ КОРГООДО КУРМАН БОЛГОН ЖООКЕРЛЕРДИН ЭСТЕЛИГИН АЧТЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.